1 Сирия падышасынын аскер башчысы Нааман өз мырзасынын кадырлуу жана мыкты деп эсептелген адамы эле, себеби сириялыктарга жеңишти Теңир ошол аркылуу берген. Ал киши мыкты жоокер болчу, бирок пес оорулуу эле.
2 Сириялыктар бир жолу жоокерлери менен барып, Ысрайыл жеринен бир кичинекей кызды туткундап келишкен, ал Наамандын аялына кызмат кылчу.
3 Ал өзүнүн мырзайымына: «Эгерде мырзам Самариядагы пайгамбарга барып келсе, анда ал аны пес оорусунан айыктырат эле!» – деди.
4 Ошондо Нааман өз мырзасына барып: «Жанагы Ысрайыл жеринен келген кыз ушундай-ушундай деп айтып жатат», – деди.
5 Сирия падышасы Нааманга: «Барып кел, мен Ысрайыл падышасына кат жиберем», – деди. Ал жанына он талант күмүш, алты миң шекел алтын жана он сыйра кийим алып, жөнөп кетти.
6 Ал Ысрайыл падышасына катты алып келди. Ал катта мындай деп жазылган эле: «Мен ушул кат менен бирге кызматчым Нааманды сага жиберип жатам, сен аны пес оорусунан айыктыр».
7 Ысрайыл падышасы катты окуганда, өз кийимин айрып: «“Пес оорусунан айыктыр”, – деп, мага жибергидей, өлтүргүдөй же тирилткидей, мен, эмне, Кудаймынбы? Мына көрдүңөрбү, ал мени менен касташуу үчүн шылтоо издеп жатат», – деди.
8 Кудайдын кишиси Элиша Ысрайыл падышасынын өз кийимин айрыганын угуп, падышага: «Сен эмне үчүн өз кийимиңди айрыдың? Ал мага келсин, Ысрайылда пайгамбар бар экенин билсин», – деп айттырып жиберди.
9 Ошондо ал өзүнүн аттары жана майдан арабалары менен келип, Элишанын үйүнүн алдына токтоду.
10 Элиша ага кызматчысынан: «Барып, Иорданга жети жолу жуунгун, ошондо сенин денең айыгып, таза болосуң», – деп айттырып жиберди.
11 Наамандын ачуусу келип: «Ал мага өзү келип, өз Кудай-Теңиринин ысымын чакырып, колун ооруган жериме коюп, пес оорусунан айыктырат деп ойлогом.
12 Дамасктын Абана жана Парпар дарыялары Ысрайылдын сууларынан артык эмеспи? Эмне, мен ошолорго түшүп жуунсам, тазаланбаймынбы?» – деди. Ошентип, ал бурулду да, ачууланган бойдон жөнөп кетти.
13 Ошондо анын кулдары жанына келип: «Атабыз, эгер пайгамбар сага бир чоң ишти айтса, сен аны кылмаксың да. Эми анын жөн гана: “Жуунгун, ошондо таза болосуң”, – деген сөзүн аткарбай коёсуңбу?» – дешти.
14 Ал барып, Кудайдын кишисинин сөзү боюнча Иорданга жети жолу чөмүлдү, ошондо анын денеси айыгып, жаш баланын денесиндей таптаза болуп калды.
15 Ал өзүнүн коштоп жүргөн кишилери менен Кудайдын кишисине кайтып келип, анын алдына туруп: «Ысрайылдан башка жерде Кудай жок экенин мен эми билдим. Ошондуктан кулуңдун белегин кабыл ал», – деди.
16 Элиша: «Мен алдында турган Теңир тирүү! Белегиңди албайм», – деди. Тигил ага: «Ал», – деп суранды, бирок ал макул болбой койду.
17 Ошондо Нааман мындай деди: «Анда кулуңа эки качыр көтөрө алгыдай топурак берилсин, анткени кулуң ушул күндөн тартып, Теңирден бөлөк кудайларга бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктарды жана башка курмандыктарды чалбайт.
18 Бирок Теңир кулуңа мындай учурда кечирим кылсын: менин төрөм Римон үйүнө табынганы барганда, менин колума таянат, ошондо мен Римон үйүндө табынам, ушундай учурда Римон үйүндө табынганым үчүн, Теңир кулуңду кечирсин».
19 Ошондо ал ага: «Тынчтык менен бара бер!» – деди. Ал андан бир аз узап кеткенден кийин,
20 Кудайдын кишиси Элишанын кызматчысы Гейхази ичинен мындай деп ойлоду: «Мырзам сириялык Нааман алып келген белектерди албай койду. Теңир тирүү! Анын артынан чуркап барайын да, андан бир нерсе алайын».
21 Ошентип, Гейхази Наамандын артынан кетти. Нааман артынан чуркап келе жаткан кишини көрүп, майдан арабасынан түшүп, аны утурлап чыгып: «Баары жайындабы?» – деп сурады.
22 Ал: «Баары жайында, бирок мырзам мени сага мындай деп жөнөттү: “Мага азыр Эпрайым тоосунан, пайгамбар уулдарынан эки жаш жигит келди. Аларга бир талант күмүш жана эки сыйра кийим бер”», – деди.
23 Ошондо Нааман: «Ал, эки талант ал», – деди. Аны көндүрүп, эки талант күмүштү, эки сыйра кийимди эки капка салып, өзүнүн эки кызматчысына берди. Алар көтөрүп алып, тигинин алдына түшүштү.
24 Гейхази дөбөгө жеткенде, буюмдарды кулдардын колунан алып, үйүнө катып койду. Аларды коё берди, алар кетишти.
25 Гейхази келип, өз мырзасына көрүнгөндө, Элиша ага: «Гейхази, кайда барып келдиң?» – деди. Ал: «Сенин кулуң эч жакка барган жок», – деп жооп берди.
26 Элиша ага: «Эмне, жанагы киши майдан арабасынан түшүп, сени утурлап чыкканда, жүрөгүм сенин жаныңда эмес беле? Азыр күмүш, кийим, зайтун бак, жүзүмзар, майда жана бодо мал, күң жана кул ала турган убакпы?
27 Наамандын пес оорусу сенден жана сенин тукумуңдан түбөлүккө кетпесин», – деди. Ошондо Гейхази пес оорусуна чалдыгып, Элишаныкынан кардай аппак болуп чыкты.