2 Шемуел | Ыйык Китеп онлайн - окуу жана изилдөө
меню

2 Шемуел 13 Бөлүм

тез өтүү:

1 Ошондон кийин мындай окуя болду: Дөөттүн уулу Абышаломдун Тамар деген сулуу карындашы бар эле. Дөөттүн уулу Амнон аны сүйүп калды.

2 Амнон карындашы Тамар үчүн аябай кайгыргандыктан, ооруп калды, анткени ал кыз эле, ага бир нерсе кылуу Амнон үчүн кыйын сезилчү.

3 Амнондун Жонадап деген абдан айлакер досу бар болчу. Ал Дөөттүн бир тууганы Шимдин уулу эле.

4 Ал Амнондон: «Күн өткөн сайын эмнеге арыктап бара жатасың, канзаада, мага ачык айта алар бекенсиң?» – деп сурады. Амнон: «Аталаш агам Абышаломдун карындашы Тамарды сүйүп калдым», – деп жооп берди.

5 Жонадап ага мындай деди: «Төшөгүңө жатып, оорумуш болуп кал. Атаң сени көргөнү келгенде: “Карындашым Тамар келип, мага тамак берсин. Ал менин көзүмчө тамак жасасын, мен көрүп турайын, анын колунан тамак жейин”, – деп айт».

6 Ошентип, Амнон жатып, оорумуш болуп калды. Ошондо падыша аны көргөнү келди. Амнон падышага мындай деди: «Карындашым Тамар келсин, менин көзүмчө бир-эки нан бышырып берсин, мен анын колунан нан жейин».

7 Дөөт Тамардын үйүнө: «Бир тууганың Амнондун үйүнө барып, ага тамак жасап бер», – деп айттырып жиберди.

8 Тамар агасы Амнондукуна барды. Ал төшөктө жаткан. Ал ун алып, камыр жууруп, анын көзүнчө даярдап, нан бышырды.

9 Табаны алып, анын алдына койду, бирок ал жегиси келбеди. Амнон: «Үйдөгүнүн баары чыгып кетсин», – деди. Баары чыгып кетти.

10 Ошондо Амнон Тамарга: «Тамакты үйдүн ички бөлмөсүнө алып бар, мен анын сенин колуңдан жейин», – деди. Тамар бышырган нанын агасы Амнондун ички бөлмөсүнө алып барды.

11 Жесин деп, кыз анын алдына койгондо, ал аны кармап алып: «Кел, карындашым, мени менен жат», – деди.

12 Бирок кыз мындай деди: «Жок, агатайым, менин абийиримди булгаба, анткени Ысрайылда мындай кылууга болбойт, мындай жийиркеничтүү ишти кыла көрбө.

13 Абийирим булганып калгандан кийин, мен кайда барам? Сен өзүң да Ысрайылдагы акылсыз адамдардын бири болосуң. Падыша менен сүйлөш, ал каршы болбойт, мени сага берет».

14 Бирок ал анын сөзүн уккусу келген жок, күчкө салып зордуктап, аны менен жатты.

15 Анан Амнон аны абдан жек көрүп калды, ошол жек көрүүсү ага болгон сүйүүсүнөн да күчтүү болду. Анан Амнон ага: «Тур да, кет», – деди.

16 Тамар: «Жок, мени кубалап чыкканың биринчи жасаган ишиңден да жаман», – деди. Бирок Амнон аны уккусу келген жок.

17 Ал өзүнө кызмат кылган уланды чакырып: «Муну сыртка кууп чыгып, эшикти бекитип кой», – деди.

18 Кыздын кийими түрдүү түстүү эле, анткени мындай кийимди падышанын турмушка чыга элек кыздары кийишчү. Жаш улан аны сыртка кууп чыгып, артынан эшикти бекитти.

19 Тамар башына күл чачып, кийип жүргөн түрдүү түстөгү кийимин айрып, башын мыкчыган бойдон буркурап ыйлап бара жатты.

