1 Ал эми сен, Тит, туура окутууга төп келген нерселерди гана айтып жүр.
2 Улуураак эркектер кыраакы, кадыр-барктуу, салабаттуу, ишеними бек, башкаларга мээримдүү, кыйынчылыктарга көтөрүмдүү болушсун.
3 Ошондой эле улуураак аялдар да өздөрүн Кудайга арнаганын унутпай, жүргөн-турганы ошого ылайык болууга тийиш. Эч кимге жалаа жаппай, ичкиликке берилбей, андан көрө, башкаларга жакшы акыл-насааттарын айтып,
4 жаш келиндерди күйөөлөрү менен балдарын сүйүүгө,
5 жана эч ким Кудай Сөзүнө тил тийгизбеш үчүн, өздөрүн токтоо жана таза сактап, үй-жайын жакшы карап, мээримдүү болуп, күйөөлөрүнө баш ийүүгө үйрөтүшсүн.
6 Ошондой эле жаш жигиттерге өздөрүн кармай билишсин деп насаатта.
7 Аларга ар иштеги адептүү жүрүм-турумуң менен өрнөк бол. Таалим бергениңде ак ниет жана олуттуу болуп, элдин урмат-сыйына таты.
8 Сүйлөгөн сөздөрүң айыпталбагыдай, дайыма жөндүү болсун. Ошондо каршылаштарың биз тууралуу жаман сөз айта албай, өздөрү эле уятка калышат.
9 Кулдарды өз кожоюндарына моюн сунуп, аларга жаккандай иш кылууга чакыр. Ээсине каршы сөз сүйлөбөй жана
10 уурулук кылбай, анын ордуна толук ишенимдүүлүгүн көрсөтүшсүн. Ошондо алардын жүрүм-турумун көргөндөрдүн баары Куткаруучу Кудайыбыз тууралуу таалимди зор урмат-сый менен кабыл алышат.
11 Кудай Өз ырайымын төгүп, аны менен бүтүндөй адамзатты куткаргысы келгенин ачык-айкын билдирди.
12 Ал бизди Өзүнө жакпаган эски жашообуз менен бул дүйнөнүн кумарларынан баш тартып, азыркы заманда өзүбүздү тизгиндеп, адил жана Кудайга жагарлык өмүр сүрүүгө жолдоп турат.
13 Биз илгери үмүт менен улуу Кудайыбыз жана Куткаруучубуз Ыйса Машаяк зор салтанат менен көрүнүп келе турган даңазалуу күндү күтүп жатабыз.
14 Бизди ар кыянаттыктан бошотуп, ыпластыктан тазартып, Өзүнүн өзгөчө, жакшылык кылууга ынта койгон эли кылып алыш үчүн Машаяк бизге арнап Өз жанын курмандыкка берген.
15 Элге мына ушуларды айтып, колуңдагы бийликти колдонуп, насааттап да, ашкерелеп да тур. Алардын эч кимиси сага бой көтөрүп карабасын.