Петирдин биринчи каты 1 Бөлүм
1-2 Ыйса Машаяктын элчиси Петирден Понт, Галатия, Кападокия, Асия менен Битинияга чейин тараган качкындарга — Кудайдын тандап алган элине дубай салам! Ыйса Машаякка баш ийип, Анын каны менен тазалануу үчүн силерди алдын ала тандап алып, Ыйык Руху аркылуу ыйык эл кылган Кудай ырайымын төгүп, дайыма тынччылыгын берсин!
3 Эгебиз Ыйса Машаяктын Атасы — Кудай макталсын! Ал чоң ырайым кылып, Ыйса Машаякты өлүмдөн тирилтүү менен бизге жаңы өмүр берди, ошол аркылуу биз өчпөс үмүткө ээ болдук.
4 Ошондуктан Кудайдын Өз элине сактаган баалуу мурасына ээ болобуз. Эч качан чирип бузулбас, эскирбес ал мурастар силер үчүн асманда даяр турат.
5 Кудай Өзүнө ишенген силерди кудуреттүү күчү менен коргоп, заман акырында ушул күнөөкөр дүйнөдөн куткарат, ошол убак келгенде, бул айкын көрүнөт.
6 Андыктан азыр бир аз убакыт ар кандай кыйынчылыкка туш келсеңер да ушуларды ойлоп кубангыла.
7 Кыйынчылык тартканыңардын максаты — чын ишенгениңерди далилдөө. Жок боло турган алтын да от менен сыналат, ошол сыяктуу андан да аябай кымбат ишенимиңер сыналууга тийиш. Анан Ыйса Машаяк келген күнү мактоого, даңктоого жана урмат менен сыйга ээ болосуңар.
8 Силер али көрбөсөңөр дагы Аны сүйөсүңөр. Азыр көрбөй турсаңар дагы ишенесиңер жана сөз жеткис улуу кубанычка баттыңар,
9 себеби ишенимиңер аркылуу жаныңардын куткарылуусуна жеттиңер.
10 Кудайдын силерге кыла турган ырайымы тууралуу пайгамбарлар алдын ала айтышкан, алардын аябай кылдат изилдөөлөрү ушул куткарылуу жөнүндө болгон.
11 Ошол пайгамбарларды даарыган Машаяктын Руху Анын маңдайына жазылган азаптар менен андан кийин келе турган атак-даңк тууралуу алдын ала айтканда, алар Машаяк ким болуп, качан келерин жана бул окуялар кандай болорун билүүгө аябай аракет кылышкан.
12 Бирок алардын изилдегендери өздөрүнө эмес, силерге тиешелүү болгонун Кудай аларга дайын кылган. А Машаяк жөнүндөгү Жакшы Кабар эми силерге жетти. Аны көктөн келген Ыйык Рухтун жетегиндеги адамдар айтышты. Аны аңдап билүүнү периштелер да аябай каалашат.
13 Ошондуктан аткара турган ишиңерди жакшылап ойлонгула: сергек болуп, Ыйса Машаяк келген күнү Кудай силерге бере турган батаны чын дилиңерден тилегиле.
14 Тил алчаак балдардай болуп Кудайга баш ийгиле. Мурун Кудай Эгеңерди тааныбаган кезде жашооңор арам кумарлардын жетегинде болуп келди. Буга эми жол бербегиле!
15 Кайра, силерди тандап алган Кудай Өзү ыйык болгондой, дайыма Анын элиндей ыйык жашагыла.
16 Себеби минтип жазылган: «Ыйык болгула, анткени Мен ыйыкмын».
17 Бардыгын жүзүнө карабай, ишине карап жоопко тарткан Кудайга сыйынганда Аны Ата деп атасаңар, анда бул жердеги конок сымал жашооңор Андан коркуу менен өтсүн.
18 Силер ата-бабаңардан калган маанисиз жашоодон кутулдуңар. Бул алтын-күмүшкө окшоп чирип кетчү байлык аркылуу эмес,
19 кемтиксиз да кемчиликсиз Козу — Машаяктын кымбат каны аркылуу келгенин билесиңер.
20 Ал дүйнө жаралгандан мурда эле тандалып, ушул акыркы убакта силер үчүн келген.
21 Силер Машаяк аркылуу Кудайга ишендиңер. Кудай Аны өлүмдөн кайра тирилтип, атак-даңкка бөлөдү. Эми силердин ишеним менен үмүтүңөр Кудайда гана.
22 Машаяк жөнүндөгү акыйкатка моюн сунуп, күнөөдөн тазарган силер эми боордошума деген нукура сүйүүгө ээ болдуңар. Демек, эми бири бириңерди чын жүрөктөн сүйгүлө!
23 Кудай өмүр ыйгарчу түбөлүктүү сөзү аркылуу силерге жаңы өмүрдү берген.
24-25 Себеби, «Адамдардын бүт бардыгы чөп сымал, Көркү алардын талаадагы гүлдөрдөй. Чөп куурайт да гүлү түшөт, а бирок Эгебиздин сөзү калат түбөлүк». Силерге айтылган Кудайдын сөзү ушул.