Мыйзамды Кайталоо | Ыйык Китеп онлайн - окуу жана изилдөө
меню

Мыйзамды Кайталоо 27 Бөлүм

тез өтүү:

1 Муса Ысрайыл аксакалдары менен бирге элге кайрылып, мындай деди: «Мен бүгүн силерге берип жаткан осуяттардын бардыгын аткаргыла.

2 Кудай-Теңириңер берип жаткан жерге Иордан аркылуу өткөн күнү чоң-чоң таштарды коюп, акиташ менен актагыла.

3 Кудай-Теңириң сенин ата-бабаларыңа убада кылган, сүт менен бал аккан жерге кириш үчүн, Иордан суусунан өткөн күнү ал таштарга ушул мыйзамдарды жазып кой.

4 Иордандан өткөндөн кийин, мен бүгүн силерге буйругандай, ал таштарды Эйбал тоосуна коюп, акиташ менен актагыла.

5 Ошол жерге Кудай-Теңириңе арнап, темирдин учун тийгизбей, таштан курмандык чалынуучу жай кур.

6 Кудай-Теңириңерге курмандык чалынуучу жайды бүтүн таштардан кургула. Анан Кудай-Теңириңерге арнап бүтүндөй өрттөлүүчү курмандык чалгыла.

7 Ошол жерге тынчтык курмандыктарын алып келип жеп, Кудай-Теңириңердин алдында көңүл ачкыла.

8 Андан кийин ал таштарга ушул мыйзамдын бардык сөздөрүн даана кылып жазып койгула».

9 Анан Муса менен ыйык кызмат кылуучу лебилер бүткүл Ысрайыл элине мындай деп айтышты: «Көңүл буруп, кулак сал, Ысрайыл, бүгүн сен Кудай-Теңирдин Өз эли болдуң.

10 Ошондуктан Кудай-Теңириңдин сөзүнө кулак салып, мен бүгүн берип жаткан Анын осуяттары менен буйруктарын аткар».

11 Ошол күнү Муса элге мындай деп буйрук берди:

12 «Иордандан өткөндөн кийин, мына бул уруулар элге бата берип туруш үчүн, Гаризим тоосуна чыгып турушу керек: Шымон, Леби, Жүйүт, Исахар, Жусуп жана Бенжемин.

13 Ал эми мына бул уруулар каргаш үчүн Эйбал тоосуна чыгып турушу керек: Рубейин, Гат, Ашыр, Забулун, Дан жана Напталы.

14 Лебилер катуу үн менен бүт ысрайылдыктарга мындай деп айтышсын:

15 “Оюп же куюп буркан жасап, аны жашыруун жерге катып койгон кишиге каргыш тийсин! Анткени сүрөтчүнүн колунан чыккан чыгарма Теңирдин алдында жийиркеничтүү”. Бүт эл катуу үн менен: “Оомийин!” – десин.

16 “Атасына же энесине тил тийгизгенге каргыш!” Бүт эл катуу үн менен: “Оомийин!” – десин.

17 “Жакынынын чек арасын бузганга каргыш!” Бүт эл катуу үн менен: “Оомийин!” – десин.

18 “Сокурду жолдон адаштырганга каргыш!” Бүт эл катуу үн менен: “Оомийин!” – десин.

19 “Келгинге, жетимге жана жесирге адилетсиз өкүм чыгарганга каргыш!” Бүт эл катуу үн менен: “Оомийин!” – десин.

20 “Атасынын аялы менен бир төшөккө жатканга каргыш, анткени ал атасынын этегин ачты”. Бүт эл катуу үн менен: “Оомийин!” – десин.

21 “Жаныбар менен жатканга каргыш!” Бүт эл катуу үн менен: “Оомийин!” – десин.

22 “Өз карындашы же эжеси менен, атасынын же энесинин кызы менен жатканга каргыш!” Бүт эл катуу үн менен: “Оомийин!” – десин.

23 “Кайын энеси менен жатканга каргыш!” Бүт эл катуу үн менен: “Оомийин!” – десин.

24 “Өз жакынын жашыруун өлтүргөнгө каргыш!” Бүт эл катуу үн менен: “Оомийин!” – десин.

25 “Айыпсыз адамды өлтүрүш үчүн акы алганга каргыш!” Бүт эл катуу үн менен: “Оомийин!” – десин.

26 “Бул мыйзамды аткарбаганга, бул мыйзам боюнча жашабаганга каргыш!” Бүт эл катуу үн менен: “Оомийин!” – десин.