1 Сүйүүгө умтулгула! Рухий касиеттерге, асыресе, пайгамбарчылык кылуу касиетине ээ болууга дитиңерди койгула!
2 Бөтөн тилдерде сүйлөгөн кишини эч ким түшүнбөй, ал адамдарга эмес, Кудайга сүйлөйт. Рухтун кудурети менен ал жашырын сырларды айтат.
3 Ал эми пайгамбарчылык кылган киши болсо адамдарга сүйлөп, айткандары аларды бекемдеп, кайраттандырып, сооротот.
4 Бөтөн тилдерде сүйлөгөн адам өзүн бекемдесе, пайгамбарчылык кылганы жыйынды бекемдейт.
5 Мен баарыңардын эле бөтөн тилдерде сүйлөшүңөрдү каалар элем, бирок пайгамбарчылык кылганыңар андан да жакшы болмок. Себеби бөтөн тилдерде айтылган сөздү кимдир бирөө чечмелеп, ошол аркылуу жыйын бекемделбесе, анда бөтөн тилдерде сүйлөгөндөн көрө, пайгамбарчылык кылуунун пайдасы алда канча зор.
6 Эми, боордоштор, силерге келгенимде, бөтөн тилдерде сүйлөп туруп, андан башка эч бир аян бөлүшпөсөм же түшүнүк бербесем, пайгамбарчылык кылбасам же эч нерсе окутпасам, анда силерге кандай пайда келтирмек элем?
7 Чоор же комуз сыяктуу жансыз аспаптарды мисалга алып көрөлү. Эгерде алардан чыккан добуштарды ажыратыш мүмкүн болбосо, ойнолуп жаткан кайсы күү экенин ким биле алат?
8 Же сурнай кандайдыр бир белгисиз үн чыгарса, аны уккан адам согушка аттанмак беле?
9 Ошондой эле, оозуңардан түшүнүксүз сөздөр чыгып жатса, эмне деп жатканыңарды кантип билсе болот? Айтканыңар шамалдын «шуу» эткениндей эле болот.
10 Ырас, дүйнөдө түркүн-түркүн добуштар бар, бирок алардын бири да маанисиз эмес.
11 Ал эми тигил же бул доош мага түшүнүксүз болсо, анда ошол добушту чыгарган адам мен үчүн, мен болсо ал үчүн жат элдикпиз.
12 Муну билип, силер да рухий касиеттерге ээ болууну эңсегениңерде, баарыдан мурда аларга ээ болуу аркылуу жыйынды бекемдөөгө умтулгула.
13 Ким бөтөн тилдерде сүйлөсө, сыйынып, Кудайдан аны чечмелөөгө кудурет берүүсүн да сурансын.
14 Анткени бөтөн тилдерде сыйынып жатканда, рухум сыйынганы менен, өзүмдүн эле акыл-эсим буга катышпай калат.
15 Андай болсо, мен эмне кылмакмын? Рухум менен да, акыл-эсим менен да сыйынам, рухум менен да, акыл-эсим менен да ырдайм.
16 Рухуң Кудайды алкыштап жатканда, чогулушка келип, бирок аныңды түшүнбөгөн кадыресе киши сенин эмне деп жатканыңды билбей туруп, кантип аныңа кошулуп «оомийин» дей алат?
17 Алкыш айтып канчалык жакшы сыйынсаң да, аның жаныңдагыларга эч пайда келтирбейт.
18 Бөтөн тилдерде баарыңардан көбүрөөк сүйлөгөнүм үчүн мен Кудайга ыраазы болсом дагы,
19 жыйында турганымда, бөтөн тилдерде миңдеген сөз айткандан көрө, акыл-эсим менен башкаларга таалим берер беш сөз айтууну оң көрөм.
20 Боордошторум! Акылы жетиле элек баланын ишин кылбасаңар! Жамандык дегенде наристе баладай, ал эми ой жүгүрткөндө, эр жеткен кишидей болгула.
