1 Шемуел | Ыйык Китеп онлайн - окуу жана изилдөө
меню

1 Шемуел 1 Бөлүм

тез өтүү:

1 Эпрайым тоосундагы Раматайым-Сопим шаарында Элкана аттуу эфраталык адам жашаган. Ал Жерохамдын уулу эле. Жерохам Эйлинин, Эйли Тохунун, Тоху Зуптун уулу болгон.

2 Элкананын эки аялы болгон: бирөөнүн ысымы – Анна, экинчисинин ысымы – Пенина. Пенинанын балдары бар эле, Аннаныкы болсо жок болчу.

3 Ал киши СебайотТеңирге табынып, курмандык чалуу үчүн, өз шаарынан жыл сайын Шилого барчу. Ал жерде Теңирдин ыйык кызмат кылуучулары Копни жана Пинехас деген Эйлинин эки уулу болгон.

4 Элкана курмандык чалган күндөрү аялы Пенинага жана анын бүт уул-кыздарына курмандык тамактан бөлүп берчү.

5 Аннага болсо өзгөчө бөлүгүн берчү, анткени Теңир ага бала бербегенине карабай, аны сүйчү.

6 Теңир Аннага бала бербегени үчүн, күндөшү аны дайыма капа кылып, аны наалыганга түртчү.

7 Ал жыл сайын Теңирдин үйүнө барганда, ушундай болчу. Пенина Аннаны ыза кылчу, ал ыйлап, тамак жечү эмес.

8 Ошондо күйөөсү Элкана ага: «Анна! Эмнеге ыйлайсың, эмне үчүн тамак жебейсиң, эмнеге кайгырасың? Мен сен үчүн он уулдан артык эмесминби?» – деди.

9 Алар Шилодо тамак жеп бүткөндөн кийин, Анна ордунан туруп кетти. Ошол убакта ыйык кызмат кылуучу Эйли ийбадаткананын кире беришинде отургучта отурган.

10 Аял кайгырып, көзүнүн жашын көл кылып ыйлап, Теңирге сыйынды.

11 Анан мындай деп убада берди: «Себайот Теңир! Эгер Сен Өз күңүңдүн кайгысына назарыңды салсаң, мени эсиңе алып, Өз күңүңдү унутпасаң, күңүңө эркек бала берсең, анда мен аны өмүрү өткөнчө Сага берем, башына устара тийбейт».

12 Ал Теңирдин алдында көпкө сыйынды, ошол убакта Эйли анын оозун карап турду.

13 Анна ичинен сүйлөп жаткан, анын эриндери гана кыймылдап, үнү чыкпагандыктан, Эйли аны мас деп ойлоду.

14 Эйли ага: «Масың качан тарайт? Соолук», – деди.

15 Анна мындай деп жооп берди: «Жок, мырзам, мен кайгыга малынган аялмын, шарап да, ичкилик да ичкен жокмун, Теңирдин алдында жүрөгүмдөгүнү төгүп жатам.

16 Күңүңдү начар аял деп ойлобо, себеби кайгы-капам оор болгондуктан, ушуга чейин сүйлөп жаттым».

17 Ошондо Эйли: «Тынчтык менен бар, Ысрайылдын Кудайы сураганыңды берсин», – деди.

18 Аял болсо: «Күңүң сенин алдыңда ырайым тапсын!» – деди да, өз жолуна түштү. Тамак ичти, жүзү мурдагыдай капалуу болбой калды.19Алар эртең менен эрте туруп, Теңирге табынышты да, Рамадагы үйүнө кайтып келишти. Элкана аялы Аннага жакындады, Теңир ал аялды эстеди.

20 Бир нече убакыттан кийин Аннанын боюна бүтүп, уул төрөдү да: «Аны Теңирден сурап алдым», – деп, ага Шемуел деген ат койду.

21 Күйөөсү Элкана бүт үй-бүлөсү менен Теңирге жыл сайын чалынуучу курмандыкты чалуу үчүн жана өз убадасын аткаруу үчүн кетти.

22 Анна болсо барган жок. Күйөөсүнө: «Мен баланы эмчектен чыккандан кийин алып барам, ал Теңирдин алдына барып, ошол жерде түбөлүккө калат», – деп айтты.

23 Күйөөсү Элкана ага: «Каалаганыңдай болсун. Ал эмчектен чыкканча кала бер, бирок оозуңдан чыккан сөздү Теңир Өзү аткарсын», – деди. Ошентип, аялы үйдө калды. Уулун эмчектен чыгарганга чейин эмчек сүтүн берип бакты.

24 Аны эмчектен чыгаргандан кийин, ал үч букачар, бир эйфа ун, бир чанач шарап жана баланы алып, Шилого, Теңирдин үйүнө келди. Бала болсо жаш эле.

25 Алар букачарды союшту. Эйлиге баланы алып келишти.

26 Анан аял: «О, мырзам! Өмүрүң узун болсун, мырзам! Баягыда ушул жерде, сенин жаныңда Теңирге жалынып сыйынган аял менмин.

27 Мен Кудайга ушул баланы сурап сыйынгам, Теңирим мага сураганымды берди.

28 Мен аны өмүрү өткөнчө Теңирге кызмат кылууга берем», – деди. Анан ал Теңирге ошол жерде ийилип таазим кылды.