меню

1 Тесалоникалыктарга кат 2 Бөлүм


1 Боордоштор, силерге келип кеткенибиз натыйжасыз болбогонун өзүңөр жакшы билесиңер.

2 Ошонун алдында эле, өзүңөр билгендей, биз Филипия шаарынан жапа чегип, кордук көргөн элек. Бирок Кудай колдоп, бардык каршылыктарга карабастан, силерге Анын Жакшы Кабарын таратууга батындык.

3 Силерге чындыктан адашканыбыздан же кандайдыр бир арам ой менен, же болбосо кытмырлыктан акыл-насаат айтып жаткан жокпуз.

4 Тескерисинче, Кудай Өзү ишенимдүү деп таап жиберген жакшы кабарчылар катары, качан болбосун, Кудайдын эркине ылайык сүйлөп келатабыз. Биздин каалаганыбыз — адамдын көңүлүн алуу эмес, бардык ниетибизди сынап билген Кудайга жагуу.

5 Өзүңөр билгендей, биз көшөкөрлөнүп, же болбосо керт башыбыздын пайдасын издегенибизди жашырып-жаап амалкөйлөнгөн жокпуз. Буга Кудай Өзү күбө.

6 Силерден да, башкалардан да, дегеле адам аттуу эч кимден атак издеген жокпуз.

7 Машаяктын элчилери катары кадырыбызды салып, кам көрүүңөрдү талап кылууга акыбыз болсо да, кайра анын ордуна, араңарда жүргөнүбүздө, баласын бапестеген эне сымал мээримдүү болдук.

8 Жүрөгүбүз элжиреп, жаныбыздан артык көргөн силерге Кудайдын Жакшы Кабарын гана эмес, силер үчүн өмүрүбүздү берүүгө даяр элек!

9 Боордоштор, араңарда экенибизде болгон күчүбүздү аябай иштеп жүргөнүбүз дале эсиңердедир; Жакшы Кабар таратып жатып эч бириңерге жүк болбойлу деп, күн-түн дебей эмгектенген элек.

10 Айткандарыбызды ишенип кабыл алган силердин алдыңарда өзүбүздү канчалык кынтыксыз, таза жана адил алып жүргөнүбүзгө силер да, Кудай да күбө.

11 Анткени өзүңөр билгендей, атасы баласына кандай мамиле кылса, биз да ар бириңерге ошондой мамиле кылып,

12 Өз Падышачылыгы менен улуулугуна чакырган Кудайдын алдында татыктуу жашоого үгүттөп, шыктандырып, ошондой кылууңарды силерден жалынып суранган элек.

13 Кудайга тынбай алкыш айтып турганыбыздын дагы бир себеби, Анын Жакшы Кабарын айтып келгенибизде, силер аны адамдын сөзү катары эмес, Кудай сөзү катары кабыл алдыңар. Бул чынында ошондой. Ишенип калган силерде ал сөз эми өз ишин кылып жатат.

14 Анткени, боордошторубуз, Иудеядагы Ыйса Машаяктын жолун жолдогон Кудай жыйындары иудейлерден жапаа чеккен сыяктуу, силер дагы өз жердештериңерден жапаа чектиңер.

15-16 Ал жактагы иудейлер Ыйса Машаякты жана Кудай пайгамбарларын өлтүрүшүп, эми бизди да куугунттукка алышты. Башка улуттагыларга Кудайдын кыямат кайымдагы жазасынан куткара турган сөздү айтканыбызга тоскоол болуп, ошону менен Кудайга жакпаган иш жасап, бардык адамдарга каршы чыгып жатышат. Кылган күнөөлөрү баштарынан ашып, акыры алар Кудайдын каарына калышты!

17 Биз болсо, боордоштор, кеткенибизден бери аз эле убакыт өтсө дагы (албетте, өзүбүз жаныңарда болбосок да, көңүлүбүз ар дайым силер менен), сагынганыбыздан куса болуп, силерди кайрадан көрүүгө ынтызарландык.

18 Кайткыбыз келип, мен өзүм буга канча ирет аракет кылып көрдүм. Айла канча, шайтан жолумду бөгөдү да калды.

19 Анткени биздин үмүтүбүз, кубанчыбыз жана Эгебиз Ыйса келгендеги сыймыгыбыз силер эмей, ким?

20 Ырасында биздин көзгө басар сыймыгыбыз, кубанчыбыз силерсиңер.

Бөлүмдөр: 1 2 3 4 5