1 Жылнаама | Ыйык Китеп онлайн - окуу жана изилдөө
меню

1 Жылнаама 5 Бөлүм

тез өтүү:

1 Ысрайылдын тун уулу Рубейиндин уулдары (Рубейин Ысрайылдын тун уулу болгон, бирок ал өз атасынын төшөгүн булгагандыктан, анын тунгучтугу Ысрайылдын уулу Жусуптун уулдарына берилген, ал санжырага тунгуч болуп жазылган эмес.

2 Жүйүт өз бир туугандарынан алда канча күчтүү болсо да, анын уруусунан жол башчы чыкса да, тунгучтук Жусупка ыйгарылган эле).

3 Ысрайылдын туну Рубейиндин уулдары: Ханох, Палу, Хесрон жана Карми.

4 Жоелдин уулдары: Шемая, Шемаянын уулу – Гок, Гоктун уулу – Шимей,

5 Шимейдин уулу – Миха, Миханын уулу – Рейай, Рейайдын уулу – Баал,

6 Баалдын уулу – Бейра, аны Ашур падышасы Тиглат-Пилесер туткундап кеткен. Ал рубейиндиктердин төрөсү болгон.

7 Уруулары боюнча, санжырасы боюнча анын бир туугандары: биринчиси – Жейел, анан Захария менен Бела.

8 Бела – Азаздын уулу, Азаз – Шеманын уулу, Шема – Жоелдин уулу. Ал Небо менен Баал-Мейонго чейин жаткан Аройерде жашаган.

9 Чыгышта болсо ал Эфрат дарыясынан бери жаткан чөлгө чейинки жерлерде жашаган, анткени Гилат жеринде алардын малы өтө көп болчу.

10 Шабулдун доорунда алар агрылыктар менен согушуп, аларды жеңип алышкан. Анан алар Гилаттын чыгыш тарабында, агрылыктардын чатырларында жашап калышкан.

11 Гаттын уулдары алардын каршысында, Салхага чейин Башан жеринде жашаган.

12 Башанда Жоел башчы болгон, Шапам экинчи, андан соң Жаанай менен Шапат турган.

13 Алардын бир туугандарынан жети уруу тараган: Михаел, Мешулам, Шеба, Жорай, Жаакан, Зия жана Эйбер.

14 Булар – Хуринин уулу Абыкайылдын уулдары. Хури – Жаройахтын уулу, Жаройах – Гилаттын уулу, Гилат – Михаелдин уулу, Михаел – Жешишайдын уулу, Жешишай – Жахдонун уулу, Жахдо – Бузанын уулу.

15 Абдиелдин уулу Аки өз уруусунун башчысы болгон. Абдиел – Гунинин уулу.

16 Алар Гилатта, Башанда жана анын карамагындагы шаарларда, Шарондун бардык аймактарынын четине чейин жашашкан.

17 Булардын бардыгы Жүйүт падышасы Жотамдын жана Ысрайыл падышасы Жаробамдын тушунда каттоого кирген.

18 Рубейин менен Гат уулдарынан, Менашенин жарым уруусунан калкан жана кылыч көтөргөн, жаа тарткан, согушууга үйрөтүлүп, майданга аттанган жоокерлердин саны кырк төрт миң жети жүз алтымыш болду.

19 Алар агрылыктар менен, Жетур менен, Напиш менен, Нодап менен согушкан.

20 Алар агрылыктар менен согушканда, жардам берилди, ошондо алардын колуна агрылыктар да, алардын бардык нерселери да салынып берилди. Анткени согуш учурунда алар Кудайга жалынышты, жардам сурашты. Ага таянышкандыктан, Ал аларды укту.

21 Алар агрылыктардын элүү миң төөсүн, эки жүз элүү миң майда жандыгын, эки миң эшегин, жүз миң адамын туткундап кетишти.

22 Бул салгылашуу Кудайдан болгондуктан, өлтүрүлгөндөр өтө көп эле. Өздөрү туткундалып кеткенче, алардын ордуна жашап турушту.

23 Менашенин жарым уруусунан тараган уруулар ошол жерде Башандан тартып, Баал-Хермонго чейин, Сенирге жана Хермон тоосуна чейин жашап турушкан. Алар да өтө көп болгон.

24 Алардын урууларынын уруу башчылары мына булар: Эйпер, Жиши, Элиел, Азриел, Жеремия, Одабия жана Жахдиел. Булар күч-кубаттуу, атактуу адамдар болгон, өз урууларын башкарып турган.

25 Бирок алар өз ата-бабаларынын Кудайына каршы күнөө кылышты, Кудай алардын алдынан кууп чыккан ал жердеги элдердин кудайларына табынып кетишти.

26 Ошондо Ысрайыл Кудайы Ашур падышасы Пулдун рухун жана Ашур падышасы Тиглат-Пилесердин рухун козгоду. Ал рубейиндиктер менен гаттыктарды жана Менашенин жарым уруусун туткундап, Халах менен Хаборго, Арага жана Гозан дарыясына алып кетти. Алар ошол жерлерде бүгүнкү күнгө чейин жашашат.