2 Шемуел | Ыйык Китеп онлайн - окуу жана изилдөө
меню

2 Шемуел 3 Бөлүм

тез өтүү:

1 Дөөттүн үй-бүлөсү менен Шабулдун үй-бүлөсүнүн ортосунда узакка созулган чатак болду. Дөөт барган сайын күч алды, Шабулдун тукуму болсо барган сайын алсырады.

2 Хеброндо Дөөттүн уулдары төрөлдү. Анын тун уулу изрейелдик Акинаамдан төрөлгөн Амнон болчу.

3 Ал эми экинчи уулу – Килап, аны мурун Набалдын аялы болгон кармелдик Абигейил төрөгөн, үчүнчүсү – Абышалом, аны Гешур падышасы Талмайдын кызы Мааха төрөгөн.

4 Төртүнчүсү – Кагыт төрөгөн уулу Адония, бешинчиси – Абытал төрөгөн уулу Шепатия.

5 Алтынчысы – Дөөттүн аялы Эгла төрөгөн Итраам. Булар Дөөттөн Хеброндо төрөлүштү.

6 Дөөттүн үй-бүлөсү менен Шабулдун үй-бүлөсүнүн ортосунда чатак болгондо, Абенер Шабулдун үйүн колдочу.

7 Шабулдун Риспа деген күң аялы бар болчу, ал Айанын кызы эле. Ишпошет Абенерге: «Сен эмне үчүн менин атамдын күң аялына жакындадың?» – деди.

8 Ишпошеттин сөзүнө Абенер абдан ачууланып, мындай деди: «Мен эмне, Жүйүт итинин башымынбы? Мен Жүйүткө каршы туруп, атаң Шабулдун үй-бүлөсүнө, бир туугандарына, досторуна ушул күнгө чейин жакшылык кылып келдим, сени Дөөттүн колуна салып берген жокмун, сен болсо мени ушул аял үчүн күнөөлөп жатасың.

9 Кудай Абенерди жазаласын, катуу жазаласын!

10 “Шабулдун тукумунан падышачылыкты тартып алып, Дөөттү такка отургузам, ал Ысрайылдын жана Жүйүттүн үстүнөн, Дандан Бейер-Шебага чейин падышачылык кылат”, – деп, Теңирдин Дөөткө берген антын аткарам».

11 Ишпошет Абенерге каршы сүйлөй алган жок, анткени андан коркчу.

12 Абенер өзүнөн Дөөткө элчилерди жиберип: «Бул кимдин жери? Мени менен келишим түз, Ысрайылдын бүт элин сага каратыш үчүн, менин колум сени менен болот», – деп айттырды.

13 Дөөт мындай деди: «Макул, мен сени менен келишим түзөм, бирок сенден бир нерсени талап кылам: мени менен көрүшкөнү келгенде, өзүң менен кошо Шабулдун кызы Михалды алып келбесең, менин жүзүмдү көрбөйсүң».

14 Дөөт Шабулдун уулу Ишпошетке элчилеринен: «Менин аялым Михалды бер, аны мен жүз пелиштиликтин сүннөтүн кескендигим үчүн алгам», – деп айттырып жиберди.

15 Ишпошет киши жиберип, күйөөсүнөн – Лаиштин уулу Палтиелден Михалды алдырды.

16 Күйөөсү ыйлап, аялынын артынан Бакуримге чейин ээрчип барды. Бирок Абенер ага: «Артыңа кайт», – деди. Ал артка кайтты.

17 Абенер Ысрайыл аксакалдарына мындай деп кайрылды: «Силер Дөөттүн өзүңөргө падыша болушун ушуга чейин каалап келгенсиңер.

18 Эми ишке ашыргыла, анткени Теңир Дөөткө: “Мен Өз кулум Дөөттүн колу менен Өз элим Ысрайылды пелиштиликтердин колунан, бардык душмандарынын колунан куткарам”, – деп айткан».

19 Бенжеминдиктерге да Абенер ушуну айтты. Ошентип, Абенер Ысрайылдын жана бүт Бенжемин уруусунун каалоосун Дөөткө айтып берүү үчүн, Хебронго жөнөдү.

