2 Падышалар | Ыйык Китеп онлайн - окуу жана изилдөө
меню

2 Падышалар 6 Бөлүм

тез өтүү:

1 Пайгамбар уулдары Элишага мындай деп айтышты: «Сенин жаныңдагы биз жашап жаткан жер бизге тардык кылат.

2 Иорданга баралы, ал жерден ар бирибиз бирден устун алалы да, ал жерге өзүбүзгө жашаганга жай куралы». Ал: «Баргыла», – деди.

3 Алардын бири: «Ырайым этип, кулдарың менен сен да бар», – деди. Ал: «Макул, барайын», – деди.

4 Ошентип, ал алар менен бирге кетти. Алар Иорданга келип, бак кыя башташты.

5 Бирөө бак кулатып жатканда, балтасы сууга түшүп кетти. Ошондо ал: «Ий, мырзам! Бул убактылуу пайдаланууга алынган балта эле», – деп кыйкырып жиберди.

6 Кудайдын кишиси: «Ал кайсы жерге түштү?» – деп сурады. Ал ага балта түшкөн жерди көрсөттү. Элиша бактан бир бутак кыйып алып, сууга таштады, ошондо балта калкып чыкты.

7 Анан ал ага: «Балтаны ал», – деди. Тигил колун сунуп, балтаны алды.

8 Сирия падышасы ысрайылдыктар менен согушууга жөнөп жатып, өз кызматчылары менен кеңешип: «Мен өз кошуунумду мындай-мындай жерге жайланыштырам», – деди.

9 Кудайдын кишиси Ысрайыл падышасына: «Ушундай жерден өтүүдөн сак бол, анткени ал жерде сириялыктар жашынып жатышат», – деп айттырып жиберди.

10 Ысрайыл падышасы Кудайдын кишиси айтып эскерткен жанагы жерге бир нече ирет киши жиберди. Ошентип, ал ошол жерге баруудан сактанды.

11 Ушундан улам Сирия падышасынын тынчы кетип, өз кулдарын чакырып, аларга: «Арабыздан кимдин Ысрайыл падышасы менен байланышы бар, айткылачы мага?» – деди.

12 Кызматчыларынын бири: «Мырзам падыша, андай эч ким жок. Ысрайылдагы Элиша пайгамбар сенин уктоочу бөлмөңдө айткан сөздөрүңдү да Ысрайыл падышасына айтып берет», – деди.

13 Ошондо ал: «Барып, анын кайда экенин билип келгиле. Киши жиберип, мен аны алдырып келем», – деди. Ага: «Азыр ал Дотанда», – деп билдиришти.

14 Ал ошол жерге аттарды, майдан арабаларды жана көп аскерлерди жөнөттү. Алар түнү менен келишип, шаарды курчоого алышты.

15 Кудайдын кишисинин кызматчысы эртең менен туруп, тышка чыкса, аскерлер, аттар жана майдан арабалар шаарды курчап алышыптыр. Ошондо кызматчысы ага: «Мырзам, эми эмне кылабыз?!» – деди.

16 Ал: «Коркпо, анткени биздикилер тигилердикинен көп», – деди.

17 Элиша Кудайга: «Теңир! Мунун көзүн ач, көрсүн», – деп сыйынды. Теңир анын кызматчысынын көзүн ачты. Ошондо ал Элишаны курчаган тоодон жер жайнаган оттуу аттар менен майдан арабаларды көрдү.

18 Сириялыктар Элишага жакындап келген кезде, ал Теңирге: «Аларды сокур кылып сал», – деп сыйынды. Элишанын сөзү боюнча Теңир аларды сокур кылып салды.

19 Элиша аларга: «Бул силер түшүүчү жол эмес, силер баруучу шаар эмес. Менин артымдан ээрчигиле, мен силерди издеп жүргөн кишиңерге алып барам», – деди. Элиша аларды Самарияга алып келди.

20 Алар Самарияга келишкенде, Элиша: «Теңир! Булардын көзүн ач, көрүшсүн», – деди. Теңир алардын көзүн ачканда, алар өздөрүнүн Самариянын ортосунда турушканын көрүштү.

21 Буларды көрүп, Ысрайыл падышасы Элишадан: «Ата, буларды өлтүрөйүнбү?» – деп сурады.

22 Ал: «Өлтүрбө. Өлтүргүдөй, сен буларды кылыч шилтеп, жаа тартып, туткундап келдиң беле? Булардын алдына нан, суу кой. Ичип-жешсин да, өз падышасына барышсын», – деди.

23 Ошентип, аларга мол тамак даярдалды, алар ичип-жешти. Анан аларды коё берди, алар өз падышасына кетишти. Ошондон кийин сириялык бул аскер тобу Ысрайыл жерине келген жок.

24 Андан кийин Сирия падышасы Бенадат өзүнүн бүткүл аскерин чогултуп, Самарияны курчап алды.

25 Алар Самарияны курчап алган убакта ал жерде чоң ачарчылык болуп, эшектин башы сексен күмүш шекелден, көгүчкөндүн кыгынын төрттөн бир кабы беш күмүш шекелден сатылып жаткан.

26 Бир жолу Ысрайыл падышасы дубалдын үстүндө бара жатса, бир аял ага: «Мырзам падыша, жардам кыл», – деп жалбарды.

27 Падыша ага: «Эгер сага Теңир жардам бербесе, мен эмне кылып жардам бермек элем? Кырманда дан жок, жүзүм сыгылуучу жайда шарап жок», – деди.

28 Падыша андан: «Сага эмне керек?» – деп сурады. Аял: «Бул аял мага: “Балаңды бер, биз аны бүгүн жейли, менин баламды болсо эртең жейбиз”, – деген.

29 Ошентип, менин уулумду бышырып жедик. Эртеси күнү мен ага: “Эми балаңды сен бер, аны жейли”, – дедим. Бирок ал уулун катып койду», – деди.

30 Аялдын сөзүн укканда, падыша өз кийимин айрып жиберди. Ал дубал менен өтүп бара жатканда, эл анын жылаңач денесине зумбал кийип алганын көрдү.

31 Падыша: «Эгер бүгүн Шапат уулу Элишанын башы ийнинде кала турган болсо, Кудай мени жазаласын, катуу жазаласын», – деди.

32 Элиша болсо өз үйүндө отурган, аныкында аксакалдар да отурушкан. Падыша өз атынан киши жиберди. Өзүнө жиберилген адам келерден мурун ал аксакалдарга мындай деди: «Бул киши өлтүргүчтүн уулу менин башымды алдырганы киши жибергенин көрдүңөрбү? Жиберилген адам келгенде, эшикти бекитип, ачпай койгула. Мына, анын артынан келе жаткан мырзасынын да дүбүртү угулуп жатат!»

33 Элиша алар менен сүйлөшүп бүтө электе, жиберилген адам келип: «Теңир башыбызга мына ушундай мүшкүл салды! Теңирден эми эмнени күтсөм болот?» – деди.