2 Падышалар | Ыйык Китеп онлайн - окуу жана изилдөө
меню

2 Падышалар 1 Бөлүм

тез өтүү:

1 Ахап өлгөндөн кийин, Маап Ысрайылдан бөлүнүп кетти.

2 Ахазай Самариядагы өз үйүнүн үстүңкү бөлмөсүнүн терезесинин тосмосунан жыгылып, ооруп жатып калды. Ошондо ал элчилерин мындай деп жөнөттү: «Баргыла, Экрон кудайы Баал-Зебуптан сурагыла: Мен ушул оорудан айыгамбы?»

3 Ошондо Теңирдин периштеси тишпилик Илияска мындай деди: «Тур, Самария падышасы жиберген элчилердин алдынан чыгып, аларга мындай деп айт: “Экрон кудайы Баал-Зебуптан сураганы баргыдай, эмне, Ысрайылда Кудай жокпу?

4 Ошон үчүн Теңир: “Жаткан төшөгүңдөн турбайсың, өлөсүң”, – дейт». Илияс жөнөп кетти.

5 Анан элчилер Ахазайга кайтып келишти. Ахазай алардан: «Силер эмне кайтып келдиңер?» – деп сурады.

6 Алар ага: «Алдыбыздан бир киши чыгып, бизге мындай деди: Силерди жиберген падышаңарга кайра кайрылып барып, ага айткыла: “Теңир мындай дейт: Экрондун кудайы Баал-Зебуптан сураганы жибергидей, эмне, Ысрайылда Кудай жокпу? Ошон үчүн сен жаткан төшөгүңдөн турбайсың, өлөсүң”», – деп жооп беришти.

7 Ошондо ал алардан: «Силердин алдыңардан чыгып, ушул сөздү айткан адамдын сырткы көрүнүшү кандай экен?» – деп сурады.

8 Алар ага: «Ал түктүү кийим кийген, белин кайыш кур менен курчаган киши экен», – деп жооп беришти. Ошондо ал: «Ал – тишпилик Илияс», – деди.

9 Анан ал ага элүү кишиси менен элүү башыны жиберди. Ал тоонун башында отурган Илияска барып: «Кудайдын кишиси, падыша сени түшсүн, – дейт», – деди.

10 Илияс элүү башыга: «Эгерде мен Кудайдын кишиси болсом, анда асмандан от түшүп, сени да, элүү кишиңди да өрттөп кетсин», – деп жооп берди. Ошондо асмандан от түшүп, аны элүү кишиси менен кошо өрттөп кетти.

11 Падыша ага башка элүү кишини элүү башысы менен жөнөттү. Ал ага: «Кудайдын кишиси, падыша сени тезирээк түшсүн дейт», – деди.

12 Илияс ага: «Эгерде мен Кудайдын кишиси болсом, анда асмандан от түшүп, сени да, элүү кишиңди да өрттөп кетсин», – деп жооп берди. Ошондо асмандан Кудайдын оту түшүп, аны элүү кишиси менен кошо өрттөп кетти.

13 Үчүнчү жолу да элүү башыны элүү кишиси менен жиберди. Үчүнчү элүү башы тоого чыгып, Илиястын алдына келип, тизелеп: «Кудайдын кишиси! Менин жана ушул элүү кулуңдун жанын бааласаң экен.

14 Асмандан от түшүп, мурдагы эки элүү башыны элүүдөн кишиси менен өрттөп кетти. Бирок менин жанымды бааласаң экен!» – деп жалынды.

15 Ошондо Теңирдин периштеси Илияска: «Аны менен бирге бар, андан коркпо», – деди. Ал туруп, аны менен падышага барды.

16 Илияс ага: «Теңир мындай дейт: Ысрайылда Кудай жок болгонсуп, Кудайдан сурабастан, элчилерди жиберип, Экрон кудайы Баал-Зебуптан сураганың үчүн, жаткан төшөгүңдөн турбайсың, өлөсүң», – деди.

17 Теңирдин Илияс аркылуу айткан сөзү боюнча Ахазай өлдү. Анын баласы жок болгондуктан, Жүйүт падышасы Жошапат уулу Жорамдын падышачылыгынын экинчи жылында бир тууганы Жорам такка отурду.

18 Ахазайдын башка иштери Ысрайыл падышаларынын тарых китебинде баяндалып жазылган.