меню

1 Тесалоникалыктарга кат 4 Бөлүм


1 Акырында, боордоштурубуз, Эгебиз Ыйсанын атынан өтүнүп суранарыбыз бул. Канткенде Кудайга жаккандай өмүр сүрөрүңөрдү силер бизден үйрөнүп, дал ошондой жашап келатасыңар. Мындан ары да арышыңардан жазбай, ушул жолдо алгалай бергиле.

2 Эгебиз Ыйсанын эрки менен айткан акыл-насаатыбызды силер жакшы билесиңер.

3 Кудай силерге Анын алдында адал өмүр сүрүп, жыныстык бузукулуктан оолак болууну буюрган.

4-5 Кудайды тааныбаган элдерге окшоп жанкумарга берилбестен, ар бириңер аял алгыла да, аны менен болгон карым-катнашыңарды таза сактап, бири бириңерди урматтап жашагыла.

6 Ошондуктан туура эмес жолго түшпөгүлө да боордошторуңарга кыянаттык кылбагыла. Мурда эле силерге катуу эскертип айтканыбыздай, Кудай минткендердин сазайын колдоруна берет.

7 Кудай бизди адепсиздикке эмес, ыйык өмүр сүрүүгө чакырган.

8 Андыктан кимде-ким ушунун баарын этибарга албаса, ошону менен адамды эмес, силерге Ыйык Рухун ыроологон Кудайды этибарга албаган болот.

9 Боордоштордун ортосундагы мээримдүү мамиле жөнүндө болсо силерге жазуунун эч кажети жок, себеби бири бириңерге мээримдүү болууну силерге Кудай Өзү үйрөткөн.

10-11 Македония аймагындагы бардык боордошторуңарга мээримдүү болгонуңар да калетсиз. Бирок биздин өтүнгөнүбүз бул, боордоштор, сүйүүңөрдү арттырып, тынч жашоого умтулгула. Биз насыят кылгандай, өз ишиңерди кылып, өз жаныңарды өзүңөр баккыла.

12 Ошондо башкалардын урмат сыйына да татып, эч кимге көз каранды да болбойсуңар.

13 Боордоштор, үмүтү үзүлгөн немелердей кайгыртпаш үчүн, силерди көзү өтүп кеткендер келечекте эмне болорунан кабарсыз калтыргыбыз келбейт.

14 Биз Ыйсанын өлүп, кайра тирилгенине ишенебиз. Андай болсо, Ыйсага ишенип бул дүйнөдөн өтүп кеткендерди да Кудай Ыйса менен кошо алып кетери биз үчүн анык.

15 Эгебиздин Өз сөзүнө таянып айтарыбыз бул: Эгебиз кайтып келген кезде, көзү тирүүлөрүбүздүн бул дүйнөдөн мурда өтүп кеткендерден эч артыкчылыгыбыз болбойт.

16 Анткени Эгебиз Өзү буйрук берип, башкы периштенин чакырган үнү угулат да, Кудай сурнайынын добушу жаңырып, Эгебиз көктөн түшүп келет. Ошондо Машаякка ишенип бул дүйнөдөн өтүп кеткендер биринчи болуп тирилишет.

17 Андан кийин биз, ошол мезгилде али көзү тирүүлөр, Эгебизди тосуп алыш үчүн алар менен чогуу булуттарга алынып, асманга көтөрүлөбүз. Ошентип түбөлүккө Эгебиз менен бирге болобуз.

18 Бири бириңерге мына ушу сөздөрдү айтып, кайрат берип тургула.

Бөлүмдөр: 1 2 3 4 5