2 Шемуел | Ыйык Китеп онлайн - окуу жана изилдөө
меню

2 Шемуел 23 Бөлүм

тез өтүү:

1 Бул жогору коюлган адамдын, Жакыптын Кудайынын майланганынын, Ысрайылдын мукам үндүү ырчысы, Жышайдын уулу Дөөттүн акыркы сөздөрү:

2 «Теңирдин Руху мен аркылуу сүйлөйт, Анын сөзү менин оозумда.

3 Ысрайылдын Кудайы айтты, Ысрайылдын аскасы мен жөнүндө мындай деди: Эл үстүнөн бийлик кылуучу адам адилет болсо, Кудайдын коркунучу менен бийлик жүргүзсө,

4 анда ал ачык асманга күн чыгып келе жаткандагы таңкы жарыктай, жамгырдан кийин чыккан жаркыроодой, ал жаркыроодон жерден чөп чыгат.

5 Менин тукумум Кудай алдында ушундай эмеспи? Анткени Ал мени менен түбөлүк, бекем жана бузулбас келишим түздү. Менин бүт куткарылуум, бүт каалоом Андан келип жаткан жокпу?

6 Кудайсыздар ыргытылган, кол менен кармаганга болбой турган тикенектей болушат.

7 Бирок ким аны колу менен кармагысы келсе, ал темир менен же найзанын сабы менен куралданат, аны турган жеринде өрттөшөт».

8 Дөөттүн эр жүрөк аскерлеринин аттары: эснилик Жошеп-Башебет – үчөөнүн башкысы. Ал найзасын сегиз жүз кишиге көтөрүп, аларды бир жолку салгылашта талкалады.

9 Андан кийинкиси Дөөт менен жүргөн үч эр жүрөк аскердин бири, Акойактын небереси, Додонун уулу Элазар эле. Алар согушуу үчүн чогулган пелиштиликтерди намысына тийип чакырышканда, ал да Дөөттүн жанында эле.

10 Ысрайылдыктар пелиштиликтерге каршы чыгышты, ошондо ал туруп, пелиштиликтерди колу чарчап, кылычка жабышып калгыча кырды. Ошол күнү Теңир улуу жеңиш тартуулады, эл болсо талап-тоноо үчүн анын артында жүрдү.

11 Андан кийинкиси – арардык Агея уулу Шама. Пелиштиликтер Тиреяга, жасмык себилген талаага чогулганда, Ысрайыл эли пелиштиликтерден качты.

12 Ошондо ал талаанын ортосуна туруп, аны сактап калды, пелиштиликтерди кырды. Ошол күнү Теңир Ысрайылга улуу жеңиш тартуулады.

13 Отуз жол башчынын ичинен үчөө барды да, оруп-жыюу маалында Дөөткө, Адулам үңкүрүнө киришти. Ошол учурда Репа өрөөнүндө пелиштиликтердин кошууну турган.

14 Ошол учурда Дөөт бекемделген жерде эле, пелиштиликтердин кошууну болсо Бейт-Лехемде болчу.

15 Дөөт суу ичкиси келип: «Дарбазанын жанындагы Бейт-Лехем кудугунан ким мага суу алып келип, суусунумду кандырат?» – деди.

16 Ошондо бул үч эр жүрөк пелиштиликтердин кошуунун жарып өтүп, дарбазанын жанындагы Бейт-Лехем кудугунан суу сузуп, Дөөткө алып келип беришти. Бирок Дөөт ичкиси келген жок. Ал сууну Теңирдин даңкы үчүн төгүп салды да, мындай деди:

17 «Теңир, мени ушул сууну ичкенден сакта! Бул өз өмүрүн тобокелге салып барып келген адамдардын каны эмеспи?» Ошентип, сууну ичүүнү каалаган жок. Үч эр жүрөк ушундай кылган!

18 Ушул үчөөнүн ичинен Серуянын уулу, Жойаптын бир тууганы Абышай башчы эле. Ал өз найзасы менен үч жүз кишини өлтүргөн, тигил үчөөнүн арасында анын кадыры бар эле.

19 Ал үчөөнүн эң атактуусу жана башчысы болчу, бирок тиги үчөөнө тең келчү эмес.

20 Улуу иштерди кылган капсейелдик эр жүрөк адам – Жойат уулу Беная. Беная мааптык Ариелдин эки уулун өлтүргөн. Ак карлуу кышта орго түшүп, арстанды өлтүргөн.

21 Ал мисирлик бир алп кишини өлтүргөн. Колунда найзасы бар мисирликке союл менен чыгып, колунан найзасын тартып алып, аны өз найзасы менен өлтүргөн.

22 Жойат уулу Беная ушундай эрдик кылып, үч баатырдын ичинен атактуу болду.

23 Ал отуз баатырдын ичинен эң атактуу болчу, бирок тиги үчөөнө тең келе алчу эмес. Дөөт аны өз сакчыларына башчы кылып дайындаган.

24 Отуздун ичинде Жойаптын бир тууганы Асаел, бейт-лехемдик Додонун уулу Элханан,

25 хароттук Шама, хароттук Элика,

26 палтилик Хейлез, текоялык Икеш уулу Ира,

27 анатоттук Абиезер, хушалык Мебунай,

28 акойактык Салмон, нетопалык Марай,

29 нетопалык Баана уулу Хейлеп, Бенжемин уулдарынын Гибасынан Рибайдын уулу Итай,

30 пиратондук Беная, нахелей-гааштык Идай,

31 арабалык Абы-Албан, баркумдук Азмабет,

32 шаалбондук Элийакпа, Жашен уулдарынан Жонатан,

33 арардык Шама, арараттык Шарар уулу Ахиям,

34 Маахалыктын небереси, Ахазбайдын уулу Элипелет, гилолук Акитопел уулу Элиям,

35 кармелдик Хесрай, арбилик Паарай,

36 собалык Натан уулу Игал, гаттык Бани,

37 амондук Селек, Серуянын уулу Жойаптын курал көтөрүүчүсү, бейроттук Нахрай,

38 итрилик Ира, итрилик Гареп,

39 хеттик Урий бар эле. Бардыгы отуз жети.