меню

Корунттуктарга экинчи кат 4 Бөлүм

тез өтүү:

1 Ушул кызматка Кудайдын ырайымы боюнча чакырылганыбызды билген биз көңүлүбүздү чөгөрбөйбүз.

2 Анын ордуна, демейде жаап-жашырылчу уят иштерден баш тартабыз да, амалкөйлөнүп Кудайдын Кабарын жасалмалабайбыз. Чындыкты ачык жарыялап, Кудай алдында өзүбүздү бардыгынын абийиринин сотуна коёбуз.

3 Ал эми биз жар салып жүргөн Жакшы Кабар кимдир бирөөлөргө жабык болсо, ал курут болуу жолун жолдоп бараткандар үчүн жабык.

4 Кудайдын бейнеси болгон Машаяктын улуулугу тууралуу Жакшы Кабардын жаркыраган нурун көрбөсүн үчүн ушул кыянат замандын жалган кудайы ишенбегендердин акыл-эсин көр кылып койгон.

5 Анткени биз өзүбүздү эмес, баарынын Эгеси — Ыйса Машаякты үгүттөп жатабыз. Өзүбүз болсо Ыйса үчүн силерге кул болдук.

6 «Караңгылыкка жарык жансын!» — деп буюрган Кудай Ыйса Машаяктын жүзүнөн жаркырап көрүнгөн Өз улуулугун билдириш үчүн Өзү жан-дилибизге нур болуп жанды.

7 Биз болсо асыл кенч сакталган чопо идиштер элебиз. Андыктан ушул чексиз кудурет бизден эмес, Кудайдан келип жатканы ачык-айкын көрүнүп турат.

8 Биз туш-туштан кысымга алынып жатсак да, талкаланган жокпуз; айласыз абалда болсок да, үмүттөн кол үзбөйбүз;

9 куугунтук жеп жүрсөк да, ташталган жокпуз; кулатылсак да, жок кылынбадык.

10 Өз денебизде дайыма Ыйсага окшоп азап тартып, өлүмгө дуушар болобуз. Ошол аркылуу Ыйсанын өмүрү да бизден көрүнөт.

11 Анткени тирүү жүргөн биз Ыйсага окшоп кайра-кайра өлүм жазасына тартылганыбызда, бул аркылуу өлө турган денебизден Ыйсанын өмүрү да көрүнөт.

12 Ошентип биздин өлүм менен беттешип жүргөнүбүздүн натыйжасында силер түбөлүк өмүргө ээ болуп жатасыңар.

13 Ыйык Жазууда: «Сага ишенип, ошондуктан сүйлөдүм»,— деп жазылган. Биз да ошол эле ишеним берчү Рухка ээ болуп, ишенген үчүн сүйлөп жатабыз.

14 Эгебиз Ыйсаны өлгөндөрдөн тирилткен Кудай бизди да Ыйса менен кошо тирилтип, силер менен бирге Өз алдына алып келерин билебиз.

15 Башыбыздан өткөндөрдүн баары силердин эле пайдаңар үчүн. Анткени Кудайдын ырайымы улам көбүрөөк адамдарга жеткен сайын Кудайга көбүрөөк алкыштар айтылып, Кудайдын улуулугун арттырат.

16 Көңүлүбүз чөкпөгөнүнүн себеби мына ушунда. Сырткы табиятыбыз эскирип баратканы менен, ички табиятыбыз күндөн күнгө жаңыланууда.

17 Анткени биз тартып жаткан анча-мынча убактылуу азабыбыз бизди түбөлүктүү даңкка алып барат. Анын канчалык зор экенин биз элестете да албайбыз.

18 Биздин назарыбыз көзгө көрүнгөн нерселерге эмес, көзгө көрүнбөгөн нерселерге бурулушу керек, себеби көзгө көрүнгөнү убактылуу, көрүнбөгөнү болсо түбөлүктүү.

Бөлүмдөр: 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13