1 Тир падышасы Хирам Дөөткө үй куруп бериш үчүн, ага элчилери менен кедр жыгачтарын, таш жонуучуларды, жыгач усталарды жөнөттү.
2 Ошондо Дөөт Теңирдин Ысрайылга падыша кылып бекемдегенин, өзүнүн эли Ысрайыл үчүн падышачылыгы жогору көтөрүлгөнүн билди.
3 Ал Иерусалимде дагы бир нече аял алып, дагы уул-кыздуу болду.
4 Анын Иерусалимде төрөлгөн уулдарынын аттары мына булар: Шамуя, Шобап, Натан, Сулайман,
5 Жибхар, Элишуа, Элпелет,
6 Нога, Непек, Жапия,
7 Элишама, Белиада жана Элипелет.
8 Пелиштиликтер Дөөттүн бүткүл Ысрайылга падыша болуп майланганын угушканда, түп көтөрүлө Дөөттү өлтүргөнү чыгышты. Дөөт муну укканда, алар менен согушканы жөнөдү.
9 Пелиштиликтер Репа уулдардын өрөөнүнө келип жайланышышты.
10 Дөөт Кудайдан: «Пелиштиликтерге каршы барайынбы, аларды менин колума салып бересиңби?» – деп сурады. Теңир ага: «Бар, Мен аларды сенин колуңа салып берем», – деди.
11 Алар Баал-Ператсимге бет алышты. Дөөт аларды ошол жерде талкалады. Ошондо Дөөт: «Кудай менин душмандарымды менин колум менен суу жарып киргендей талкалады», – деди. Ошондуктан бул жерди Баал-Ператсим деп аташты.
12 Пелиштиликтер ошол жерге өз кудайларын таштай качышты. Дөөт буйрук берип, аларды өрттөтүп салды.
13 Бирок пелиштиликтер кайрадан келип, өрөөнгө жайланышышты.
14 Дөөт Кудайдан дагы сурады, Кудай ага мындай деди: «Аларга түз беттеп барба, аларды айланып өтүп, тыт тараптан кир.
15 Тыт дарактарынын үстүнөн басып келе жаткандай болгон дабышты укканыңда, согушка кир, анткени пелиштиликтердин кошуунун талкалаш үчүн, Кудай Өзү сенин алдыңда чыккан болот».
16 Дөөт Кудай буйругандай кылды. Алар пелиштиликтердин кошуунун Гибондон Гезерге чейин кыйратышты.
17 Ошондо Дөөттүн ысымы бүт жер жүзүнө тарады. Теңир бардык элдерди Дөөттөн корко тургандай кылды.