Ошуя | Ыйык Китеп онлайн - окуу жана изилдөө
меню

Ошуя 6 Бөлүм

тез өтүү:

1 Алар кайгы тартып жатканда, таң азандан Мени издеп, «Жүргүлө, Теңирге кайра баралы! Анткени бизди Ал тыткылады, бизди Өзү айыктырат; бизди Ал жаралады, биздин жараатыбызды Өзү таңат.

2 Бизди эки күндөн кийин тирилтет, үчүнчү күнү бизди тургузат, ошондо биз Анын алдында жашайбыз.

3 Ошондуктан таанып билели, Теңирди таанып билүүгө умтулалы. Анын келиши таңкы жарыктай, Ал бизге жамгыр сыяктуу келет, кеч жааган жамгыр сыяктуу жерди сугарат», – дешет.

4 Эпрайым, сага эмне кылайын? Жүйүт, сага эмне кылайын? Силердин адилдигиңер таңкы булуттай, эрте жок болуп кетүүчү шүүдүрүмдөй.

5 Ошондуктан Мен аларды пайгамбарлар аркылуу жонуп жылмаладым, оозумдан чыккан сөздөр менен өлтүрдүм, Менин акыйкаттыгым таңкы жарыктай.

6 Анткени Мен курмандыктарды эмес, ырайымдулукту каалайм. Бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкка караганда Кудайды таанып билүүнү артык көрөм.

7 Адамга окшоп алар келишимди бузушту, ошол жерде Мага бейопалык кылышты.

8 Гилат – мыйзамсыздардын канга булганган шаары.

9 Адамды аңдыган каракчыларга окшоп, ыйык кызмат кылуучулардын тобу Шекемге бара жаткан жолдо киши өлтүрүп жатышат, жийиркеничтүү иштерди кылып жатышат.

10 Мен Ысрайылдан үрөйдү учурган нерсени көрүп турам: ал жерде Эпрайым бузуктук кылып жатат, Ысрайыл булганды.

11 Жүйүт, сен үчүн да оруу-жыюу күнү белгиленген, ал Мен элимди туткундан кайра алып келген мезгилге белгиленген.