Ошуя | Ыйык Китеп онлайн - окуу жана изилдөө
меню

Ошуя 3 Бөлүм

тез өтүү:

1 Анан Теңир мага мындай деди: «Дагы барып, күйөөсү сүйгөн, бирок өзү ойноштук кылган аялды сүй, аны Теңир Ысрайыл уулдарын сүйгөндөй сүй. Теңир аларды сүйөт, алар болсо башка кудайларга кайрылышат, алардын мейиз кошулган токочторун жакшы көрүшөт».

2 Ошондо мен аны он беш күмүш дилдеге, бир хомер арпага жана жарым хомер арпага сатып алдым.

3 Анан ага: «Меникинде көп күн жаша. Бузуктук кылба, эч ким менен болбо, мен да сага жакындабайм», – дедим.

4 Анткени Ысрайыл уулдары көп убакытка чейин падышасыз, төрөсүз, курмандыксыз, курмандык чалынуучу жайсыз, эфодсуз жана терафимсиз калышат.

5 Ошондон кийин Ысрайыл уулдары күнөөлөрү үчүн өкүнүп, өздөрүнүн Кудай-Теңирин жана өздөрүнүн падышасы Дөөттү издешет. Акыркы күндөрү Теңирдин жана Анын ырайымы алдында титирешет.