1 Жылнаама | Ыйык Китеп онлайн - окуу жана изилдөө
меню

1 Жылнаама 8 Бөлүм

тез өтүү:

1 Бенжеминден тун уулу Бела, экинчи уулу Ашбел, үчүнчү уулу Акрак,

2 төртүнчү уулу Нох, бешинчи уулу Рапа төрөлдү.

3 Беланын уулдары: Адар, Гейра, Абыйут,

4 Абышуа, Нааман, Акойак,

5 Гейра, Шепупан жана Хурам.

6 Гебада жашап, анан Манахатка көчүрүлгөн өз уруусунун уруу башчылары болгон Эйуттун уулдары булар:

7 Нааман, Акия жана Гейра. Гейра аларды көчүрүп кеткен, андан Уза менен Акикут төрөлгөн.

8 Шахарайым өз аялдары Хушим менен Баананы коё бергенден кийин, Маап жергесинде балалуу болду.

9 Алган аялы Ходеш ага Жобапты, Сибияны, Мейшаны, Малкамды төрөп берди.

10 Жейусту, Сахейди жана Мирманы да төрөдү. Уруу башчылары болгон уулдары ушулар.

11 Анын аялы Хушимден төрөлгөн уулдары – Абытуп жана Элпаал.

12 Элпаалдын уулдары: Эйбер, Мишам жана Шемет. Шемет Оно менен Лодду жана анын карамагындагы шаарларды курду.

13 Берия менен Шема Айалон тургундарынын үй-бүлө башчылары болгон. Алар Гаттын тургундарын кубалап чыгышкан.

14 Ахио, Шашак, Жереймот,

15 Зебадия, Арат, Эйдер,

16 Михаел, Жишпа жана Жоха – Бериянын уулдары.

17 Зебадия, Мешулам, Хиски, Хебер,

18 Жишмерай, Жизлия жана Жобап – Элпаалдын уулдары.

19 Жаким, Зихри, Забдий,

20 Элийенай, Силтай, Элиел,

21 Адая, Берая жана Шимрат – Шимейдин уулдары.

22 Жишпан, Эйбер, Элиел,

23 Абдон, Зихри, Ханан,

24 Ханания, Эйлам, Антотия,

25 Ипдея жана Пенуел – Шашактын уулдары.

26 Шамшерай, Шехария, Аталея,

27 Жаарешия, Эйлия жана Зихри – Жерохамдын уулдары.

28 Булар – уруу башчылары, өз уруусундагы башкы адамдар. Алар Иерусалимде жашап турушкан.

29 Гибондо гибондуктардын атасы жашаган, анын аялынын аты – Мааха,

30 анын тун уулу – Абдон, андан кийинкилери – Сур, Киш, Баал, Надап,

31 Гедор, Ахио, Зехер жана Миклот.

32 Миклоттон Шимей төрөлдү. Алар бир туугандарынын жанында, Иерусалимде бир туугандары менен бирге турушту.

33 Нейирден Киш төрөлдү. Киштен Шабул төрөлдү. Шабулдан Жонатан, Малки-Шуу, Абынадап жана Эшпаал төрөлдү.

34 Жонатандын уулу – Мерибаал. Мерибаалдан Миха төрөлдү.

35 Миханын уулдары: Питон, Мелех, Таарея жана Ахаз.

36 Ахаздан Жейада төрөлдү. Жейададан Алемет, Азмабет жана Зимри төрөлдү. Зимриден Мотса төрөлдү.

37 Мотсадан Бина төрөлдү. Бинанын уулу – Репая. Репаянын уулу – Элас. Эластын уулу – Атсел.

38 Атселдин алты уулу болгон, алардын ысымдары булар: Азрикам, Бохра, Ысмайыл, Шеярия, Обадия жана Ханан. Булардын баары – Атселдин уулдары.

39 Анын бир тууганы Эйшектин уулдары: туну – Улам, экинчиси – Жейуш, үчүнчүсү – Элипелет.

40 Уламдын уулдары жоокер, жаа тарткан адамдар болгон, алардын балдары, неберелери көп эле, саны жүз элүү. Алардын баары Бенжеминдин уулдарынан тараган.