1 Дөөт тоонун чокусунан бир аз ылдый түшкөндө, эки эшекке эки жүз нан, жүз таңгак мейиз, жүз таңгак анжыр, бир чанач шарап артып алган Мепибешеттин кулу Сиба жолукту.
2 Падыша Сибадан: «Буларды эмне кыласың?» – деп сурады. Сиба: «Эшектер падышанын үй-бүлөсү мингенге, нан менен жемиштер жаш уландарга, ал эми шарап чөлдө алсырап калгандарга», – деп жооп берди.
3 Падыша: «Мырзаңдын уулу кайда?» – деп сурады. Сиба падышага мындай деп жооп берди: «Ал Иерусалимде калды. Анткени ал: “Эми Ысрайыл тукуму мага атамдын падышалыгын кайтарып берет”, – деп айтып жатат».
4 Ошондо падыша Сибага: «Мепибешеттин эмнеси болсо, ошонун баары сеники болсун», – деди. Сиба таазим этип: «Мырзам падышанын алдында ырайым тапсам экен!» – деп жооп берди.
5 Дөөт падыша Бакуримге жеткенде, Шабулдун тукумунан Гейранын уулу Шемей деген бир киши чыкты. Ал Дөөттү тилдеп келе жатты.
6 Ал Дөөткө, Дөөт падышанын бүт кулдарына таш ыргытып келе жатты. Бардык эр жүрөк кишилер падышанын оң жана сол жагында эле.
7 Шемей аны: «Жүзү кара, киши өлтүргүч, жогол, бул жерден кет.
8 Теңир Шабулдун тукумунун каны үчүн сени жазалап жатат, сен анын ордуна падыша болгонсуң. Бирок Теңир падышачылыкты уулуң Абышаломдун колуна берди. Мына, сенин башыңа мүшкүл түштү, анткени сен канкорсуң», – деп тилдеди.
9 Ошондо Серуянын уулу Абышай падышага: «Мырзам падышаны мына бул өлгөн ит эмнеге тилдеп жатат? Мен барып, анын башын аламын», – деди.
10 Падыша мындай деди: «Серуянын уулдары, мен эмне кыла алмак элем да, силер эмне кыла алмак элеңер? Мейли, тилдей берсин, анткени Дөөттү тилде деп, ага Теңир буйруган. “Сен эмнеге ушундай кылып жатасың?” – деп, ага ким айта алат?»
11 Дөөт Абышайга жана өз кулдарына дагы мындай деди: «Өзүмдөн чыккан уулум мени өлтүргүсү келип жатса, Бенжеминдин уулу андан бетер кылбайбы. Жайына койгула, тилдей берсин, анткени ага Теңир буйруган.
12 Балким, Теңир басынтылганыма назар салар, ал бүгүн мага тил тийгизгени үчүн Теңир мага жакшылык кылар».
13 Дөөт өз кишилери менен, өз жолу менен кете берди, Шемей болсо тилдеп, ага таш ыргытып, топурак чачып, тоонун капталында бара жатты.
14 Падыша жана анын жанындагы алсыраган бүт эл ошол жерге келип эс алды.
15 Абышалом болсо бүт Ысрайыл эли менен Иерусалимге келди, аны менен Акитопел да келди.
16 Дөөттүн архилик досу Хушай Абышаломго келип: «Жашасын падыша, жашасын падыша!» – деди.
17 Абышалом Хушайга: «Досуңа кылган жакшылыгың ушулбу! Эмнеге досуң менен кеткен жоксуң?» – деди.
18 Хушай Абышаломго мындай деди: «Жок, Теңир жана бул эл, бүт Ысрайыл, кимди тандаса, мен ошону менен болом, ошону менен калам.
19 Анын уулуна кызмат кылбаганда, кимге кызмат кылам? Сенин атаңа кандай кызмат кылсам, сага да ошондой кызмат кылам».
20 Ошондо Абышалом Акитопелге кайрылып: «Эмне кылалы, кеңеш бер», – деди.
21 Акитопел Абышаломго: «Атаңдын үй кайтартып койгон күң аялдарына кир, ошондо бүт ысрайылдыктар атаңа жек көрүндү болуп калганыңды угушат, сени менен болгондор да күч алат», – деди.
22 Ошондо Абышалом үчүн үйдүн төбөсүнө чатыр тигишти. Бүт ысрайылдыктардын көзүнчө Абышалом атасынын күң аялдарына кирди.
23 Ошол учурда Акитопелдин берген кеңештери Кудайдын берген кеңештериндей эсептелчү. Акитопелдин ар бир кеңеши Дөөт үчүн кандай болсо, Абышалом үчүн да ошондой эле.