1 Эми ыйыктар үчүн акчалай жардам чогултуу тууралуу: Галатиядагы жыйындарга эмнени буюрсам, силер да ошону аткаргыла.
2 Мен келгенде гана акча чогултмай башталбас үчүн, дайыма жуманын биринчи күнү ар бириңер өз иштеп тапканыңарга жараша, колуңардан келген акчаны бөлүп, ошону сактап койгула.
3 Мен болсо силерге барып калганымда, өзүңөр тандаган кишилерге ишеним кат жазып берип, акчаңарды жеткириш үчүн Иерусалимге жөнөтөм.
4 Ал эми өзүм да ал жакка барышым керек болсо, анда алар мени менен чогуу барышат.
5 Менин Македония аймагын кыдырып чыгайын деген ниетим бар. Андыктан Македонияны басып өткөндөн кийин силерге келип кетмекчимин.
6 Силердикине бир аз токтоп, балким, кыштап да кетермин. Андан соң, силер мени барар жериме узатып коёрсуңар.
7 Жөн эле тийип кетким келбей, Эгем буюрса, аздыр-көптүр силер менен болуп кетем деген үмүттөмүн.
8 Түшүм майрамына чейин болсо Эфесте турам,
9 анткени бул жерде каршылаштык көп болгону менен, чоң, үзүрлүү эмгекке жакшы мүмкүнчүлүк бар.
10 Силерге Тиметей келип калса, аны эч ким оңтойсуз абалда калтырбашына көз салып койгула, анткени ал да менчилеп Эгебиз үчүн иштеп жүрөт.
11 Эч кимиңер ага өйдөсүнүп карабагыла. Андан көрө, мага аман-эсен кайтып келсин деп, тынчтык менен узатып койгула. Мен анын жана аны менен кошо боордоштордун келишин күтүп жатам.
12 Эми боордошубуз Апол тууралуу. Мен аны башка боордоштор менен кошо силерге барсын деп абдан өтүнгөн элем. Бирок дароо барууга анын эч көңүлү жок болчу. Кантсе да, ыгы келгенде, ал силерге барып калар.
13 Сергек болуп, ишенимге бек тургула. Эр жүрөк жана күчтүү болгула.
14 Эмне кылсаңар да, сүйүү менен кылгыла.
15 Өзүңөр билгендей, Степандын үй-бүлөсү Ахая аймагында биринчи болуп ишенип, өздөрүн ыйыктарга кызмат кылууга арнашкан.
16 Боордоштор, өтүнөм, мындай адамдарга жана алар менен кошо катуу иштегендерге кызмат кылгыла.
17 Степандын, Фортунаттын жана Ахайиктин келгенине жетине албай отурам: алар келгенден бери өзүңөр жанымда болгондой эле болуп калдым.
18 Алар менин да, силердин да көңүлүңөрдү көтөрүштү. Мындайларды кадырлап жүргүлө.
19 Асия аймагындагы жыйындар силерге салам жолдошту. Акила менен Приска жана алардын үйүндө чогулуп жүргөн жыйын да силерге Эгебиздин атынан жылуу салам айтышты.
20 Боордоштордун бардыгы силерге өз саламын жолдошту. Бири бириңерге жолукканда, чын пейлиңер менен беттен сүйүп учурашып жүргүлө.
21 Ушул саламымды мен, Пабыл, силерге өз колум менен жазып жатам.
22 Эгебизди сүйбөгөн ар ким каргышка калат! Эгебиз, келегөр!
23 Эгебиз Ыйса силерге ырайым этсин.
24 Баарыңарды Ыйса Машаяк сүйгөндөй сүйөм.