Ошуя | Ыйык Китеп онлайн - окуу жана изилдөө
меню

Ошуя 14 Бөлүм

тез өтүү:

1 Самария бүлгүнгө учурайт, анткени ал өз Кудайына каршы чыкты: алар кылычтан кулашат, алардын наристелери кылыч менен кыя чабылат, кош бойлуу аялдары жара чабылат.

2 Ысрайыл, өзүңдүн Кудай-Теңириңе кайрылып кел, анткени сен өзүңдүн мыйзамсыздыгыңан улам мүдүрүлүп жыгылдың.

3 Өзүңөр менен кошо сөздөрдү алып, Теңирге кайрылып келгиле, Ага мындай дегиле: «Бардык мыйзамсыздыгыбызды кечир, бизге жакшылык кыл, ошондо биз Сага ооз курмандыгын чалабыз.

4 Ашур эми бизди куткарбайт. Мындан кийин атка минбейбиз, мындан ары колубуздан чыккан буюмдарды “биздин кудайларыбыз” деп атабайбыз, анткени жетимдер Сенден гана ырайым табышат».

5 Алардын баш тартуучулугун дарылайм, аларды Өз каалоом менен сүйөм, анткени Менин каарым алардан бурулду.

6 Мен Ысрайылга шүүдүрүм болом. Ал лилиядай болуп гүлдөйт, Лебанон сыяктуу тамыр жаят.

7 Анын бутактары жайылат, ошондо анын сулуулугу зайтун дарагындай болот, андан Лебанондун жытындай жыпар жыт чыгат.

8 Анын көлөкөсүндө отургандар кайтып келишет, эгин өстүрүшөт, өздөрү жүзүм сабактары сыяктуу гүл ачышат, анын жыты Лебанон шарабындай болот.

9 «Эми буркандар менен эмне ишим бар?» – дейт Эпрайым. Мен аны угам, ага назарымды салам. Мен түбөлүк көгөрүп турган кипаристей болом: Сенин жемиштериң Менден болот.

10 Акылдуу адам муну түшүнсүн, даанышман адам муну билсин. Анткени Теңирдин жолдору туура, ал жолдор менен адил адамдар жүрүшөт, ал эми мыйзамсыздар ал жолдордо мүдүрүлүшөт.