Петирдин биринчи каты 3 Бөлүм
1-2 Ошондой эле силер да, аялдар, күйөөңөргө баш ийгиле. Ошондо күйөөлөрүңөрдүн Кудай Сөзүнө моюн сунбагандары да силердин таза, такыбаа жашооңорду көрүп, айткан сөзүңөр эмес, жүрүм-турумуңар аркылуу Жаратканга кайрылат.
3 Силердин сулуулугуңар сыртыңарда: чачыңардын өрүлүшүндө, алтын буюмдарды тагынууңарда же көз жоосун алган кооз кийимдерди кийүүңөрдө эмес,
4 ичиңерде, дилиңерде: момундук менен токтоолукта болсун. Бул эч көөнөрбөс сулуулук. Кудай муну абдан баалайт.
5 Эзелки заманда эрлерине баш ийип, Кудайга үмүт менен караган такыбаа аялдар да ушундай жасанышкан.
6 Алардын бири Сара болгон. Ал Ыбрайымга баш ийип, аны «кожоюнум» деп атаган. Эч бир коркунучка карабай, адал иш кылсаңар, Саранын урпагы болосуңар.
7 Андыктан силер, күйөөлөр, аялыңардын назиктигин эске алып, аларга түшүнүү менен мамиле кылгыла. Аларды сыйлагыла, себеби Кудай берген ырыскылуу өмүргө аялдар да ээ болгон, ошондо сыйынууңарга эч нерсе тоскоол болбойт.
8 Жыйынтыктап айтканда, баарыңар өз ара тилектеш, кайгы менен кубанычка ортоктош, бири бирин бир туугандай сүйгөн, боорукер да кичи пейил болгула.
9 Жамандык кылганга жамандык кылып, кордогонго кордук көрсөтпөстөн, кайра алкагыла. Себеби Кудайдын батасын алыш үчүн силер ушуга чакырылгансыңар.
10 Ошол үчүн минтип жазылган эмеспи: «Бактылуу күнгө жетем деп, Көп жашайм десе кимде-ким, Сүйлөбөсүн жаман сөз, Чыкпасын калп сөз оозунан.
11 Жамандыктан оолактап, Тынччылыкка умтулуп, Ынтымакты эңсеп, ал Жакшылык гана жасасын.
12 Себеби адилеттүүлөргө Салып турат назарын, Сыйынуусун алардын Угуп турат Эгебиз. Ал эми жаман иштерди Кылгандардан Эгебиз, Бурат жүзүн тескери».
13 Эгерде дайыма жакшылык кылалы деген аракетиңер болсо, ким силерге жамандык кылат?
14 Ал эми жакшы ишиңер үчүн азап тартсаңар — бактылуусуңар.Эч бир адамдан коркпогула, силерди эч нерсе коркутпасын.
15 Дилиңерде Машаякты Эгебиз катары ыйык туткула. Силердин үмүт менен күтүп жатканыңар эмне экенин сурагандарга жооп берүүгө ар убак даяр болгула.
16 Аларга жумшак, сый-урмат менен жооп кайтаргыла. Машаяк жолундагы силердин жакшы жүрүм-турумуңар тууралуу жаман айтып каралагандар, өз айтканынан өзү уялгандай болсун үчүн абийириңер таза болсун.
17 Эгер жакшылык кылып, азап чеккениңер Кудайдын эрки болсо, бул жамандык кылып, азап чеккенден алда канча жакшы.
18 Себеби Машаяк да күнөөлөрүбүз үчүн бир жолу өлгөн. Адилетсиздер үчүн бир адилеттүү жанын кыйган. Ал муну силерди Кудай менен элдештирүү үчүн жасаган. Анын денеси өлсө да, руху менен кайра тирилген.
19 Ошол руху менен өлгөндөрдүн жандары камалган зынданга барып ибарат айткан.
20 Мындан көп убакыт илгери Нух кеме куруп бүткүчө Кудай аларды чыдап күткөн. Бирок алар Анын сөзүнө кулак салган эмес. Кемеге болсо, сегиз гана адам кирип, топон суудан аман калган.
21 Бул азыркы замандагы сууга чөмүлдүрүү расмисинин алдын ала берилген белгиси. Ушул чөмүлүү денени жууп тазартууну эмес, таза абийир менен Кудайга өзүмдү арнайм деп берген убаданы билдирет. Ушундайча Кудай силерди Ыйса Машаяктын өлүп кайра тирилиши менен күнөөдөн куткарат.
22 Ыйса көккө көтөрүлүп, Кудайдын оң жагындагы сыйлуу орунга отурду. Периштелер, рухий бийликтер менен күчтөр Ага баш ийишти.