2 Падышалар | Ыйык Китеп онлайн - окуу жана изилдөө
меню

2 Падышалар 7 Бөлүм

тез өтүү:

1 Элиша: «Теңирдин сөзүн уккула, Теңир мындай дейт: Эртең ушул убакта Самария дарбазасынын алдында бир ченем эң жакшы ундун баасы бир шекелден, эки ченем арпанын баасы бир шекелден болот», – деди.

2 Колуна падыша таянган төрө Кудайдын кишисине: «Теңир асман терезелерин ачса да, ошондой болмок беле?» – деди. Элиша ага: «Ошондой болгонун өз көзүң менен көрөсүң, бирок сен андан жебейсиң», – деди.

3 Дарбазанын кире беришинде пес оорулуу төрт киши отурган. Алар бири-бирине: «Өлүмдү күтүп, ушул жерде отура беребизби?

4 Шаарга барсак деле өлөбүз, анткени шаарда ачарчылык болуп жатат. Бул жерде отура берсек да өлөбүз. Андан көрө сириялыктардын кошуунуна барганыбыз жакшы. Бизди тирүү калтырышса, жашайбыз; өлтүрүшсө, өлөбүз», – дешти.

5 Күүгүм киргенде, алар сириялыктардын кошуунуна жөнөштү. Алар сириялыктардын кошуунунун четине келишсе, ал жерде бир да киши жок экен.

6 Теңир мындай кылган эле: сириялыктардын кошуунуна майдан арабалардын дүңгүрөгөнү, аттардын кишенегени, көптөгөн аскерлердин чуусу угулду. Ошондо алар бири-бирине: «Чын эле, Ысрайыл падышасы бизге кол салыш үчүн, мисирликтер менен хеттиктердин падышаларын жалдаса керек», – деп,

7 күүгүм киргенде алар чатырларын, аттарын, эшектерин, бүт кошуунун, ал кандай болсо, ошол бойдон таштап, жандарын гана сактап качып кетишти.

8 Жанагы пес оорулуулар кошуундун четине келип, бир чатырга кирип, ичип-жешти да, андан күмүштөрдү, алтындарды, кийимдерди алышты да, барып, катып коюшту. Башка чатырга да кирип, андан да алышты да, барып, катып коюшту.

9 Анан алар бири-бирине: «Биз туура эмес кылып жатабыз. Бул күн – кубанычтуу кабардын күнү. Эгер биз муну айтпай, жарык киргенче күтө турган болсок, анда айыпка жыгылабыз. Барып, падыша үйүнө билдирели», – деп айтышты.

10 Алар барып, шаар дарбазачыларын чакырып, аларга: «Биз сириялыктардын кошуунуна барсак, ал жерде бир да киши жок экен, адамдын үнү да угулбайт. Байланган аттар, байланган эшектер гана калыптыр, чатырлар кандай болсо, ошондой боюнча туруптур», – деп айтып беришти.

11 Дарбазачылар бул кабарды падыша сарайындагыларга айтып барышты.

12 Падыша түн ичинде туруп, өзүнүн кызматчыларына: «Мен силерге сириялыктардын бизге эмне кылганы жатышканын айтайын. Алар бизде ачкачылык болуп жатканын билишет, ошондуктан: “Алар шаардан чыкканда, биз аларды тирүү кармап, шаарды басып киребиз”, – деп ойлоп, кошуундан чыгып, талаага жашынып калышты», – деди.

13 Ошондо анын кызматчыларынын бири: «Шаарда калган беш атты алып, кишилерибизди жиберип көрөлү (Ысрайылдын кырылып калган атчан аскерлеринин кошуунунан калганы ошол гана болчу)», – деди.

14 Эки майдан арабага түгөйү менен чегилген аттарды алышты. Падыша аларды: «Барып, көрүп келгиле», – деп, сириялыктардын аскеринин артынан жиберди.

15 Алардын артынан Иорданга чейин жол жүрүштү. Жолдо сириялыктар шашылыш качып бара жатканда таштап кеткен кийимдери менен буюмдары жайнап жатыптыр. Жиберилгендер кайра кайтып келип, падышага билдиришти.

16 Эл жапырт чыгып, сириялыктардын кошуунун талап-тоноп алды. Теңирдин сөзү боюнча бир ченем эң жакшы ундун баасы бир шекелден, эки ченем арпанын баасы да бир шекелден болду.

17 Анан падыша колуна таянган төрөнү дарбазанын жанына койду. Эл аны дарбазанын жанында тебелеп салды. Ал өлдү, падыша Кудайдын кишисине келгенде, Кудайдын кишиси ага кандай айтса, ошондой болду.

18 Ошондо Кудайдын кишиси падышага: «Эртең ушул убакта Самариянын дарбазасынын алдында бир ченем эң жакшы ундун жана эки ченем арпанын баасы бир шекелден болот», – деген.

19 Ошондо ушул төрө Кудайдын кишисине: «Теңир асман терезелерин ачса да, ошондой болмок беле?» – деген эле. Кудайдын кишиси болсо ага: «Ошондой болгонун өз көзүң менен көрөсүң, бирок сен андан жебейсиң», – деген.

20 Ага кандай айтылса, ошондой болду. Эл аны дарбазанын алдында тепсеп салды, ал өлдү.