1 Ошентип, сүйүктүүлөрүм, ушундай убадаларга ээ болуп, денебиз менен рухубузду булгаган ыплас нерселердин бардыгынан тазаланып, Кудайды кадырлап, толугу менен адал өмүр сүрөлү.
2 Бизге өз дилиңерди кенен ачып койгула. Биз эч кимге жамандык кылган жокпуз, эч кимге зыян тарттырбадык, эч кимдин эсебинен пайда таппадык.
3 Мен муну силерди кекетип айтып жаткан жокмун. Мурда деле айтканымдай, силер биздин жан-дилибиздесиңер, биз өлүмдө да, өмүрдө да биргебиз.
4 Силерге бек ишенип, силер менен аябагандай сыймыктанам. Кайрат-жигерим артып, тарткан бардык азаптарыма карабай, кубанычым койнума батпайт.
5 Македонияга барганыбызда да эс ала алган жокпуз. Сырт жактан башкалар менен алышсак, ичибизден коркунуч кыйнап, бардык жагынан азап тарттык.
6 Бирок көңүлү чөгүп тургандарга сооронуч берүүчү Кудай бизге Титти жиберип, ошону менен жаныбызды жубатты.
7 Анын келиши гана эмес, силерден сооронуч алганын укканыбыз да жаныбызга тынчтык берди. Ал эми силердин мени канчалык сагынып, мурда капалантып алганыңарга канчалык кайгырып, эми колдоого даяр экениңерди укканда, төбөм көккө жетти.
8 Жазган катым силерди кайгыга салды деп аны жибергениме башында өкүндүм эле, убактылуу гана кайгыртканына көзүм жетип, кайрадан өкүнбөй калдым.
9 Эми мен кубанып жатам. Кубанганым болсо силерди кайгыртканыма эмес, кайгырганыңардан улам ниетиңер өзгөргөнүнө. Кайгырганыңар Кудайдан болуп, биз силерге эч зыян келтирген жокпуз.
10 Анткени Кудайдан келген кайгы адамдын ниетин гана өзгөртпөстөн, аны куткарылууга алып келет да, эч өкүнүч калтырбайт. Ал эми бул дүйнөдөн келген кайгынын түбү — өлүм.
11 Кудай салган кайгыңар не деген жемиш бергенин карасаңар: болгон ишке ушунчалык олуттуу мамиле кылып, канчалык тазалангыңар келип турганын, күнөөгө кыжырданып, ушунчалык коркконуңарды, өзүмдүн жаныңарда болушумду эңсеп, туура иш кылууга далалаттанып, айыптуу адамды жазалоого даяр болгонуңарды. Мунун баары — силердин актыгыңардын ачык-айкын далили.
12 Ошентип, жанакы катты жазсам да, мен муну күнөө кетирген адам үчүн же күнөөдөн запкы жеген адам үчүн кылганым жок. Кайра Кудай алдында силердин канчалык биз үчүн кам көргөнүңөрдү көрсөтөйүн деп жазгам.
13 Жаныбызды жубаткан мына ушу. Сооронуп эле тим болбостон, баарыңардын колдооңор Титти көңүлүн ушунчалык көтөргөнүн угуп, кубанычка толдук!
14 Мен ага силерди ушундай мактадым эле, силер да мени уятка калтырбадыңар. Биз силерге дайыма чындыкты гана айтып жүргөн сыяктуу, силер тууралуу Титке айтылгандын баары да чындык болуп чыкты.
15 Силер анын тилин алууга канчалык даяр болуп, аны канчалык кадырлап, кандай урмат-сый менен тосуп алганыңарды эстеген сайын, анын силерге болгон сүйүүсү күчөгөндөн күчөп баратат.
16 Мен да силерге толук ишене аларыма аябагандай кубанып турам!