Мыйзамды Кайталоо | Ыйык Китеп онлайн - окуу жана изилдөө
меню

Мыйзамды Кайталоо 9 Бөлүм

тез өтүү:

1 Кулак сал, Ысрайыл, көк тиреген чептүү чоң шаарлары бар, сенден алда канча көп жана күчтүү элди басып алыш үчүн, сен азыр Иордандын аркы өйүзүнө өтүп бара жатасың.

2 Ал эл – саны көп, узун бойлуу Анактын уулдары. Сен алар жөнүндө билесиң жана “Анактын уулдарына ким каршы тура алат?” деген сөздү угуп жүрөсүң.

3 Билип кой азыр, Кудай-Теңириң бардыгын жалмап жиберүүчү оттой болуп, сенин алдыңда бара жатат. Теңир аларды кырат, сага багынтып берет; Теңир сага айткандай, сен аларды кууп жибересиң, тез эле кырып саласың.

4 Кудай-Теңириң аларды сен үчүн кууп чыкканда, өз жүрөгүңдө: “Адил болгонум үчүн Теңир мени бул жерге ээ кылды, мыйзамсыз болгону үчүн Теңир бул элди менин алдыман кууп чыгарып жатат”, – деп айтпа.

5 Сен алардын жерин адил болгонуң үчүн, жүрөгүң таза болгону үчүн мурастаганы бара жаткан жоксуң. Бирок сенин Кудай-Теңириң ал элдерди мыйзамсыз иштери үчүн жана сенин ата-бабаң Ыбрайымга, Ыскакка, Жакыпка берген убадасын аткарыш үчүн, сенин алдыңан кууп жатат.

6 Ошондуктан билип кой, Кудай-Теңириң бул жер соорусун сага адил болгондугуң үчүн берип жаткан жок, сен тоң моюн элсиң.

7 Кудай-Теңириңди чөлдө канча жолу каардантканыңды эсиңден чыгарба, Мисир жеринен чыккан күндөн тартып, дал ушул жерге келгенге чейин, Теңирге моюн сунган жоксуң.

8 Хорепте да силер Теңирди каарданткансыңар, ошондо Ал каарданып, силерди кырып салгысы келген.

9 Мен Теңирдин силер менен түзгөн келишими жазылган лоокторун, таш лоокторду, алганы тоого чыгып, нан жебей, суу ичпей, ал тоодо кырк күн, кырк түн болдум.

10 Ошондо Теңир мага Өз сөөмөйү менен жазган эки таш лоокту берди. Алардын бетине силер тоого чогулуп келген күнү Теңирдин силерге от ичинен айткан сөздөрү жазылган.

11 Кырк күн, кырк түн өткөндөн кийин, Теңир мага келишим жазылган эки таш лоокту берди.

12 Анан Теңир мага: “Тоодон тезирээк түш, анткени Мисирден алып чыккан элиң бузулду. Ал Мен көрсөткөн жолдон тез эле бурулуп кетти, ал өзүнө буркан жасап алды”, – деди.

13 Анан Теңир мага дагы мындай деди: “Мен бул элди билем, ал – тоң моюн эл.

14 Мени токтотпо, Мен аны жок кылам, анын атын жер үстүнөн өчүрөм. Сенден болсо андан алда канча көп, күчтүү эл чыгарам”.

15 Ошондо мен тоодон кайтып келдим. Тоо болсо жалындап күйүп жатты. Келишим жазылган эки таш лоок эки колумда эле.

16 Мен силердин алтындан музоо куюп, Теңир көрсөткөн жолдон тез эле бурулуп, Кудай-Теңириңерге каршы күнөө кылганыңарды көрдүм.

17 Ошондо мен эки колумдагы эки таш лоокту силердин көзүңөрчө жерге ыргытып, талкалап салдым.

18 Анан Теңирдин алдына жыгылып, силердин Теңирге жакпаган иш кылып, Аны каардантып, күнөөгө батканыңар үчүн, мен нан жебей, суу ичпей, мурункудай эле кырк күн, кырк түн сыйындым.

19 Анткени Теңирдин каарданып, силерди жок кылып салгысы келгенинен корктум. Теңир мени бул жолу да укту.

20 Теңир Арунга да каарданып, аны өлтүргүсү келди, бирок мен ошол учурда Арун үчүн да сыйындым.

21 Силердин күнөөңөрдү – силер жасаган музоону алып, отко өрттөп салдым. Мен аны талкалап, топурактай майдалап, тоодон түшкөн сууга чачып жибердим.

22 Силер Теңирди Табейрада да, Масада да, Киброт-Атаапта да каарданттыңар.

23 Теңир силерди Кадеш-Барнейиден: “Баргыла да, Мен силерге берген жерди ээлеп алгыла”, – деп жөнөткөндө, силер Кудай-Теңириңердин буйругуна каршы болдуңар, Ага ишенген жоксуңар, Анын үнүн укпай койдуңар.

24 Мен силерди билген күндөн бери силер Теңирге баш ийбей келе жатасыңар.

25 Ошондо мен Теңирдин алдына жыгылып, кырк күн, кырк түн жалынып сыйындым, анткени Теңир силерди кырып салгысы келген.

26 Мен Теңирге мындай деп сыйындым: “О, Эгедер Теңирим, Өз элиңди, Өз энчиңди жок кыла көрбө, Сен ал элди улуу кудуретиң менен куткарып, Мисирден күчтүү колуң менен алып чыккансың.

27 Өзүңдүн кулдарың Ыбрайым, Ыскак, Жакыпты эстегин. Бул элдин тоң моюндугуна, бузулгандыгына, күнөөсүнө караба.

28 Сен бизди алып чыккан жерде жашагандар: "Теңир Өзү убада кылган жерге алып бара алган жок, аны жек көргөндүктөн, чөлдө өлтүрүп салыш үчүн алып чыккан", – деп айтпасын.

29 Алар Сенин элиң, Сенин энчиң, Сен аларды Өзүңдүн сунулган колуң, күчтүү билегиң менен Мисир жеринен алып чыккансың”.