1 Таң атканда Ысрайыл падышасы өлөт! Ысрайылды Мен жаш чагынан сүйдүм, Мен уулумду Мисирден чакырып алдым.
2 Аларды чакырып жатышты, бирок алар улам алыстап жатышты. Алар Баалга арнап курмандык чалып, буркандарга жыпар жыттуу зат түтөтүп жатышты.
3 Мен Өзүм Эпрайымга басканды үйрөткөм, аны Өз колума салып көтөрүп жүргөм, алар болсо өздөрүн айыктырып турган Мен экенимди билишкен жок.
4 Мен аларды адамдык байланыш менен, сүйүү байланышы менен алып жүрдүм, Мен алар үчүн алардын ооздугун алып салган кишидей болдум, эңкейип, аларга тамак берип турдум.
5 Ал Мисирге кайра барбайт, бирок Ашур анын падышасы болот, анткени алар Мага кайрылууну каалашкан жок.
6 Ошон үчүн анын шаарларына кылыч шилтенет, дарбазаларын талкалайт, аларды өздөрүнүн жаман ойлору үчүн жеп жутат.
7 Менин элим Менден баш тартканын койгон жок, аны жогору жакка чакырышса да, алардын ичинен эч ким көтөрүлгөн жок.
8 Эпрайым, сени кантип салып берейин? Ысрайыл, сени кантип таштап коёюн? Сага кантип Адамага кылгандай, Себоимге кылгандай кылайын? Менин жүрөгүм өзгөрүлдү, Менин бүт аёом ойгонду.
9 Мен Өзүмдүн катуу каарым боюнча кылбайм, Эпрайымды жок кылбайм, анткени Мен Кудаймын, адам эмесмин. Силердин араңарда Ыйыкмын. Мен жок кылуучу каарым менен келбейм.
10 Алар арстанга окшоп үн салган Теңирдин артынан жөнөшөт, Ал үн салганда, батыштагы уулдар титиреп келишет.
11 Алар Мисирден куштардай болуп, Ашур жергесинен көгүчкөндөрдөй болуп талпынып келишет, ошондо Мен аларды үйлөрүнө киргизем, – дейт Теңир.
12 Эпрайым Мени алдамчылык менен, Ысрайыл амалкөйлүк менен курчады. Жүйүт болсо Кудайга, ишенимдүү Ыйыкка ишенимдүү болгон жок.