1 Дөөттүн Хеброндо төрөлгөн уулдары булар: тун уулу – Амнон, ал изрейелдик аялы Акинаамдан төрөлгөн; экинчи уулу – Даниел, ал кармелдик аялы Абигейилден төрөлгөн;
2 Үчүнчү уулу – Абышалом, ал Гешур падышасы Талмайдын кызы Маахадан төрөлгөн; төртүнчү уулу – Адония, ал Кагыттан төрөлгөн;
3 Бешинчи уулу – Шепатия, ал Абыталдан төрөлгөн; алтынчы уулу – Житреям, ал Эгладан төрөлгөн.
4 Анын бул алты уулу Хеброндо төрөлгөн. Ал жерде ал жети жыл, алты ай падышачылык кылган. Отуз үч жыл Иерусалимде падыша болгон.
5 Анын Иерусалимде төрөлгөн уулдары булар: Шима, Шобап, Натан, Сулайман. Бул төртөө Амиелдин кызы Бат-Шебадан төрөлгөн.
6 Дөөттүн дагы тогуз уулу болгон: Жибхар, Элишама, Элипелет,
7 Нога, Непек, Жапия,
8 Элишама, Элийада жана Элипелет.
9 Булар – Дөөттүн күң аялдарынан төрөлгөн уулдарынан тышкаркы уулдары. Тамар алардын карындашы болгон.
10 Сулаймандын уулу – Рехабам. Рехабамдын уулу – Абиям. Абиямдын уулу – Аса. Асанын уулу – Жошапат.
11 Жошапаттын уулу – Жорам. Жорамдын уулу – Ахазай. Ахазайдын уулу – Жааш.
12 Жааштын уулу – Аматсия. Аматсиянын уулу – Азария. Азариянын уулу – Жотам.
13 Жотамдын уулу – Ахаз. Ахаздын уулу – Хиския. Хискиянын уулу – Менаше.
14 Менашенин уулу – Амон. Амондун уулу – Жошия.
15 Жошиянын уулдары: туну – Жаахаз, экинчиси – Жайаким, үчүнчүсү – Ситкия, төртүнчүсү – Шалум.
16 Жайакимдин уулдары: Жайахин, Жайахиндин уулу – Ситкия.
17 Жайахиндин уулдары: Асир, Асирдин уулу – Шалтиел;
18 Малкирам, Педая, Шенатсар, Жекамия, Ошама жана Недабия.
19 Педаянын уулдары: Зоробабыл менен Шимей. Зоробабылдын уулдары болсо: Мешулам менен Ханания, алардын карындашы – Шеломит,
20 Зоробабылдын дагы беш уулу болгон: Хашуба, Ойел, Берекия, Хасадия жана Жушап-Хесет.
21 Хананиянын уулдары: Пелатия менен Ышайа. Анын уулу – Репая, анын уулу – Арнан, анын уулу – Обадия, анын уулу – Шехания,
22 Шеханиянын уулу – Шемая. Шемаянын уулдары: Хатуш, Игал, Бариах, Неярия жана Шапат – алтоо.
23 Неяриянын уулдары: Элийойнай, Хиския жана Азрикам – үчөө.
24 Элийойнайдын уулдары: Одабия, Элийашип, Пелая, Акуп, Жоханан, Делая жана Анани – жетөө.