1 Бир нече мезгил өткөндөн кийин Амон падышасы өлүп, анын ордуна уулу Ханун падыша болду.
2 Дөөт: «Атасынын мага кылган жакшылыгы үчүн, мен Нахаштын уулу Ханунга жакшылык кыламын», – деди. Дөөт Ханунга көңүл айтуу үчүн, өз кулдарын жиберди. Дөөттүн кулдары Амон жерине келишти.
3 Бирок Амон төрөлөрү өздөрүнүн мырзасы Ханунга мындай айтышты: «Эмне, Дөөт сенин атаңды сыйлаганынан сага көңүл айтуучуларды жиберди деп ойлоп жатасыңбы? Дөөт сага өз кулдарын шаарды карап чыгууга, чалгындоого, андан соң талкалоого жиберип жүрбөсүн?»
4 Ошондо Ханун Дөөттүн кулдарын кармап алып, алардын ар биринин сакалынын жарымын кырып, кийимдерин белинен ылдый кесип, коё берди.
5 Бул жөнүндө Дөөткө билдиришкенде, ал алардын алдынан тосууга кишилерди жиберди, анткени алар маскара болушкан эле. Падыша аларга мындай деп айттырууну буйруду: «Сакалыңар өскүчө, Жериходо тура тургула, анан кайтып келгиле».
6 Амондуктар өздөрүнүн Дөөткө жек көрүндү болуп калышканын билип, Бейт-Рекоп менен Собадан сириялык жыйырма миң жөө аскер, Мааха падышасынан миң адам, Тобадан он эки миң адам жалдаганы кишилерди жиберишти.
7 Дөөт муну укканда, Жойапты эр жүрөк аскерлери менен жөнөттү.
8 Салгылашууга чыккан амондуктар дарбаза алдына тизилишти, ал эми Рехоп менен Собадан келген сириялыктар, Мааха менен Тобадан келген кишилер талаада турушту.
9 Жойап душмандын аскеринин алдынан да, артынан да өзүнө каршы коюлганын көрдү. Ошондо ал Ысрайылдын тандамал жоокерлеринин ичинен мыктыларын тандап алып, сириялыктарга каршы катарга тургузду.
10 Ал эми элдин калган бөлүгүн өзүнүн бир тууганы Абышайга тапшырды, аларды ал амондуктарга каршы тизди.
11 Жойап мындай деди: «Эгер сириялыктар мени жеңип бара жатса, сен мага жардамга келесиң; эгер амондуктар сени жеңе баштаса, мен сага жардамга келем.
12 Кайраттуу болгун, өзүбүздүн эл үчүн, Кудайыбыздын шаарлары үчүн бекем турабыз, Теңир болсо Өзүнө жакканды кылат».
13 Ошентип, Жойап жанындагы эл менен сириялыктарга каршы согушка кирди, сириялыктар андан качып жөнөштү.
14 Амондуктар болсо сириялыктардын качканын көргөндө, Абышайдан качып, шаарга бет алышты. Жойап амондуктардан кайтып, Иерусалимге келди.
15 Сириялыктар өздөрүнүн ысрайылдыктардан жеңилгенин көргөндө, баары бир жерге чогулду.
16 Ададезер суунун аркы өйүзүндөгү сириялыктарды чакырууга киши жиберди. Алар Хейламга келишти. Ададезердин аскер башчысы Шобак болсо аларга жетекчилик кылды.
17 Дөөткө бул жөнүндө билдиргенде, ал ысрайылдыктардын бардыгын жыйнап, Иордандан өтүп, Хейламга келди. Сириялыктар Дөөткө каршы тизилип, аны менен салгылашышты.
18 Бирок сириялыктар ысрайылдыктардан качып жөнөштү. Дөөт сириялыктардын жети жүз майдан арабасы менен кырк миң атчан жоокерин жок кылды. Аскер башчы Шобакты да өлтүрдү, ал ошол жерде өлдү.
19 Ададезерге баш ийген бардык падышалар өздөрүнүн ысрайылдыктардан жеңилгенин көрүшкөндө, алар менен тынчтык келишимин түзүп, багынып беришти. Ошондон кийин сириялыктар амондуктарга жардам берүүдөн коркуп калышты.