Корунттуктарга биринчи кат 2 Бөлүм
1 Боордоштор, силерге келгенимде, Кудайдын акыйкаттыгы тууралуу купуя кабарды чечендикке же акылмандуулукка салып жар салууга далалаттанганым жок.
2 Анткени араңарда жүргөнүмдө, Ыйса Машаяктан, өзгөчө Анын айкаш жыгачка керилип өлгөнүнөн башка эч нерсени билбегендей болууну чечкем.
3 Ошентип, силерге келгенимде, алдыңарда эч дарманым жок, коркконуман калтырап-титиреп турган элем.
4 Сүйлөгөн сөзүм менен айткан насаатымда адам акылмандыгынан келип чыккан сөздөрдү колдонгонум жок. Силерди ынандырган менин кебим эмес, Кудайдын кудуреттүү Руху.
5 Демек, ишенимиңер адам акылына эмес, Кудайдын кудуретине негизделген.
6 Албетте, рухий жетилгендерге сөз айтканда, биз деле акылмандыкка таянып сүйлөйбүз. Бирок ал — бул дүйнөнүн же болбосо бул дүйнөнү башкарып турган өкүмдарлардын акылмандыгы эмес: алардын заманы өтүүдө.
7 Жар салганыбыз — Кудайдын жашырын, адам көзүнө көрүнбөгөн акылмандыгы. Бизди Өз улуулугуна бөлөш үчүн Кудай аны тээ алмустактан мурда эле дайындап койгон.
8 Бул акылмандыкты дүйнөнүн өкүмдарлары түшүнө алышпайт. Түшүнүшсө, Улуулуктун Эгесин айкаш жыгачка кадашмак эмес.
9 Кантсе да, Ыйык Жазуунун мындай деп айтылган жери бар: «Кудайды жан-дилинен сүйгөндөргө Ал Өзү даярдаган укмуштарды Адамдар көргөн да эмес, уккан да эмес, Эч кимдин оюна да келген эмес».
10 Бирок Кудай бизге Өз акылмандыгын Ыйык Рух аркылуу ачык-айкын билдирди. Рухка бардыгы, ал тургай Кудайдын жашыруун ой-максаттары да маалым.
11 Адамдын ой-санааларын ичиндеги руху гана билген өңдүү, Кудай тууралуу бардыгын Анын Руху гана биле алат.
12 Биз кабыл алган рух ушул дүйнөнүн руху эмес. Кудайдын бизге эмнелерди ыроологонун түшүнүп-билиш үчүн бизге Кудай Өзүнүн Ыйык Рухун жиберди.
13 Кудайдын Рухуна ээ болгондорго рухий чындыктарды чечмелегенибизде, биз адамдык акылмандыктан эмес, Рухтан үйрөнгөн сөздөрдү колдонобуз.
14 Кимде Кудайдын Руху жок болсо, ал Рух ыроологон касиеттерге да ээ боло албайт. Алар анын түшүнүгүнөн сырткары туруп, ага эч маңызы жоктой көрүнөт, себеби рухий нерселерди баамдаш үчүн адам Рухка ээ болууга тийиш.
15 Ыйык Рухка ээ болгондор болсо бардыгын баамдай алышат, бирок алардын өздөрүн баамдоого эч кимдин кудурети жетпейт.
16 «Кудайдын акыл-оюн барбы билген? Кимиси Эгебизге кеңеш берген?»