меню

Петирдин биринчи каты 2 Бөлүм

тез өтүү:

1 Ошондуктан ар кандай жамандыктан: жалганчылыктан, эки жүздүүлүктөн, көрө албастыктан жана бирөөлөрдү каралоодон арылышыңар керек.

2 Жаңы төрөлгөн наристе сүт издегендей таза, рухий сүткө умтулгула. Андан тамактанып, өсүп, анан куткарылууга жетесиңер,

3 себеби «Эгебиздин кайрымдуу экенин өзүңөр деле билип калдыңар».

4 Адамдар четке какса да, Кудай тандап алып, өтө урмат көрсөткөн «тирүү таш» Машаякка келгиле.

5 Силер рухий үйгө коюлган тирүү таш сыяктуусуңар жана ал жерде Ыйса Машаяк аркылуу Кудайга жагымдуу рухий курмандык чалган динкызматчысыңар.

6 Анткени Ыйык Жазууда минтип айтылат эмеспи: «Мына эми Сион аттуу шаарыма Пайдубалдуу, кымбат баалуу, тандалган Мен таш коём. Ошол ташка таянган Адамдардын уят болбойт бири да».

7 Андыктан Ага таянган силер үчүн бул таш асыл-кымбат, ал эми таянбагандар үчүн андай эмес. «Куруучулар жаратпай, Таштап салган таш эле, Пайдубалдын негизи Болуп калды ал эми»

8 жана «Адамдарды чалынткан, кулаткан таш» — деп да жазылган. Алардын чалынып жаткан себеби — Кудай сөзүн угушпагандыгы. Алардын жазмышы ошондой.

9 Ал эми силер — Кудай тандаган тукум,Падышанын динкызматчылары, ыйык эл жана Анын даражасын жар салууга чакырылган адамдарсыңар.Ал силерди караңгылыктан Өзүнүн укмуштуу жарыгына чакырып алган.

10 Бир кездерде Кудай эли болбогон, Силер эми Анын эли болдуңар. Буга чейин Кудай мээрин көрбөгөн, Эми Анын кайрымын да көрдүңөр.

11 Сүйүктүүлөрүм, бу дүйнөдө коноктор менен качкындар сымал жашаган силерден жалынып суранарым: жан дүйнөңөр менен күрөшкөн пас каалооңордун жетегинде жүрбөгүлө.

12 Ыйсага ишенбегендер арасында ак жашагыла. Анан силерди жамандык кылуучулар деп айыптаган алар жакшы ишиңерди көрүп, кыямат күнү Кудайды даңктай турган болушат.

13 Эгебиз адамдар койгон бардык бийликке баш ийүүңөрдү каалайт. Силер баарын башкара турган падышага,

14 анан эл бийлөөчүлөргө да баш ийишиңер керек, себеби падыша аларды жамандык кылгандарын жазалап, жакшылык кылгандарын мактоо үчүн жиберет.

15 Кудай адал иш кылуу менен акылы жоктордун наадан сөздөрүн токтотконуңарды каалайт.

16 Силер эркинсиңер, эми ушул эркиндикти жамандык кылганга шылтоо катары пайдаланбастан, кайра Кудайдын кулундай жашагыла.

17 Баарына сый көрсөткүлө, ишенимдеш боордошторду сүйгүлө, Кудайдан корккула, а падышаны урматтагыла.

18 Кулдар, кожоюнуңарга баш ийгиле, кайрымдуу, кичипейилдерине гана эмес, катаалдарына да толук урмат көрсөткүлө.

19 Эгер кимдир бирөөң адилетсиз кыйынчылык тартып, аны Кудайдын эрки катары көтөрсөңөр, анда Ал силерге батасын берет.

20 Ал эми жамандык кылганыңар үчүн таяк жеп, ага чыдап жатсаңар, анда кандай мактоо болот? Тескерисинче, кылган жакшылыгыңар үчүн азап тартып, ага чыдап атсаңар, мунуңар Кудайга жага турган иш.

21 Силер ушуга чакырылгансыңар, себеби Машаяк дагы силер үчүн азап чегип, үлгү калтырган. Андыктан Анын артынан ээрчигиле.

22 Анткени «Ал бир да күнөө кылган эмес, оозунан эч кандай калп чыккан эмес».

23 Аны кемсинтишкенде, аларга кемсинтүү менен жооп кайтарган эмес, азап тартып жатканда коркутпастан, кайра адилеттүү Соттоочуга Өзүн толук тапшырган.

24 Ал айкаш жыгачта күнөөлөрүбүздүн айыбын Өз мойну менен тартты. Муну күнөөлөрдөн бошонуп, адилеттүү жашашыбыз үчүн жасады. Анын жаракаттары менен силер айыктыңар.

25 Мурда адашкан койлордой элеңер, эми болсо Койчуңарга, Сактоочуңарга кайрылып келдиңер.

Бөлүмдөр: 1 2 3 4 5