2 Шемуел | Ыйык Китеп онлайн - окуу жана изилдөө
меню

2 Шемуел 5 Бөлүм

тез өтүү:

1 Ысрайылдын бардык уруулары Хебронго, Дөөткө келишти да, минтип айтышты: «Биз сенин сөөгүңбүз жана денеңбиз.

2 Шабул бизге падышачылык кылып турганда эле сен Ысрайылды баштап жүрчүсүң. Теңир сага: “Сен Менин элим Ысрайылды кайтарасың, Ысрайылдын жол башчысы болосуң”, – деп айткан».

3 Ысрайылдын бардык аксакалдары падышага, Хебронго келишти. Дөөт падыша Хеброндо, Теңирдин алдында алар менен келишим түздү. Ошондо алар Дөөттү Ысрайылга падыша кылып майлашты.

4 Дөөт падыша болгондо, отуз жашта эле. Ал кырк жыл падышачылык кылды

5 Ал Хеброндо Жүйүткө жети жыл, алты ай падышачылык кылды, Ысрайыл менен Жүйүткө Иерусалимде отуз үч жыл падышачылык кылды.

6 Падыша өзүнүн кишилери менен Иерусалимге, ал жерде жашаган жебустуктарга каршы жөнөдү. Бирок алар Дөөткө мындай деп айтышты: «Сен бул жакка кирбейсиң. Сени сокурлар менен төкөрлөр кууп чыгышат». Бул «Дөөт бул жакка кире албайт» дегенди билдирет.

7 Бирок Дөөт Сион сепилин басып алды. Бул – Дөөттүн шаары.

8 Дөөт ошол күнү: «Жебустуктарды өлтүрүп жаткан адам төкөрлөрдү, сокурларды, Дөөттү жек көргөндөрдү найза менен кырсын», – деди. Ошондон улам «Теңирдин үйүнө сокур менен төкөр кирбейт» деп айтылып калган.

9 Дөөт сепилге жайгашты, аны Дөөттүн шаары деп атады, Милодон тартып айландыра курду жана ичин курду.

10 Дөөт чоң ийгиликтерге жетип, зоболосу көтөрүлө берди, Себайот Кудай-Теңир аны менен болду.

11 Тир падышасы Хирам Дөөткө элчилерди, кедр жыгачтарын, жыгач усталарын, таш тизүүчү жумушчуларын жиберди. Алар Дөөткө үй куруп беришти.

12 Ысрайылга падыша кылып дайындаган, Өз эли Ысрайыл үчүн падышачылыгынын зоболосун көтөргөн Теңир экенин Дөөт түшүндү.

13 Дөөт Хеброндон Иерусалимге келгенден кийин, өзүнө дагы күң аялдарды жана аялдарды алды.

14 Дөөт дагы көп уулдуу жана кыздуу болду. Анын Иерусалимде төрөлгөн балдарынын аттары мындай: Шамуя, Шобап, Натан, Сулайман,

15 Жибхар, Элишуа, Непек, Жапия,

16 Элишама, Элийада, Элипелет.

17 Пелиштиликтер Дөөттүн Ысрайылга падыша болуп майланганын угушканда, бардыгы Дөөттү издеп чыгышты. Дөөт муну угуп, сепилге кетти.

18 Пелиштиликтер келип, Репа өрөөнүнө жайланышышты.

19 Ошондо Дөөт Теңирге кайрылып: «Мен пелиштиликтерге каршы барайынбы? Аларды менин колума салып бересиңби?» – деп сурады. Теңир Дөөткө: «Баргын, анткени Мен пелиштиликтерди сенин колуңа салып берем», – деп жооп берди.

20 Дөөт Баал-Ператсимге жөнөп, ал жерден аларды талкалады да: «Теңир менин алдымда душмандарымды сел алгандай кыйратты», – деди. Ошондон улам ал жерге Баал-Ператсим деген ат берилди.

21 Пелиштиликтер ошол жерге өздөрүнүн буркандарын таштап кетишкен эле. Дөөт болсо өз кишилери менен аларды алып кетти.

22 Пелиштиликтер кайра келишти да, Репа өрөөнүнө жайланышышты.

23 Дөөт Теңирден сурады. Ал ага мындай деп жооп берди: «Алардын алдынан чыкпа, артынан, тыт токою жактан кир.

24 Тыт жыгачтарынын үстүнөн бирөөнүн басып келе жаткандай болгон дабышын угарың менен жөнө, анткени ошондо Теңир сенин алдыңда пелиштиликтердин аскерин талкалоого бара жаткан болот».

25 Теңир кандай буйруса, Дөөт ошондой кылды. Ал пелиштиликтерди талкалап, Гебадан Гезерге чейин кууп барды.