меню

1 Тесалоникалыктарга кат 1 Бөлүм


1 Кудай Атабыз менен Эгебиз Ыйса Машаяктын Тесалоника шаарындагы жыйынына Пабыл, Сила жана Тиметейден дубай салам! Кудайбыз силерге ырайым этип, тынччылык берсин!

2-3 Ишенимиңерге таянып иштегениңерди, сүйүүңөрдү көрсөтүп эмгектенгениңерди жана Эгебиз Ыйса Машаякты медер тутуп, бардыгына чыдап келатканыңарды эсибизден чыгарбай, Кудай Атабызга сыйынганыбызда, дайыма силерди эстеп, Ага бардыгыңар үчүн тынбай ыраазычылыгыбызды билдирип турабыз.

4 Кудайдын мээри түшкөн боордошторубуз, биз силерди Кудай Өзүнө тандап алганын билебиз,

5 анткени силерге Жакшы Кабарды сөз менен гана эмес, зор ишеним жана Ыйык Рухтун кудурети менен жеткиргенбиз. Араңарда жүргөнүбүздө өзүбүз эмне кылып, кандай жашаганыбыз да силерге маалым.

6 Силер бизден жана Эгебизден үлгү алып, ушунча кыйналып-кысталганыңарга карабастан, айткандарыбызды Ыйык Рух берген кубаныч менен кабыл алдыңар.

7 Ошондуктан өзүңөр да Македония жана Ахая аймактарындагы бардык ишенгендер үчүн өрнөк болдуңар.

8 Силер аркылуу Эгебиз жөнүндөгү кабар бүтүндөй Македония менен Ахаяга жар салынып, ал гана эмес, Кудайга болгон ишенимиңер да бардык жерлерде белгилүү болду. Андыктан эми бир нерсе деп кошумчалоонун да кажети жок.

9-10 Силерге барганыбызда, бизди кантип тосуп алганыңар, буркандарыңарды таштап, бирден бир чын жана тирүү Кудайга кайрылганыңар, Ага кулдук уруп, кызмат кылганыңар жана Анын өлгөндөрдөн тирилтип алган Уулу Ыйсанын кайтып келишин күтүп жатканыңар эл арасында ооздон оозго айтылып жүрөт. Ал эми Кудайдын Уулу Ыйса бизди Анын келечектеги каарынан куткарат.

Бөлүмдөр: 1 2 3 4 5