1 Бизди Машаяктын кызматчылары, Кудайдын купуя сырларын жарыялоо ишин башкарууга гана дайындалгандар катары көрүшүңөр керек.
2 Ал эми ар бир башкаруучууга коюлган талап — ишенимдүү болуу.
3 Мен ишенимдүүлүгүм силер тараптан же кандайдыр башка адамдар тарабынан текшерилип бааланат деп убайым жебейм. Ал турсун мен өзүм да өзүмө баа бере албайм.
4 Өзүмдөн өзүм айып таппасам да, муну эч жазыксыз экенимдин далили катары көрбөйм. Мени текшерип баалай турган — Эгебиз Өзү.
5 Андыктан убагы келгиче, силер да эч кимге баа берүүгө ашыкпай, Эгебиздин кайтар күнүн күткүлө. Ал келгенде, мурда караңгыдан улам көрүнбөгөн нерселерди көрүнөө кылып, адамдардын жашырын ой-санааларын ачыкка чыгарат. Андан соң, ар ким Кудайдан алкышын алат.
6 Боордоштор, жогорудагынын баарын Апол экөөбүздү мисалга алып айтканда, мен муну силердин эле пайдаңар үчүн кылдым. Эми силер бизден үлгү алып, «жазылгандан артык эч нерсе кылбагыла» деген сөздүн маанисин түшүнүп, бирибиз менен сыймыктанып, башкабызга өйдөсүнүп карабашыңар керек.
7 Же кимдир бирөө силерди башкалардан жогору коюп койду беле? Же эмнеге ээ болсоңор, ошонун баары Кудайдан эмеспи? Кудайдан болсо, анда эмне себептен бардыгына өзүңөр жетип алгансып мактанып жатасыңар?
8 Бардык кем-карчыңар эбак эле толуп калгансып, азыртан эле байлыгыңар ашып-ташып кеткенсип, биз жок өзүңөрчө эле падыша болуп алганыңарды кара! Силер чындыгында эле падыша болсоңор кана! Анда биз да силерге кошулуп, бирге падышалык кылбайт белек.
9 Сыягы, Кудай бизди, Өз элчилерин, бүтүндөй ааламга — периштелер менен адамзатка оюн-тамаша кылып, ажалын көпчүлүктүн алдында табууга өкүм чыгарылган туткундар сыяктуу салтанаттуу жүрүштүн эң артына койгон өңдөнөт.
10 Карасаңар, биз Машаяк үчүн акылынан ажыраган немелердей болсок, силер Анын аркасы менен «акылман» болупсуңар! Биздин шайыбыз кетип жатса, силер алга-күчкө толуп турасыңар! Биз кордук көрсөк, силер кадыр-баркка жетип отурасыңар!
11 Күнү бүгүнкүгө дейре курсагыбыз тойбой, суусап, киймибиздин тамтыгы кетип, келтек жеп, баш пааналар үйүбүз жок,
12 күнүмдүк наныбызды өз маңдай терибиз менен таап жүрөбүз. Ким бизди жамандаса, ага кайра бата тилеп, куугунтуктаса, чыдап,
13 тил тийгизгендерге кайра жылуу сөз менен жооп кайтарабыз. Азыркыга дейре бардыгына тепсенди, бул дүйнөнүн сапырындысы сыяктуу болуп келебиз.
14 Муну силерди уяткарыш үчүн эмес, өзүмдүн боор этим менен тең балдарымдай көрүп, эскертип коюш үчүн жазып жатам.
15 Себеби Машаяктын жолунда насаат айтчу миңдеген устаттарыңар болсо да, алардын бири да атаңар эмес. Силерге Жакшы Кабар айтып келген мен болсо Машаяк Ыйса менен болгон жашооңордо атаңар болуп калгам.
16 Андыктан менден үлгү алгыла деп жалынам.
17 Ушул максат менен силерге Машаяк аркылуу сүйүктүү, ишенимдүү уулум болуп калган Тиметейди жибердим. Ал келгенде, мен Машаяк Ыйса менен эриш-аркак жашаганымда өзүм да карманып, бардык жерлердеги жыйындарда окутуп да жүргөн жол-жоболорду эсиңерге салат.
18 Кээ бириңер мени келбейт экен деп, бой көтөрүп кетипсиңер.
19 Бирок, Кудай буюрса, жакын арада силерге барып калгым бардыр. Ошондо жанакы көөдөнү жоктордун эмне сөз айтканын эле эмес, кандай кудуретке ээ экенин да көрөм.
20 Анткени Кудайдын Падышачылыгы сөздөн эмес, күч-кудуреттен көрүнөт.
21 Ошентип, силер менин кантип келишимди каалар элеңер: колума таяк кармаппы же болбосо сүйүү көрсөтүп, аяр мамиле кылыппы?