- Бөлүмдөр:
- 1
- 2
- 3
- 4
- 5
- 6
- 7
- 8
- 9
- 10
- 11
- 12
- 13
- 14
- 15
- 16
- 17
- 18
- 19
- 20
- 21
- 22
- 23
- 24
- 25
- 26
- 27
- 28
- 29
- 30
- 31
- 32
- 33
- 34
1 Эгерде силердин араңардан пайгамбар же түш жоругуч чыгып, силерге жышаан же керемет көрсөтө турган болсо,
2 ал айткан жышаан же керемет аткарылса, анан ал: “Жүр, сен билбеген башка кудайларга барабыз, ошолорго табынабыз”, – дей турган болсо,
3 анда ал пайгамбардын же ал түш жоругуч адамдын сөздөрүн укпа, анткени Кудай-Теңириңер Өзүн чын жүрөгүңөр, жан-дилиңер менен сүйөр-сүйбөсүңөрдү билиш үчүн, силерди ушул аркылуу сынап жатат.
4 Кудай-Теңириңердин жолу менен жүргүлө, Андан корккула. Анын осуяттарын аткаргыла, Анын үнүн уккула, Ага кызмат кылгыла, Ага жабышкыла.
5 Силерди Мисир жеринен алып чыгып, кулчулуктан куткарган Кудай-Теңириңерден четтөөгө үндөгөнү үчүн, Кудай-Теңириң осуяттаган жолдон чыгарууга аракет кылганы үчүн, ал пайгамбарды же түш жоругучту өлүм жазасына тартуу керек. Өз араңардагы жамандыкты ушинтип жок кылгыла.
6 Эгерде сени бир тууганың, энеңдин уулу, же уулуң, же кызың, же жаныңда жаткан аялың, же жаныңдай көргөн жан досуң: “Жүр, сен да, ата-бабаларың да билбеген башка кудайларга табынабыз”, – деп,
7 сенин тегерегиңдеги, жакын же алыс жашаган, жердин бир четинен экинчи четине чейин жашаган элдердин кудайларына жашыруун азгырса,
8 анда ага макул болбо, анын сөзүн укпа. Аны кечирбе, аяба, жашырып койбо.
9 Аны өлтүрүп сал. Аны өлтүрүүгө баарынан мурун сен кол көтөрүшүң керек, андан кийин бүт эл кол көтөрсүн.
10 Аны таш бараңга алып өлтүр, анткени ал сени Мисир жеринен, кулчулуктан алып чыккан Кудай-Теңириңден алыстатууга аракет кылды.
11 Муну бүткүл Ысрайыл эли угуп, коркуп калат да, ошондон кийин сенин ичиңде андай жамандыкты кылбай калат.
12 Эгерде Кудай-Теңириң сага жашаганга берип жаткан шаарлардын биринен,
13 сенин элиңдин ичинен бузулган адамдар чыгып, шаардын тургундарын азгырып: “Жүргүлө, силер билбеген башка кудайларга табынабыз”, – дегенин уксаң,
14 анда издеп, иликтеп, жакшылап сура. Эгерде бул жийиркеничтүү иш араңарда чыны менен болсо,
15 анда ал шаардын тургундарын кылычтап кырып сал, малын, эмнеси болсо, ошонун бардыгын жок кыл.
16 Бардык олжону аянттын ортосуна чогулт, шаарды бардык олжо менен кошо Кудай-Теңириңе арнап бүтүндөй өрттөлүүчү курмандык катары өрттөп сал. Ал шаар түбөлүккө урандыга айлансын, эч качан кайрадан курулбасын.
17 Каргышка калган нерселерден эч нерсе алба, ошондо Теңир Өзүнүн каарын токтотуп, ата-бабаларыңа убада кылгандай, сага ырайым кылып, укумдатып-тукумдатып көбөйтөт.
18 Эгерде Кудай-Теңириңди уксаң, мен бүгүн сага берип жаткан осуяттардын бардыгын аткарсаң, Теңирге жаккан иштерди кылсаң, Ал ушул айткандарын аткарат.