1 Жылнаама | Ыйык Китеп онлайн - окуу жана изилдөө
меню

1 Жылнаама 23 Бөлүм

тез өтүү:

1 Дөөт картайып, өмүргө тойгон соң, уулу Сулайманды Ысрайылга падыша көтөрдү.

2 Анан ысрайылдыктардын бардык төрөлөрүн, ыйык кызмат кылуучуларын, лебилерин чогултту.

3 Отуз жаштагы жана андан жогорку жаштагы лебилер эсепке алынды. Аларды бирден санап чыкканда, отуз сегиз миң адам болду.

4 Алардын ичинен Теңирдин үйүндөгү иштерге жыйырма төрт миңи дайындалды, катчылары менен башкаруучулары алты миң болду.

5 Төрт миң дарбазачы, Теңирди мактап ырдоочу төрт миң адам дайындалды, алар Кудайды даңктоо үчүн, Дөөт жасаган күү аспаптарда ойношот.

6 Дөөт аларды Лебинин уулдары Гейиршонго, Каатка жана Мерариге өздөрүнүн кызмат кезеги боюнча бөлүп берди.

7 Гейиршон уулдарынан Ладан менен Шимейди бөлүп алды.

8 Ладандын уулдары: биринчи Жехиел, Зейтам жана Жоел – үчөө.

9 Шимейдин уулдары: Шеломит, Хазиел жана Аран – үчөө. Булар – Ладан уруусунун башчылары.

10 Шимейдин башка уулдары: Жахат, Зиза, Жейуш жана Берия. Бул төртөө – Шимейдин уулдары.

11 Жахат булардын башчысы болду, Зиза – экинчиси. Жейуш менен Берия көп балалуу эмес эле, андыктан алар атасынын үй-бүлөсү менен бир эсепке киришти.

12 Кааттын уулдары: Амрам, Житсар, Хеброн жана Узиел – төртөө.

13 Амрамдын уулдары: Арун менен Муса. Арун ыйыктын ыйыгына кызмат кылууга дайындалган, ал уулдары менен Теңирдин алдында жыпар жыттуу зат түтөтүп туруу үчүн, Ага кызмат кылыш үчүн, Анын ысымын түбөлүккө даңктап туруш үчүн бөлүнгөн.

14 Ал эми Кудайдын кишиси Муса жана анын уулдары Леби тукумуна кирген.

15 Мусанын уулдары: Гейиршом менен Элиезер.

16 Гейиршомдун уулдары: биринчиси – Шебуел.

17 Элиезердин уулу: биринчиси – Рехабия. Элиезердин мындан башка уулу болгон эмес. Рехабиянын уулдары өтө көп болгон.

18 Житсардын уулдары: биринчиси – Шеломит.

19 Хеброндун уулдары: биринчиси – Жерия, экинчиси – Амария, үчүнчүсү – Жахазиел, төртүнчүсү – Жекамам.

20 Узиелдин уулдары: биринчиси – Миха, экинчиси – Жишия.

21 Мераринин уулдары: Махли менен Муши. Махлинин уулдары: Элазар менен Киш.

22 Элазар дүйнөдөн өттү. Анын эркек балдары болгон эмес, кыздары эле бар болчу. Аларды өздөрүнүн бир туугандары болгон Киштин уулдары аялдыкка алышты.

23 Мушинин уулдары: Махли, Эйдер жана Жереймот – үчөө.

24 Булар – Леби уулдарынан тараган уруулар, уруу башчылар. Теңирдин үйүндө кызмат кылып турган, жыйырма жаштагы жана андан жогорку, аттары аталып эсепке кирген Леби уулдары ушулар.

25 Анткени Дөөт мындай деди: «Ысрайылдыктардын Кудай-Теңири Өз элине бейпилдик берип, аны түбөлүккө Иерусалимге жайгаштырды.

26 Эми лебилер жыйын чатырын жана андагы кызмат кылууда колдонулуучу ар кандай буюмдарды көтөрүп жүрүшпөйт».

27 Ошондуктан Дөөттүн акыркы буйругу боюнча, жыйырма жаштагы жана андан жогорку лебилер эсепке алынды.

28 Алар Теңирдин үйүнө кызмат кылуу үчүн, короодо жана кошумча үйлөрдө, бүт ыйык жайда тазалыкты сакташ үчүн, Кудайдын үйүндөгү ар кандай кызматтарды аткарыш үчүн, алар Арун уулдарынын кол астында болушат.

29 Алар Кудайдын алдына коюлуучу нанга, нан курмандыгына алып келинген буудай унуна, ачыткысыз нандарга, бышырылган, куурулган тамактарга, алардын өлчөмү менен салмагына көз салышат.

30 Алар ар күнү эртең менен жана кечинде Теңирге ыраазычылык билдирип, Аны даңазалап турушат.

31 Ар дайым Теңирдин алдында, мыйзамда жазылгандай, ишемби сайын, ай жаңырган сайын, майрам сайын Теңирге арналган бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкты өрттөгөн учурда кызмат кылышат.

32 Алар келишим сандыгын, ыйык жайды жана Теңир үйүндө кызмат кылып жаткан өз бир туугандары болгон Арундун уулдарын кайтарышат.