21 Ыйык Жазууда айтылгандай: «Өз элиме башка тилде кайрылам, Өзгө элдердин оозу менен сүйлөймүн, — Дейт Жараткан Эге, — бирок сөзүмө Ошондо да алар кулак салышпайт».
22 Ошентип, бөтөн тилдерде сүйлөө — бул ишенгендер үчүн эмес, ишенбегендер үчүн, ал эми пайгамбарчылык кылуу болсо ишенбегендер үчүн эмес, ишенгендер үчүн берилген жышаан-белги.
23 Эгерде бүтүндөй жыйын чогулганда, баары бөтөн тилдерде сүйлөй башташса, анан аны түшүнбөгөн кадыресе же ишенбеген кишилер кирип калып, «булар акылынан адашкан го» дешпейби?
24 Ал эми ишенбеген же түшүнбөгөн бирөө бардыгы пайгамбарчылык кылып жатканда келип калса, бардыгынын сөзү анын күнөөлөрүн ашкерелеп, айыпка жыгат.
25 Ошондо анын көмүскөдөгү сырлары ачыкка чыгып, ал үстөмөнүнөн жыгылат да, Кудайга таазим кылып: «чынында Кудай силердин араңарда экен» дейт.
26 Менин айтайын дегеним бул, боордоштор. Чогулганыңарда, бириңерде Кудайды даңазалоо ыры, башкаңарда таалим, дагы бириңерде Кудайдан алган аян сөз, дагы бириңерде бөтөн тилдер, ал эми дагы бириңерде алардын чечмелениши бар болот. Мунун баары жыйынды бекемдеп турууга тийиш.
27 Бөтөн тилдерде сүйлөйм дегендер болсо, анда эки же, ашып кетсе, үч киши өзүнчө-өзүнчө сүйлөп, айтканын бирөө чечмелеп берсин.
28 Ал эми чечмелеп бере турган киши жок болсо, анда мындай адам жыйындан үн чыгарбай, ичинен өзүнө жана Кудайга гана сүйлөсүн.
29 Пайгамбарчылык кылгандардан да экөө же үчөө сүйлөп, калгандар алардын айткандарын ойлонушуп баамдашсын.
30 Ал эми отургандардын дагы бири Кудайдан аян алса, анда биринчиси сөзүн токтотушу керек.
31 Анткени баарыңар тең кезектешип пайгамбарчылык кылсаңар болот. Ошондо бардыгыңар үйрөнүп, бардыгыңар андан кайрат ала аласыңар.
32 Пайгамбар киши өз касиетин кандайча колдонорун өзү чече алат,
33 себеби Кудай арабызда баш аламандыктын эмес, ынтымак-ырашкерликтин орун алышын каалайт. Ыйыктар чогулган бардык жыйындарга окшоп,
34 силерде да аял кишилер унчукпашы керек, аларга сүйлөөгө уруксат берилбейт. Аялдын милдети баш ийүү экендиги Ыйык Жазууда да айтылган.
35 Ал эми бир нерсе үйрөнгүсү келип турса, анда үйдөн күйөөлөрүнөн сурап алышсын, себеби аялдын жыйында сүйлөгөнү уят.
36 Же айткандарым силерге кызык угулабы? Деги айткылачы, Кудайдын Сөзү адегенде Корунттан жар салына баштады беле? Же аны силерден башка эч ким уккан жок дейсиңерби?
37 Ким өзүн пайгамбармын же рухий касиети бар адаммын десе, анда ал жазып жаткандарым Эгебиздин буйругу экенинен эч шектенбеши керек.
38 Ким муну этибарына албаса, андайдын өзүн да этибарга албагыла. Мындан шектенгендердин өздөрүнө да ишенбегиле.
39 Ошентип, боордошторум, пайгамбарчылык кылуу касиетине ээ болууга тырышкыла, бирок бөтөн тилдерде сүйлөгөндөргө да тыюу салбагыла.
40 Болгону, эмне кылсаңар да, адеп менен тартипти сактап жүргүлө.