меню

Корунттуктарга экинчи кат 6 Бөлүм

тез өтүү:

1 Кудайдын кызматташтары катары өтүнөбүз: Кудайдын силерге кылган ырайымы куру бекер кетпесин.

2 Анткени Анын айтканы бул: «Ыңгайлуу мезгил келип, уктум сени; Куткарчу күнүм келип, жардам бердим». Мына, эми Кудайдын ыңгайлуу мезгили да жетип, силерди куткарчу күнү да келип калды!

3 Кылган кызматыбызга тил тийбесин үчүн биз эч кимге жолтоо болгубуз келбейт.

4 Анын ордуна, Кудайдын чын дилден берилген кызматчылары катары, эмне кылсак да, башкаларга өрнөк болууга аракеттенип жатабыз. Азап тартсак да, муктаж болсок да, башыбызга мүшкүл түшсө да,

5 бизди уруп-сабашса да, зынданга салышса да, бизге каршы козголоң чыгарышса да, кара терге түшүп эмгектенсек да, түндөрү кирпик какпай чыксак да, ачка калып жатсак да — бардыгын бой бербей көтөрүп келатабыз.

6 Көрсөткөн тазалыгыбыз менен чындыкты билгенибиз, сабырдуулугубуз менен кичи пейилдигибиз, Ыйык Рухтун катышуусу менен чын дилибизден чыккан сүйүүбүз,

7 акыйкат сөзүбүз менен Кудайдын кудурети — буга айкын далил. Биздин чабуул салар да, коргонор да куралыбыз — адилдик.

8 Биз барктуу да, барксыз да, жакшы аттуу да, жаман аттуу да болууга даярбыз. Бизди жалганчылардай кабыл алышса да, чындыкты гана сүйлөп жатабыз.

9 Бизди белгисиз дешсе да, биз баарына белгилүүбүз. Бизди ажалы жетти дешсе да, карагылачы, биз али тирүүбүз. Бизди жазалашканы менен, өлтүрүшкөн жок.

10 Бизди капалантышса да, биз кубанып жүрөбүз. Өзүбүз жарды болгонубуз менен, көптөрдү бай кылабыз. Колубузда эч нерсе жок болсо да, баарына ээбиз.

11 Корунттук боордоштор! Биз силерге ачык сүйлөп, дилибизди силерге кенен ачып койгонбуз.

12 Биз эмес, өзүңөр эле жан-дүйнөңөрдү биз үчүн жаап салып жатпайсыңарбы.

13 Силерге өз балдарыма айткандай айтам: биздей болуп, дилиңерди кенен ачкылачы.

14 Ишенбегендер менен моюнтуругуңар эч качан бир болбосун. Адилеттик менен адилетсиздикти кошсо болобу? Жарык менен караңгынычы?

15 Машаяк менен Белиар келишимге келе алышабы? Же ишенген адам ишенбеген адам менен биримдикте боло алабы?

16 Кудайдын ийбадатканасында буркандарга орун барбы? Силер тирүү Кудайдын ийбадатканасысыңар. Анткени Кудай мындай деген: «Ичинен алардын Мен турак табам, Жашаймын Мен алардын арасында. Кудайы болуп алам аларга Мен, Өз элим болуп калат алар Мага».

17 Эгебиз дагы мындай дейт: «Алардын арасынан чыгып кетип, Алардан бөлүнгүлө өзүңөрчө. Тийбесин колуңар да арам затка. Ошондо кабыл алам силерди Мен.

18 Атаңар болуп калам баарыңардын, Уул-кыздарым болосуңар силер Мага, — Дейт бизге кудуреттүү Кудай Таала».

Бөлүмдөр: 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13