1 Эми буркандарга чалынган курмандыктарга токтололу. «Бардыгыбызда билим бар» дейт экенсиңер. Ырас, мунуңар чын. Бирок билимдүүлүк адамды текебер кылат, ал эми сүйүү болсо рухий жактан жетилтет.
2 Кимде-ким өзүн билимдүүмүн десе, ал чындыгында керектүү билимге али ээ боло элек.
3 Бирок кимде-ким Кудайды сүйсө, аны Кудай Өзү тааныйт.
4 Ошентип, буркандарга багышталган тамактан даам сызуу тууралуу. Биз бул дүйнөдөгү буркандар дегеле тирүү жан эмес экенин жана бир Кудайдан башка кудай жок экенин билебиз.
5 Албетте, көктө болобу же жерде болобу, адамдардын «кудай» туткан немелери жок эмес: «кудай» делгендер да, «эге» делгендер да чындыгында эле көп.
6 Бирок биздин бир гана Кудай Атабыз бар. Бардыгын Ал жараткан жана биз Ал үчүн өмүр сүрөбүз. Ошондой эле биздин Эгебиз да бирөө. Ал — Ыйса Машаяк. Бардыгы Ал аркылуу жаратылып, өмүр бизге Ал аркылуу берилген.
7 Бирок муну баары тең бирдей биле бербейт. Кээ биринин аң-сезимине бутпарастык ушунчалык сиңип калгандыктан, мындай тамакты жегенде, алар алигиче аны буркандарга чалынган курмандык катары кабыл алышат да, ошол арам тамактан жедик деп аларды абийири кыйнайт.
8 Бирок жеген тамагыбыз бизди Кудайга жакындатпайт, себеби жебей калганыбыз да эч жерибизди кемитпейт, жегенибиз да бизге эч артыкчылык алып келбейт.
9 Кантсе да абайлагыла, бул өңдүү эркиндигиңер ишеними аздарга азгырык болбосун.
10 Абийири кыйнаган бирөө «билимдүү» сенин бутпарастардын табынуучу жайынан даам сызып жатканыңды көрүп калды дейли. Мындай кылганың аны буркандарга чалынган курмандыктан жесе болот экен деген ойго салып жибербейби?
11 Натыйжада сенин «билимдүүлүгүң» өзүңдүн эле ишеними аз боордошуңдун ойрон болушуна себеп болот. Бирок Машаяк ал үчүн да өлгөн.
12 Ошентип, боордошуңдун аны кыйнаган абийирине доо кетирип, ага жамандык кылган сен ошону менен Машаякка да жамандык кылган болосуң.
13 Андыктан, эгерде менин жеген тамагым боордошума азгырык болсо, анда аны азгырбоо үчүн өмүрү эт жебейм.