1 Акырында кааларым, боордоштор, Эгебиз менен биримдикте болуп кубангыла! Мен мурда жазгандарымды кайталай берүүдөн эч тажабайм. Силерди болсо минткеним көп балакеттен сактап калат.
2 Жанакы кыянаттык кылып силерге сүннөткө олтурууну таңуулап жаткан «иттерден» сак болгула.
3 Анткени чыныгы сүннөттөлгөн алар эмес, бизбиз. Кудайга Ыйык Рухтун жетегинде табынып, Машаяк Ыйса менен биримдикте болгонубузга кубанып, адамдык ырым-жырымга ишенбейбиз.
4 Ырас, мен деле өзүмдүн ким болуп, эмне кылганыма таяна алмакмын. Эгер кимдир бирөө ошого таянгыдай жөнүм бар деп ойлосо, анда менин антүүгө алда канча көбүрөөк жөнүм бар:
5 сүннөт десе, сегизинчи күнү сүннөткө олтургузулгам, ата-тегимди алсак, Ысрайыл элиненмин, Бенжамин уруусунан чыккан эврейдин эврейимин; Тоорат мыйзамын сактоо жагынан алсак, фарисеймин,
6 Кудай жыйынын артынан сая түшүп куугунтуктагам. Ошентип, Тоорат мыйзамына ылайык, кынтыксыз такыбаа болгом.
7 Бирок эми, оюмдун баары Машаякта болгондо, мурда «артыкчылык» көргөнүмдүн баарын эч нерсеге арзыбайт деп эсептейм.
8-9 Ал гана эмес, мен үчүн эми бардыгы эч нерсеге арзыбайт, себеби Эгем Машаяк Ыйсаны жакындан билүүдөн артык нерсе жок. Ал үчүн мен бардыгын керексиз ыпыр-сыпырдай көрүп, баарынан баш тарттым. Минткендеги максатым — Машаяктын кол алдына келип, Аны менен ажырагыс биримдикте болуу. Мен эми өз күчүмө таянып, Тоорат мыйзамын аткаруу менен акталбастан, Кудай мени Машаякка ишенгеним үчүн актарын билем.
10 Машаяктын Өзүн билип, Анын тирилгендеги кудуретине кабылгым, азаптарына ортоктош болуп, өлүмүн өз башыман кечиргим келет.
11 Себеби ошондо мен да бир күнү өлгөндөн тирилермин деген илгери үмүтүм бар.
12 Мен ошого жетип калдым, же азыртан эле жеткилең болуп калдым деп эсептебейм. Кайра байгеме жетүүнү эңсеп, алдыга талпынам, себеби Машаяк Ыйса да мени Өзүнө утуп алган.
13 Боордоштор, мен байгеге жетип калдым деп ойлобойм. Бирок аныгы бул: артымда эмне калганын унутуп, алдымдагы максатты көздөй умтулам.
14 Ошондуктан байгени алыш үчүн түздөн-түз максатты көздөй арыштап барам. Байгем болсо — Кудай бизди Ыйса Машаяк аркылуу чакырып алган түбөлүк өмүр.
15 Арабыздагы рухий жактан жетилип калгандардын ой-пикири мына ушундай болууга тийиш. Ал эми кээ бириңердин ойлоруңар башкача болсо, муну да Кудай силерге Өзү ачык билдирип коёт.
16 Кандай болсо да, буга чейин эмнелерди карманып келсек, ошого жараша аракеттенип, алдыга карай умтулалы.
17 Боордошторум, бириңер да калбай, мени туурап жашагыла. Биз үлгү калтыргандай жашап жаткандар силерге өрнөк болсун.
18 Анткени мурда да көп жолу айтып, азыр да көз жашымды төгүп айтам: көптөрү Машаяктын айкаш жыгачтагы курмандыгына кас болуп жүрүшөт.
19 Алардын барар жери — тозок. Өз кулкумун кудайдай көрүп, уяла турган нерселер менен мактанышып, акыл-ойлору бул дүйнөнүн көр оокатына байланып калган.
20 Биз болсо асман атуулдарыбыз. Куткаруучубуз, Эгебиз Ыйса Машаяктын көктөн келишин чыдамсыздык менен күтүп жатабыз.
21 Ал келгенде, бүтүндөй дүйнөнү багындырган кудурети менен биздин алсыз, өлүк денебизди өзгөртүп, Өзүнүн даңктуу денесиндей кылып коёт.