20 Абенер өзүнүн жыйырма кишиси менен Дөөткө Хебронго келди, Дөөт Абенердин жана анын жанындагы адамдардын урматына той өткөрдү.

21 Ошондо Абенер Дөөткө: «Мен барып, бүтүн Ысрайыл элин чогултуп, менин мырзама, падышага, алып келейин. Алар сени менен келишим түзүшөт, сен бардыгына өзүң каалагандай падышачылык кыласың», – деди. Дөөт Абенерди коё берди, ал тынчтык менен кетти.

22 Ошондо Дөөттүн кулдары жана Жойап жортуулдан көп олжо менен келишти. Хеброндо, Дөөттүн жанында Абенер жок болчу, анткени Дөөт аны коё берген, ал тынчтык менен кеткен.

23 Жойап жана аны менен жүргөн бүт аскерлер келишкенде, Жойапка: «Падышага Нейир уулу Абенер келип кетти, падыша аны коё берди, ал тынчтык менен кетти», – деп айтышты.

24 Жойап падышага келип, мындай деди: «Сен эмне кылдың? Абенер сага келип кетиптир. Аны эмне үчүн коё бердиң, эмне үчүн кетирип жибердиң?

25 Нейир уулу Абенерди сен жакшы билесиң да. Ал сени алдаганы, киргениңди, чыкканыңды билгени, эмне кылып жатканыңдын баарын изилдеп билгени келген».

26 Анан Жойап Дөөттүн жанынан кетип, Абенердин артынан чабармандарды жиберди. Асир кудугуна жеткенде, аны артка кайттырышты. Бирок Дөөт муну билген жок.

27 Абенер Хебронго кайра келгенде, Жойап аны менен атайын жашыруун сүйлөшөм демиш болуп, аны короого киргизип, ичке сайып өлтүрдү. Ошентип, Абенер Жойаптын бир тууганы Асаелдин каны үчүн каза тапты.

28 Дөөт бул жөнүндө укканда, мындай деди: «Нейир уулу Абенердин каны үчүн Теңир алдында мен да, менин падышачылыгым да эч качан күнөөлүү эмес.

29 Анын каны үчүн Жойап жана анын атасынын бүт тукуму күнөөлүү болсун. Жойаптын тукумунан эрендиги аккандар, пес оорулуулар, таяк таянгандар, кылычтан өлгөндөр, нанга муктаж болгондор үзүлбөсүн».

30 Жойап менен Абышай Гибондогу салгылашта өздөрүнүн бир тууганы Асаелди өлтүргөнү үчүн, Абенерди өлтүрүштү.

31 Дөөт Жойапка жана анын жанындагы кишилердин баарына: «Кийимиңерди айрыгыла да, зумбал кийип, Абенерди жоктоп ыйлагыла», – деди. Падыша Дөөт да сөөктүн артында бара жатты.

32 Хеброндо Абенерди көргө коюп жатышканда, Абенердин мүрзөсүнүн жанында падыша катуу ыйлады. Элдин баары ыйлады.

33 Падыша Абенерди жоктоп мындай деп ыйлады: «Абенер ушинтип жүзү карага окшоп өлөт беле?

34 Колуң байланган жок, бутуң кишенделген жок. Сен каракчылардын колунан өлгөндөй өлдүң». Ошондо элдин баары ыйлашты.

35 Эртеден кечке бүткүл эл Дөөткө тамак алып келип жатышты, бирок Дөөт: «Эгер мен күн батканга чейин нан же башка бир нерсе ооз тийсем, Кудай мени жазаласын, катуу жазаласын», – деп ант берди.

36 Падышанын кылган бардык иши бүт элге жаккандай эле, бул ишин да бүт эл билип жактырды.

37 Нейир уулу Абенерди падыша өлтүртпөгөнүн бардык эл жана бүт Ысрайыл ошол күнү билди.

38 Анан падыша өзүнүн кулдарына мындай деди: «Бүгүн Ысрайылда аскер башчы, улуу адам өлгөнүн билдиңерби?

39 Падышачылыкка майланганыма карабастан, мен азыр али алсызмын. Ал эми бул кишилер, Серуянын уулдары менден күчтүү. Теңир ушул жамандыкты кылган адамга кылган жамандыгына жараша берсин».