1 Жылнаама | Ыйык Китеп онлайн - окуу жана изилдөө
меню

1 Жылнаама 13 Бөлүм

тез өтүү:

1 Дөөт миң башылар, жүз башылар, бардык жол башчылар менен кеңешип турган.

2 Дөөт бүт ысрайылдыктарга мындай деди: «Эгерде силер ылайык көрсөңөр, эгерде бул биздин Кудай-Теңирибиздин эркине туура келсе, бардык жерге, бүткүл Ысрайыл жеринде жашаган биздин калган бир туугандарыбызга, ошондой эле ыйык кызмат кылуучуларга, лебилерге, алардын шаарларына, кыштактарына киши жиберип, аларды бул жерге чакыралы.

3 Кудайыбыздын келишим сандыгын өзүбүзгө көчүрүп келели, анткени Шабулдун тушунда биз ага кайрылган жокпуз».

4 Ошондо жыйналган элдин бардыгы: «Ошондой болсун», – дешти, анткени бул иш бардык элге туура көрүндү.

5 Ошентип, Дөөт Кудайдын келишим сандыгын Кирийат-Жейаримден көчүрүш үчүн, Мисирдин Шихорунан тартып, Хаматтын кире беришине чейин, бардык ысрайылдыктарды чогултту.

6 Кудайдын ысымы менен аталган, керуптардын үстүндө отурган Кудай-Теңирдин келишим сандыгын көчүрүп келиш үчүн, Дөөт менен бүткүл Ысрайыл Жүйүт аймагындагы Кирийат-Жейаримге жөнөдү.

7 Алар Кудайдын келишим сандыгын жапжаңы арабага салып, Абынадаптын үйүнөн алып чыгышты. Уза менен Акия арабаны айдап бара жатышты.

8 Дөөт менен бүт ысрайылдыктар Кудай алдында болгон күчү менен ыр ырдап, лира тартып, арфа чертип, дап кагып, жез табак кагып, сурнай тартып бара жатышты.

9 Алар Горен-Кидондун кырманына жеткенде, Уза келишим сандыгын кармап калыш үчүн колун суна койду, анткени өгүздөр келишим сандыгын кыйшайтып жиберишкен эле.

10 Ошондо Теңир Узага каарданды. Келишим сандыгына колун сунганы үчүн, аны өлтүрүп салды. Ал Кудай алдында, ошол жерде өлдү.

11 Теңир Узаны өлтүргөнү үчүн, Дөөт абдан кайгырды. Ал жерди Уза өлгөн жер деп атады. Ал жер бүгүнкү күнгө чейин ошондой аталат.

12 Ошол күнү Дөөт Кудайдан коркуп: «Кудайдын келишим сандыгын мен өзүмө кантип алып кетем?» – деди.

13 Ошентип, Дөөт келишим сандыгын өзүнө, Дөөттүн шаарына алып кетпей, аны гаттык Абет-Эдомдун үйүнө бурду.

14 Кудайдын келишим сандыгы Абет-Эдомдун үйүндө үч ай турду, Теңир Абет-Эдомдун үй-бүлөсүнө, анда эмне болсо, ошонун бардыгына батасын берди.