1 Жыйын жетекчилеринен суранарым: мен да силер менен кызматташ жыйын жетекчисимин, Машаяктын тарткан азаптарынын күбөсүмүн, Ал кайра келгенде көрүнө турган атак-даңкты бөлүшө тургандарданмын,
2 Кудайдын баккыла деп калтырган «коюн» айласыздан эмес, Ал каалагандай көңүлдөнүп кайтаргыла. Өз пайдаңарды көздөбөстөн, чын дилиңерден баккыла.
3 Силерге тапшырылгандарга үстөмдүк кылбай, кайра үлгү көрсөткүлө.
4 Ушундай кылсаңар, «Башкы Койчу» — Машаяк кайра келгенде, эч качан чирибес «атак-даңктын таажысын» кийесиңер.
5 Жаштар, жетекчилерге баш ийгиле. Бир бириңе кекирейбегиле, себеби «Менменсинген адамга Каршы болот Кудайым, Моюн сунган адамга Ырайымын төгөт Ал».
6 Андыктан кудуреттүү Кудайга моюн сунгула. Ал убагы келгенде силерди жогору көкөлөтөт.
7 Түйшүгүңөрдү түгөл Ага тапшыргыла, анткени Ал силер үчүн кам көрөт.
8 Сергек жана сак болгула. Душманыңар ибилис аркыраган арстандай кимди жеп жиберсем деп издеп жүрөт.
9 Ага бек ишенимиңер менен каршы тургула, себеби бүт дүйнөдөгү боордошторуңар ушундай эле кыйынчылык тартып жүргөнүн билесиңер.
10 Ал эми бардык ырайымдын булагы болгон Кудай бир аз убакыт азап чеккениңерден кийин силерди кайрадан жеткилең, күчтүү, бекем жана олку-солку болбос кылат. Себеби Ал силерди Машаяк Ыйса аркылуу Өзүнүн түбөлүк даңкын бөлүшүүгө чакырган.
11 Ал түбөлүккө бийлик кыла берсин! Оомийин.
12 Бул кыска катымды ишенимдүү боордошум деп санаган Сила аркылуу жолдодум. Силерге кайрат-дем, күч берип, Кудайдын анык ырайымы өйдөдө айтылгандай экенине кепилдикке өткүм келет. Бул катта айтылгандарды бек кармангыла.
13 Силердин өзүңөрдөй эле Кудай тандап алган Бабылдагы жыйын менен уулум Марк салам айтат.
14 Бири бириңерди астейдил сүйүп, бек кучактап учурашкыла. Ыйса Машаяк менен тыгыз алакада жүргөн баарыңарды ылайым бейпилчилик жылоолосун.