1 Тесалоникалыктарга кат 3 Бөлүм
1-3 Акыры айлабыз кеткенде, өзүбүз Афин шаарында калып, биз менен кошо Машаяк жөнүндөгү Жакшы Кабарды таратышып, бизге окшоп Кудайдын кызматчысы болгон боордошубуз Тиметейди силерге жиберүүнү чечтик. Минткенибиздин максаты, эч бириңер кыйналганынан улам артка чегинбесин деп, жигериңерге жигер кошуп, ишенимиңерди бекемдөө эле. Кыйынчылык көргөнүбүз да жазуу-буйрук экенин силер өзүңөр билесиңер.
4 Баарыбыз башыбыздан кыйынчылык өткөрөрүбүздү мурунтан эле айтып жүргөнбүз. Өзүңөр билгендей, бардыгы так биз айткандай болуп чыкты.
5 Мына ушул себептүү, силерден эч дайын болбогондуктан айлам кетип, азгыруучу силерди ак жолдон адаштырып, жумшаган мээнетибиз текке кетпегей эле деп, ишенимиңер жөнүндө билип келүүгө Тиметейди жөнөткөн болчумун.
6 Мына эми Тиметей да кайтып, ишенимиңер менен сүйүүңөр жөнүндө сүйүнүчтүү кабар алып келди. Ал силердин биз жөнүндө дайыма жакшы ойдо болгонуңарды жана, бизге окшоп, көрүшүүгө ынтызар экениңерди айтты.
7 Ошентип, боордоштор, канча деген азап-тозокторду тартып жатканда силер тууралуу укканыбыз жаныбызды жубатып, ишенимиңер бизге кайрат берди.
8 Эгебиз менен биримдикте бекем турганыңар алдыбызга өбөк, аркабызга жөлөк болду.
9 Эми Кудайга сыйынганыбызда, Ага силер үчүн, бизди ушунчалык кубандырып жатканыңар үчүн алкышыбызды айта алабыз.
10 Ишенимиңерге эмне жетпей турса, ошону толукташ үчүн силер менен кайрадан жолуктурсун деп, Кудайдан күнү-түнү жалынып, тилеп жатабыз.
11 Эми Кудай Атабыз Өзү жана Эгебиз Ыйса силерге барууга жол бергей эле!
12 Силерге болгон сүйүүбүз уламдан улам күч алган сыяктуу, Эгебиз силердин да бири бириңерге жана бардык адамдарга болгон сүйүүңөрдү өстүрүп, арттыра берсин.
13 Ошондо Ал силерди кубаттап, Эгебиз Ыйса Өз ыйыктары менен келгенде, силер Кудай Атабыздын алдында эч кынтыгы жок, ыйык болосуңар. Оомийин.