Филиппиликтерге кат 2 Бөлүм
1 Машаяк менен болгон биримдигиңер кайрат берип, Анын сүйүүсү жаныңарды жубатабы? Ыйык Рух башыңарды кошуп, бири бириңерге жароокер жана кайрымдуусуңарбы?
2 Андай болсо, бир ойдо, бир сүйүүдө, бир рухта жана бир максатта болгонуңар менен менин кубанчыма кубаныч кошкула.
3 Эч нерсени өз керт башыңардын пайдасын гана ойлоп же болбосо менменсинип кылбагыла. Андан көрө, кичи пейил болуп, башкаларды өзүңөрдөн жогору койгула.
4 Ар кимиңер өз таламыңарды гана талашпай, башкалардын мүдөөсүн да ойлогула.
5 Машаяктын кулк-мүнөзү силерде болсун.
6 Кудайлык табияты болсо да, Ал Кудайга тең болууга жармашпады,
7 Баш тартып бүт нерседен эрки менен, Кул кейпин кийип, адам болуп келди. Төрөлүп алсыз пенде келбетинде,
8 Машаяк Өзүн Өзү төмөн койду. Кудайдын өкүмүнө моюн сунуп, Өлгөнчө тилин алды, болгондо да Айкаш жыгач үстүнөн өлгөнчөктү.
9 Андыктан Кудай Анын зоболосун Көтөрүп, эң жогорку ысым берди, Ысымдардын баарынан бийик турган.
10 Ошентип, көктөгүлөр, жердегилер, Түпкүрүндө бул жердин болгондор да Чөгөлөп, Ыйса алдына келет баары.
11 Ыйсанын Эге экенин жар салышып, Кудайдын атак-даңкын арттырышат.
12 Ошентип, сүйүктүүлөрүм, мен жаныңарда болгонумда силер дайыма тилимди алып келген сыяктуу, эми, жаныңарда жок болгонумда андан бетер тил алчаак болгула: Кудайдан коркуп, Аны кастарлап, өз куткарылууңар иш жүзүнө толук ашсын үчүн бардык аракетти көргүлө.
13 Анткени силерди Өз эркине моюн сунууга ниеттендирген да, Өзүнө жаккандай иш кылууга даремет берген да Кудай.
14 Эмне иш кылсаңар да, арызданбагыла да талашып-тартышпагыла.
15 Ошондо ушул бузулган, күнөөгө белчесинен баткан адамзаттын арасында Кудайдын жеткилең балдары катары эч күнөөсү жок, кынтыксыз болосуңар. Бул дүйнөгө нур сымал жаркырап,
16 адамдарга түбөлүк өмүр алып келчү сөздү тараткыла. Мындай кылсаңар, Машаяк кайткан күнү мен бардык кылган аракетим менен жасаган ишим текке кетпегенин билип, сыймыктана алам.
17 Кудайга ишеним артып, кылган кызматыңарды Анын урматына чалынган курмандык катары тартуулаганыңарда, курмандыктын үстүнө куюлган шарап сыяктуу менин каным төгүлүшү керек болсо, ошого да кубанып, кубанчымды баарыңар менен бөлүшөр элем.
18 Анын сыңары, силер да кубанып, кубанчыңарды мени менен бөлүшүүгө тийишсиңер.
19 Эгебиз Машаяк буюрса, жакын арада Тиметейди жиберип, ал келгенде, силер тууралуу укканым мага кайрат берет деген үмүттөмүн.
20 Менчилеп, чын дилинен силердин камыңарды көргөн жалгыз ал гана.
21 Калгандарынын баары Ыйса Машаякка кызмат кылууну эмес, өз пайдасын гана көздөп жатышат.
22 Силер билгендей, Тиметей мени менен Жакшы Кабар таратышууда ата-бала сыяктуу иштешип, өзүн мыкты кызматкер катары көрсөтө алды.
23 Андыктан мага эмне болгону жатканын билер замат аны силерге жибере алам деген илгери үмүтүм бар.
24 Андан соң, Эгебиз өзүмдү да силер менен жүз көрүштүрөрүнө ишенем.
25 Ошондой эле боордошубуз Эпафродитти силерге кайра жиберейин деп жатам. Аны мага кам көрсүн деп өзүңөр жиберген элеңер. Бул жерден ал мени менен иштешип да, Жакшы Кабар чындыгын коргоп бирге күрөшүп да жүрдү.
26 Кайра жиберейин дегеним, ал баарыңар менен көрүшүүгө зар. Анын үстүнө өзүнүн ооруганын укканыңардан да тынчы кетип жатат.
27 Ал чындыгында эле ооруп, өлгөнү аз калган. Аман калганы — бул Кудайдын ага гана эмес, мага да көрсөткөн ырайымы. Себеби андан айрылсам, кайгым ого бетер көбөймөк.
28 Ушундан улам мен аны силерге жиберүүгө мурдагыдан да көбүрөөк ниеттенип турам. Ошондо силер да анын аман-соо экенин көрүп кубанасыңар, менин да санаам тынчып калат.
29 Ошентип, Эгебиздеги боордошуңарды чоң кубаныч менен тосуп алгыла. Мындай адамдар зор урмат-сыйга татыйт.
30 Себеп дегенде ал Машаяктын иши үчүн жанын аябай, өзүңөр алыс болуп бере албай жаткан жардамды бериш үчүн жанын тобокелге салып, өлүп кала да жаздады.