1 Боордоштор, ата-бабаларыбыз башынан өткөргөндөрдү эсиңерге салып кетейин дедим. Алардын бардыгы булуттун далдаасында болуп, деңизден өтүшкөн.
2 Ошондо Мусанын артынан ээрчиген алар баары тең булут менен деңизден чөмүлүү расмисинен өтүшкөндөй болушту.
3 Бардыгы тең бирдей рухий даамдан сызышып,
4 өздөрүн жандап бараткан аскадан бирдей рухий суудан ичишкен. Ал аска Машаяктын Өзү эле.
5 Бирок ошентсе да, көбү Кудайга жакпаган иш кылышып, чөлдөн ажал табышты.
6 Аларга окшоп ниетибиз бузулбасын үчүн, болуп өткөндүн баары бизге эскертүү катары калган.
7 Алардын кээ бирөөлөрүндөй буркандарга табына көрбөгүлө. Андайлар тууралуу мындай деп жазылганы бар: «Эл жайлашып отуруп, ичип-жеп, анан оюн-тамашага киришти».
8 Алардын кээ бирөөлөрүндөй бузукулукка кирип кетпейли. Ошол убакта бузукулуктун кесепетинен бир күндө жыйырма үч миң киши кырылган эле.
9 Алардын кээ бирлерине окшоп Машаякты сынап да көрбөйлү. Ошенткен аларды жыландар чагып өлтүргөн.
10 Алардын кээ бирлерине окшоп догурунгандай да болбойлу. Догурунган алар Кудайдын буйругу менен өлтүрүлгөн.
11 Алар баштарынан өткөндөрдүн баары башкаларга үлгү катары калып, акыр заман алдында жашаган бизге эскертүү болсун үчүн жазылып да калган.
12 Өзүн Кудай жолунда бек турам деп ойлогондор, кулап кетпеш үчүн абайлагыла.
13 Силер өткөн сыноолордун бардыгы ар бир эле адам өтүүчү кадыресе сыноолор. Кудайыбыз болсо ишенимдүү. Ал силерди алыңар жетпеген сыноого дуушар кылбайт. Анын ордуна, сыноодон өтүп жатканыңарда, андан кутулуп чыгууга жол ачып, кыйынчылыктарды көтөрүүгө күч-кубат берет.
14 Ошентип, сүйүктүүлөрүм, буркандарга багышталган таат-ийбадаттан оолак болгула.
15 Муну мен силерге акыл-эсиңер бар деп айтып жатам. Айткандарымды өзүңөр акыл калчап ойлонуп көргүлө.
16 Кудайга шүкүрчүлүк келтирип ичкен чөйчөк бизди Машаяктын канына тиешелүү кылбайбы? Же ошондо сындырып жеген нан бизди Машаяктын денесине тиешелүү кылбайбы?
17 Көп болгонубуз менен, бизди баш коштуруп, бир дене кылган нан бирөө гана, анткени баарыбыз бир нандан даам татабыз.
18 Ысрайыл элин карагылачы: Кудайга багышталган курмандыктан ооз тийгендер Кудай менен бирге даам сызышпайбы?
19 Муну менен мен эмнени айткым келет? Буркан-балбалдар менен аларга багышталган курмандык бир нерсеге татыйт дегендиби?
20 Арийне, жок. Айтайын дегеним, бутпарастар тартуу кылган курмандыктар Кудайга эмес, жиндерге багышталат. Мен болсо силердин жиндер менен бирге даам сызышыңарды каалабайм.
21 Силер бир эле мезгилде Эгебиздин чөйчөгүнөн да, жиндердин чөйчөгүнөн да ооз тийип, Эгебиздин дасторконунан да, жиндердин дасторконунан да даам тата албайсыңар.
22 Же Эгебиздин кыжырына тийгибиз барбы? Биз, эмне, Андан кудуреттүү белек?
23 «Бардыгын жасоого акыбыз бар», — дейсиңер. Ырас, мунуңар туура. Бирок бардык эле нерсе жакшылыкка алып келбейт. «Бардыгын жасоого акыбыз бар» болгону менен бардык эле нерсе рухий жактан жетилтпейт.
24 Баарың тең жеке кызыкчылыгыңарды ойлобой, андан көрө, башкалардын кызыкчылыгын ойлогула.
25 Базарда сатылган эттин баарын кысталбай эле алып жей бергиле. Эттин кайдан келгенин сурабаганыңар үчүн абийириңер силерди кыйнабасын,
26 анткени «жердин өзү да, андагы бардык нерселер да Жараткан Эгебиздики».
27 Кудайга ишенбеген адам конокко чакырып калса, көңүлүңөр келип турса, баргыла. Бирок ал жерден силерди абийириңер кыйнабасын, сураштырып олтурбай, тартылган тамактын баарынан эле алып жей бергиле.
28 Бирок кимдир бирөө: «бул буркандарга багышталган тамак эле», — деп калса, анда муну айткан киши үчүн жана абийирдин таза сакталышын ойлоп, ошол тамактан жебей койгонуңар оң.
29 Абийир дегеним силердин эмес, жанакы айткан кишинин абийири. Эмне үчүн менин эркиндигим башка бирөөнүн аны кыйнаган абийири үчүн чектелип калышы керек?
30 Ыраазычылык айтуу менен тамак алып жесем, анда эмне үчүн ыраазычылык айтып жеген тамагым үчүн кимдир бирөө мени айыпташы керек?
31 Ошентип, ичесиңерби, жейсиңерби — эмне кылсаңар да, ошонун баарын Кудайдын атагы чыккандай кылгыла.
32 Иудейлерди да, башка улуттагыларды да, Кудайдын жыйынындагыларды да — эч кимди нааразы кылбагыла.
33 Мени карасаңар: мен өз пайдамды эмес, көпчүлүктүн пайдасын көздөп, алар куткарылып калгай эле деп, эмне жасасам да, бардыгына жаккандай жасоого аракеттенип жатам.