20 Агасы Абышалом карындашы Тамардан мындай деп сурады: «Сени менен болгон бир тууганың Амнон эмеспи? Бирок азыр унчукпа, карындашым, ал сенин бир тууганың, бул үчүн кайгырба». Тамар агасы Абышаломдун үйүндө жалгыз жашады.

21 Бул тууралуу Дөөт падыша угуп, абдан ачууланды.

22 Абышалом Амнон менен жаман-жакшы айтышкан жок, бирок карындашы Тамардын абийирин булгагандыгы үчүн, Амнонду жек көрүп калды.

23 Эки жылдан кийин Эпрайым тоосунда, Баал-Хатсордо Абышаломдун кой кыркыны болуп, Абышалом падышанын бүт уулдарын чакырды.

24 Абышалом падышага келип: «Бүгүн сенин кулуңдун кою кыркылып жатат, ошондуктан падыша жана анын кулдары кулуң менен барышсын», – деди.

25 Бирок падыша Абышаломго: «Жок, уулум, сага оордук келтирип, баарыбыз барбай эле коёлу», – деди. Абышалом өтө жалбарып суранды, бирок ал баргысы келген жок, ага батасын берди.

26 Абышалом ага: «Жок дегенде, биз менен бир тууганым Амнон барсын», – деди. Падыша: «Ал эмнеге сени менен бармак эле?» – деди.

27 Бирок Абышалом аны жалынып-жалбарып жатып көндүрдү, падыша Амнонду жана өзүнүн бардык уулдарын ага кошуп жиберди.

28 Абышалом болсо өзүнүн кулдарына: «Байкап тургула, Амнон шарап ичип, көңүлү көтөрүлө баштаганда, мен силерге: “Амнонду өлтүргүлө!” – дейм, ошондо аны өлтүргүлө, коркпогула. Бул менин буйругум, чечкиндүү, эр жүрөк болгула», – деп буйруду.

29 Абышаломдун кулдары Амнонду Абышалом буйругандай кылышты. Ошондо падышанын уулдарынын баары туруп, ар кимиси өз качырына минип, качып кетти.

30 Алар жолдо келе жатышканда эле, Дөөткө “Абышалом падышанын бардык уулдарын өлтүрдү, алардан эч ким тирүү калган жок” деген кабар жетти.

31 Падыша туруп, өз кийимин айрып, жерге кулады, анын алдындагы кулдары да өз кийимдерин айрышты.

32 Бирок Дөөттүн бир тууганы Шимдин уулу Жонадап мындай деди: «Мырзам падышанын уулдары, бардык уландары өлтүрүлдү деп ойлобосун, бир гана Амнон өлдү, анткени Амнон анын карындашынын абийирин булгаган күндөн баштап, Абышаломдун ойлогон ою ушундай болчу.

33 Ошондуктан мырзам падыша уулдарымдын баары өлдү деп ойлоп тынчсызданбасын. Бир гана Амнон өлдү».

34 Абышалом качып кетти. Кароолдо турган улан башын көтөрүп, тоонун боорундагы жол менен келе жаткан көп кишини көрдү.

35 Ошондо Жонадап падышага: «Мына, кулуң айткандай болуп чыкты, падышанын уулдары келе жатышат», – деди.

36 Тигил ушинтип айтары менен, падышанын уулдары келип, өкүрүп ыйлашты. Падыша да, кулдары да боздоп ыйлашты.

37 Абышалом болсо Гешур падышасы, Амийут уулу Талмайга качып барды. Дөөт өзүнүн уулу үчүн күн сайын ыйлап жүрдү.

38 Абышалом Гешурга качып барып, ошол жерде үч жыл болду.

39 Дөөт падыша Абышаломдун артынан түшкөн жок, анткени Амнондун өлгөнүн унутуп, сооронуп калган эле.