1 Өз адамдарыңа алар бардык башчылар менен колунда бийлиги барларга баш ийип, айткандарына моюн сунуп, бардык жакшылыкка даяр болушу керектигин эскерт.
2 Эч кимди каралабай, урушуп-керишпей, андан көрө, бардыгына ачык маанай менен мамиле кылышып, кичи пейил болушсун.
3 Анткени бир кезде биз да акылсыз, тоң моюн болуп, алданып-адашып, ар кыл кумарлар менен жыргалчылыктын кулу элек. Караниеттик жана көрө албастык менен күн өткөрүп, башкалардын итиркейин келтирип, бири бирибизди жек көрчүбүз.
4 Бирок Куткаруучубуз Кудай Өз кайрымы менен мээримин көрсөтүп,
5 бизди куткарып алды, болгондо да кылган жакшылыктарыбыздан улам эмес, тек гана Өзүнүн ырайымы менен. Ал бизди Ыйык Рух аркылуу аруулап, кайрадан жаратып, жаңылап алды.
6 Кудай Ыйык Рухун үстүбүзгө Куткаруучубуз Ыйса Машаяк аркылуу молунан төктү.
7 Ошентип Ал бизди Өз ырайымы менен актап, убада кылган түбөлүк өмүр энчисин алабыз деген илгери үмүт берди.
8 Бул сөз — айныгыс чындык. Андыктан мен дагы, Тит, Кудайды медер туткандар жакшы иштерди кылууга ынтасын койсун үчүн элдин көңүлүн айрыкча ушул нерселерге бурууңду каалар элем. Алар адам баласы үчүн жакшы да, пайдалуу да.
9 Ал эми ыгы жок тирешүүлөрдөн жана санжыра териштирүүлөрдөн, Тоорат мыйзамынын тегерегиндеги талаш-тартыш менен жаңжалдан оолак бол. Алардын маңызы да, эч пайда-батасы да жок.
10 Элди бөлүп-жаргандардын баарына бир-эки жолу эскертүү бергин да, укпаса, андан ары эч катышпа.
11 Өзүң билесиң, мындайлар бузулган адамдар: муну кылган күнөөлөрү эле ашкерелеп турат.
12 Мен сага Артем менен Тихикти жибергенимде, Никопол шаарына келип, мени менен көрүшүп кетүүгө аракет кылсаң. Мен ошол жерде кыштоону чечтим.
13 Мыйзамчы Зен менен Аполго колуңдан келген жардамыңды берип, өзүң жөнөтүш. Алар эч нерседен кем-карч болбосун, ошого кам көрүп кой.
14 Криттеги боордошторубуз да муктаждыгы барларга кам көрүп, үзүрлүү жашоого көнүгүш үчүн жакшылык кылууга аралашышы керек.
15 Жанымдагылардын баары сага салам жолдоп жатышат. Сен дагы ал жактагы бизди сүйгөн ишенимдештерибизге салам айтып кой. Кудайыбыз баарыңа ырайым кылсын!