1 Пелиштиликтер ысрайылдыктар менен согушуп жатышты. Ысрайылдыктар пелиштиликтерден качып, Гилбоя тоосунда кырылып жатышты.
2 Пелиштиликтер Шабулдун жана анын уулдарынын артынан түшүп, Шабулдун уулдарын: Жонатанды, Абынадапты, Малки-Шууну өлтүрүштү.
3 Шабулга каршы салгылаш күч алды. Жаа аткычтар Шабулду атып, аны катуу жарадар кылышты.
4 Шабул курал көтөргөн жигитине: «Кылычыңды кынынан сууруп, мени мууздап сал, болбосо мына бул сүннөткө отургузулбагандар келип, мени мазакташат», – деди. Бирок курал көтөргөн жигит макул болгон жок, анткени аябай коркуп кетти. Ошондо Шабул кылычын сууруп алып, ага сайыла жыгылды.
5 Курал көтөргөн жигит Шабулдун өлгөнүн көргөндө, өз кылычына өзү сайыла жыгылды.
6 Шабул өлдү, анын үч уулу, аны менен бирге бүт үй-бүлөсү өлдү.
7 Өрөөндөгү ысрайылдыктар бардыгынын качып баратканын, Шабулдун жана анын уулдарынын өлгөнүн көрүшкөндө, шаарларын таштап, туш-тушка качып кетишти. Ал шаарларга пелиштиликтер келип отурукташып алышты.
8 Эртеси күнү пелиштиликтер өлгөндөрдү тоногону келишкенде, Гилбоя тоосунан Шабулдун жана анын уулдарынын өлүгүн табышты.
9 Алар Шабулдун кийимин чечип, башын кесип, курал-жарагын алып, өз буркандарынын жана элдин алдында жарыялаш үчүн, Пелишти жерине киши жөнөтүштү.
10 Анын курал-жарагын өз кудайларынын бутканасына коюшту, башын Дагон үйүнүн ичине сайып коюшту.
11 Гилатта жашаган бүт жабештиктер пелиштиликтердин Шабулду эмне кылганын угушту.
12 Ошондо алардын бардык эр жүрөк адамдары келип, Шабулдун жана анын уулдарынын өлүгүн алып, Жабешке алып келишти да, Жабештеги эмен дарагынын түбүнө көмүштү жана жети күн орозо кармашты.
13 Шабул өзүнүн Теңирдин алдында кылган мыйзамсыздыгы үчүн, Теңирдин сөздөрүн сактабагандыгы үчүн жана Теңирдин эркин сурабай, сыйкырчы аялга кайрылгандыгы үчүн мына ушинтип өлдү.
14 Ошондуктан Теңир аны өлтүрдү да, падышачылыкты Жышай уулу Дөөткө өткөрүп берди.