Ошуя | Ыйык Китеп онлайн - окуу жана изилдөө
меню

Ошуя 7 Бөлүм

тез өтүү:

1 Мен Ысрайылды дарылап жатканда, Эпрайымдын күнөөсү, Самариянын кыянат иштери ачыкка чыкты. Анткени алар жалган иштерге барып жатышат. Ууруга кирип жатышат, көчөлөрдө каракчылар талап-тоноп жатышат.

2 Алардын кыянат иштеринин баары Менин эсимде экенин алар ойлошпойт. Азыр алар өздөрүнүн иштеринин курчоосунда калды. Алар Менин көз алдымда.

3 Алар өздөрүнүн кыянат иштери менен падышаны, жалганчылыктары менен төрөлөрдү кубандырып жатышат.

4 Алар өздөрүнүн бузуктугу менен, жууруган камыры ачыганда от жакканды токтотуп койгон наабайчынын алоолонгон мешиндей болуп жалындап күйүп жатышат.

5 Биздин падышабыздын күнүндө төрөлөр шарапты мас болгончо ичип, ооруп калышты. Ал болсо шылдыңчылдарга колун сунду.

6 Алар буктурмада отуруп алышып, жүрөктөрүн меш сыяктуу даярдап жатышат: алардын наабайчысы түнү бою уктап жатат, ал эми эртең менен меш жалындаган оттой болуп күйөт.

7 Алардын бардыгы мештеги оттой жалындап күйүп, өздөрүнүн башкаруучуларын жалмап жатышат. Алардын падышаларынын бардыгы кулап жатышат, алардын арасында Мени чакырган эч ким жок.

8 Эпрайым элдер менен аралашып калды, Эпрайым оодарылбаган нанга окшоп калды.

9 Анын күч-кубатын башкалар жалмап жатышты, бирок ал байкаган жок. Анын чачын ак басты, бирок ал билген жок.

10 Ысрайылдын текебердиги өзүнө каршы күбөлөндүрүп жатат, ошонун бардыгына карабастан, алар өздөрүнүн Кудай-Теңирине кайрылышкан жок, Аны издешкен жок.

11 Эпрайым эси жок, акылсыз көгүчкөнгө окшоп калды: мисирликтерди чакырып жатышат, Ашурга бара жатышат.

12 Алар бара жатышканда, Мен алардын үстүнө Өзүмдүн торумду ыргытам. Аларды асман канаттууларына окшотуп жерге кулатып түшүрөм. Аларды өздөрүнүн жамаатына айтылгандай жазалайм.

13 Кайгы аларга! Анткени алар Менден алыстап кетишти. Алаамат аларга! Анткени алар Мага каршы чыгышты. Мен аларды куткарып турдум, алар болсо Мага каршы жалган сүйлөп жатышты.

14 Алар өз төшөгүндө онтоп жатышканда, Мени чын жүрөктөн чакырышкан жок. Алар нан менен шарап үчүн чогулушат, Менден болсо алысташат.

15 Мен аларды акылга салып турдум, алардын билегин чыңдап турдум, бирок алар Мага каршы жамандык ойлоп жатышты.

16 Алар кайрылышты, бирок Баарынан Жогоркуга эмес. Алар алдамчы жаадай болуп калышты. Алардын төрөлөрү өздөрүнүн тилинин заардыгынан кылычтан кулап жатышат. Мисир жериндеги алардын үстүнөн болгон шылдың ушул.