2 Падышалар | Ыйык Китеп онлайн - окуу жана изилдөө
меню

2 Падышалар 20 Бөлүм

тез өтүү:

1 Ошол күндөрү Хиския абдан катуу ооруп калды. Ошондо ага Амос уулу Ышайа пайгамбар келип: «Теңир мындай дейт: Өз тукумуңа мурас кагазын калтыр, анткени сен өлөсүң, айыкпайсың», – деди.

2 Хиския жүзүн дубалга буруп, Теңирге мындай деп сыйынды:

3 «Оо, Теңир! Сенин алдыңда туура жүргөнүмдү, Сага чын жүрөгүмдөн берилип, Сага жаккан иштерди кылганымды эстей көр». Анан Хиския катуу ыйлады.

4 Ышайа шаардан чыга электе, ага Теңирден сөз болду:

5 «Кайра кайтып, Менин элимдин башчысы Хискияга айт: Сенин атаң Дөөттүн Кудай-Теңири мындай дейт: Мен сенин сыйынууңду уктум, көз жашыңды көрдүм. Мен сени айыктырам. Үчүнчү күнү Теңир үйүнө барасың.

6 Сенин өмүрүңө дагы он беш жыл кошом, сени жана бул шаарды Ашур падышасынын колунан сактайм, бул шаарды Өзүм үчүн, Өзүмдүн кулум Дөөт үчүн коргойм».

7 Ышайа: «Кургатылган анжырды алгыла», – деди. Алар кургатылган анжырды алып, жарага жабышты. Ал айыгып кетти.

8 Ошондо Хиския Ышайадан: «Мени Теңир айыктырарын, үчүнчү күнү Теңир үйүнө барарымды билишим үчүн, кандай жышаан берилет?» – деп сурады.

9 Ышайа ага: «Өзү айткан сөздү аткарарын ырасташ үчүн Теңир берген жышаан бул: көлөкө он тепкич алдыга жылсынбы же он тепкич артка жылсынбы?» – деди.

10 Хиския: «Көлөкөнүн он тепкич алдыга жылышы оңой. Жок, көлөкө он тепкич артка жылсын», – деди.

11 Ышайа пайгамбар Теңирге сыйынып, Ахаздын тепкичтеринен түшүп келе жаткан көлөкөнү он тепкич артка жылдырды.

12 Ошол убакта Бабыл падышасы, Баладан уулу Меродах-Баладан Хискияга кат жана белек жиберди, анткени Хискиянын ооруп жатканын уккан.

13 Хиския элчилердин айтканын угуп, аларга өзүнүн казыналарын, алтын-күмүштөрүн, жыпар жыттуу заттарын, кымбат баалуу, жыпар жыттуу майларын жана курал-жарак сактаган үйүн, кампаларын, аларда эмне болсо, ошонун баарын көрсөттү. Хиския өз үйүндөгү, өз падышачылыгындагы бардык нерсени көрсөттү, аларга көрсөтпөгөн нерсеси калган жок.

14 Ошондо Ышайа пайгамбар Хиския падышага келип: «Бул кишилер эмне дешти, алар сага кайдан келишти?» – деп сурады. Хиския ага: «Алар мага алыс жактан, Бабылдан келишти», – деп жооп берди.

15 Ышайа: «Алар сенин үйүңдөн эмнени көрүштү?» – деп сурады. Хиския: «Алар менин үйүмдө эмне болсо, ошонун баарын көрүштү. Менин казыналарымда аларга көрсөтпөгөн нерсе калган жок», – деп жооп берди.

16 Ошондо Ышайа Хискияга мындай деди: «Теңирдин сөзүн ук:

17 Сенин үйүңдө эмне болсо, ошонун баарын, ата-бабаларың ушул күнгө чейин эмне жыйнап келишсе, ошонун баарын Бабылга алып кетүүчү күндөр келет. Эч нерсе калбайт, – дейт Теңир.

18 Сенин тукумуңдан, сенин уулдарыңдан алып кетишет, алар Бабыл падышасынын падыша сарайында эбнух болушат».

19 Ошондо Хиския Ышайага: «Сен айткан Теңирдин сөзү жакшы», – деди. Ал: «Менин өмүрүм өткүчө тынчтык жана жыргалчылык болот!» – деп ойлогондуктан ушинтип айтты.

20 Хиския жөнүндө, анын бардык эрдиктери, көлмө жана арык казганы, шаарга суу киргизгени жөнүндө Жүйүт падышаларынын тарых китебинде баяндалып жазылган.

21 Хиския ата-бабаларына кошулду. Анын ордуна уулу Менаше такка отурду.