меню

Корунттуктарга экинчи кат 5 Бөлүм

тез өтүү:

1 Убактылуу алачыкка окшогон ушул жердик турагыбыз — биздин денелерибиз жок болгондо, Кудай асмандан жаныбыз үчүн Өзү даярдап койгон, адам колу менен салынбаган, түбөлүктүү турак берерин билебиз.

2 Ошол асмандык турагыбызга бөлөнүүнү ушунчалык эңсегенибизден улам азыркы денебизде жашаганыбызда, биз үшкүрүнүп келебиз.

3 Жаныбыз асмандык турагына бөлөнүп, рухубуз тураксыз калбайт.

4 Азыркы денебизде жашап турган чакта биз кыйналганыбыздан оор үшкүрүнүп жатабыз. Үшкүрүнгөнүбүз болсо ушул жердик турагыбыздан бошонгубуз келгендиктен эмес, тезирээк асмандык турагыбызга да бөлөнүүнү эңсегенибизден. Ошондо өлүк нерсе өлбөс болуп өзгөрөт.

5 Бизди ошого даярдап, ошентеринин кепилдиги катары бизге Өз Рухун ыроологон — Кудай.

6 Ошентип, азыр жашап жаткан турагыбыз — жердик денебиз — бизди асмандык турагыбыздан алыстатып турганын билсек да, кайратыбыздан жазбай келебиз.

7 Ошондуктан биз көзүбүз көргөн нерселер менен эмес, ишеним менен жашайбыз.

8 Мына ушинтип кайраттан жазбай, өз денебизден ажырап, асмандагы үйүбүзгө, Эгебиздин алдына барууну эңсеп турабыз.

9 Андыктан, асмандагы үйүбүздө болобу же ал жакта эмеспи, Кудайга жагууну каалайбыз.

10 Анткени Соттоочубуз — Машаяктын алдына барып, ар бирибиз денебизде жашаган кезде жасаган жакшы да, жаман да иштерибиздин тиешесин алууга тийишпиз.

11 Ошентип, Эгебиздин кадырын билип, биз башкаларды Анын жолуна түшүрүүгө аракеттенип жүрөбүз. Ал эми биздин кандай экенибиз Кудайга белгилүү. Муну силер да жакшы билесиңер деген үмүттөбүз.

12 Бул сөзүбүз менен биз кайрадан эле өзүбүздү мактайлы деген жокпуз. Кайра силерди биз менен сыймыктансын дедик. Ошондо ички дүйнөсүнө эмес, сырткы салабатына карап мактангандарга айтар сөзүңөр болот.

13 Силерге акылыбыз адашкандай өңдөндүбү? Андай болсо, бул Кудай үчүн. Ал эми акыл-эсибиз ордунда болсо, бул силердин пайдаңар үчүн.

14 Бизди Машаяктын сүйүүсү алдыга сүрөп турат. Анткени биз мындай тыянакка келдик: Бирөө баары үчүн өлсө, демек баары Аны менен кошо өлүштү.

15 Ал баарыбыз үчүн өлгөн. Ошон үчүн эми ким жаңы өмүргө ээ болсо, ал өзү үчүн эмес, ага өмүр бериш үчүн өлүп кайра тирилген Машаяк үчүн жашоого тийиш.

16 Мындан ары биз эч кимди адамдык көз караштан алып баамдай албайбыз. Мурда Машаякты да биз адамдык акыл менен түшүнгөн элек. Бирок эми андай кылбайбыз.

17 Машаяк менен биримдикте болгон ар кимди Кудай жаңыдан жараткан: эскинин баары кетип, эми баары жаңы болуп калды!

18 Мунун баарын кылган — Кудай. Ал Машаяк аркылуу бизди Өзү менен элдештирип, бизге да башкаларды Аны менен элдештирүү кызматын берди.

19 Айтайын дегеним, Машаяк аркылуу Кудай бүтүндөй дүйнөнүн кылган кыянаттыктарын эсептебестен, Өзү менен элдештирип койду. Бизге болсо ошол элдешүү тууралуу кабарды жеткирүү тапшырылган.

20 Ошондуктан биз Машаяктын атынан келген кабарчыларбыз. Биз аркылуу адамдарга Кудайдын Өзү кайрылып жатат. Машаяктын атынан өтүнөбүз: Кудай менен тынчтыкка келгиле!

21 Кудай биздин ордубузга эч жазыксыз Машаякты жоопкер кылды. Ал аркылуу биз эми Кудай алдында акталдык.

Бөлүмдөр: 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13