меню

Филиппиликтерге кат 4 Бөлүм

тез өтүү:

1 Жанымдай көрүп, көзүмдөн учкан бир боорлорум, сүйүнүчүм менин, сыймыгым менин! Жогорудагы сөзүмдү улап, айтарым бул: Эгебиз менен болгон биримдигиңерди бекемдеп жашагыла, садагаларым!

2 Удия менен Синтихиядан өтүнөрүм — Эгебиз бир тууган кылган эже-сиңди катары ынтымакка келишсин.

3 Сенден да суранам, чыныгы үзөнгүлөшүм, бул аялдарга кол кабыш кылып койсоң. Анткени алар дагы Клименттен жана ысмы Кудайдын өмүр китебине жазылган башка кызматташтарымдан калышпай, мени менен чогуу Жакшы Кабар майданында бир далай мээнет кылышкан эле.

4 Дайыма Эгебиз менен бирдикте болуп кубангыла! Дагы да айтам: кубангыла!

5 Баары силердин момундугуңарды көрүшсүн. Эгебиздин кайтар күнүнө аз калды.

6 Эч убайым тартпагыла. Андан көрө, бардыгын Кудайга тапшырып, Ага жалынып сыйынганыңарда, муктаждыгыңарды ыраазычылык билдирүү менен ачып тургула.

7 Ошондо Кудайдын адам акылына сыйбаган тынчтыгы Ыйса Машаяк менен биримдикте жашаган силердин жан-дилиңерди жана акыл-эсиңерди түйшүктөрдөн сактайт.

8 Боордошторум, акырында айтарым бул: жакшылык деп эсептелген, мактоого татыган нерселерди, тагыраак айтканда, эмне чындыкка туура келсе, сыйлоого татыктуу, адил, таза, көңүлгө жагарлык, сыймыктуу болсо, ошолорду гана ойлогула.

9 Менден үйрөнүп, кабыл алганыңарды, менден уккан-көргөнүңөрдү кармангыла, ошондо тынччылык берүүчү Кудай силер менен болот.

10 Ушунча убакыт өткөндөн кийин силер кайрадан менин камымды ойлогонуңарды көрүп, Эгебизге шүкүрчүлүк келтирип, аябагандай кубанып жатам. Силердин мага бир убакта жардам бербей калганыңарды эмес, анткенге убактылуу мүмкүнчүлүгүңөр болбогонун айтып жатам.

11 Муну кыйналып кеткенимен айткан жокмун: мен көргөн күнүмө, колумда барына ыраазы болууга үйрөнгөм.

12 Жокчулукту да, молчулукту да башымдан өткөрүп, кайда болбосун, качан болбосун, ачарчылык менен токчулукта, барчылык менен жокчулукта кандайча ыраазы болуунун сырын үйрөнүп алганмын.

13 Колдоочум Машаяк менен бирге болгонумда, колумдан баары келет.

14 Бирок ошентсе да, кыйынчылыктарымды аркалашканыңар жакшы болду.

15 Филипиялык боордошторум! Өзүңөр билгендей, Македониядан чыгып, башка жерлерге Жакшы Кабар тарата баштаганымдан бери, силерден башка бир дагы жыйын мага кол кабыш кылып, акча жагынан жардам берген жок.

16 Тесалоникада жүрүп, муктаж болгонумда да силер мага бир нече ирет жардам жибердиңер эле.

17 Кеп силерден белек күткөнүмдө эмес. Кеп кылган жакшылыгыңардын сообу өзүңөргө эле тиеринде.

18 Менин алганым бардык керектөөлөрүмдү толтурмак тургай, андан ашат. Эпафродиттен жиберген белектериңерди алып, эми эч нерсеге муктаж эмесмин. Силердин тартууңар Кудай үчүн түтөтүлгөн жыпар жыттуу зат, Ага жагып, кабыл боло турган курмандык.

19 Андыктан айкөл Кудайым да Өз молчулугунан Ыйса Машаяк аркылуу силердин ар бир муктаждыгыңарды толтуруп берет.

20 Кудай Атабызга түбөлүк даңк болсун! Оомийин.

21 Ыйса Машаяк менен тыгыз байланышта болгон бардык ыйыктарга салам айткыла. Менин жанымдагы боордоштор да силерге салам айтып жатышат.

22 Мындагы ыйыктардын баары, өзгөчө Рим падышасынын кан сарайында кызмат кылгандар силерге салам жолдошту.

23 Эгебиз Ыйса Машаяк баарыңа ырайым кылып, кайрат берсин!

Бөлүмдөр: 1 2 3 4